Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Финляндиянын НАТОго кошулуу арызын Швецияныкынан өзүнчө карап, колдой турганын айтты. Буга расмий Стокгольмдун аскердик альянска кирүү үчүн Анкаранын талаптарын аткарбай жатканы себеп болгону айтылууда.
Бейшембиде Финляндиянын премьер-министри Санна Марин менен Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон Стокгольмдогу пресс-конференцияда эки өлкө биргелешип НАТОго кошулууга кызыкдар экенин билдиришти.
"Швеция маселе жараткан жери жок. Аны класстагы чыр баладай көрсөтүү аракети мага жакпайт",- деди Финляндиянын премьер-министри Санна Марин.
Ал аскердик альянс эки өлкөнүн тең мүчөлүгүн бекитиши керектигин белгиледи.
Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон Түркия менен болгон соңку чыңалууга токтолуп, Швециядагы чагым акциялар тууралуу пикирин билдирди.
"Биз бул кыймыл-аракеттерден кийинки көңүл калууларды түшүнөбүз жана бул маанайды тең бөлүшөбүз. Мен бардык шведдерге кайрылгым келет. Келгиле абалды тынчтандыралы. Биз үчүн НАТОго толук кандуу мүчө болуп кирүү маанилүү. Келгиле улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагына басым жасайлы".
"Швеция, убара болбо!"
Европалык аткаминерлердин мындай билдирүүсүнө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын соңку туруму себеп болду. 1-февралда Эрдоган Швециянын НАТОго кошулуу сунушун колдобой турганын айткан.
"Биз НАТОнун кеңейишине байланыштуу жараянга жана окуяларга кылдат көз салып турабыз. Швеция, убара болбо! Силер менин ыйык китебим - Курандын өрттөлүшүнө жол бере берсеңер, биз силердин НАТОго кирүүңөргө макулдук бербейбиз".
Эл аралык агенттиктер кабарлагандай 21-январда, исламга каршы көз караштагы Stram Kurs партиясынын лидери Расмус Палудан швед баш калаасындагы Түркиянын элчилигинин жанында акция уюштурган. Акцияда күрддөрдү колдогон ураан-чакырыктар айтылган.
Ошол эле күнү Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Швецияда Куранды өрттөгөн митингди кескин сынга алып, окуяны "эркиндикке таянып динге кол салуу" деп сыпаттаган.
Буга чейин Швециянын өкмөтү Стокгольм жана Копенгаген шаарларында Куран китебин өрттөгөн ашкере оңчул жана анти-исламчыл активисттин нааразылык акцияларына комментарий берүүдөн оолак болуп келген.
Шейшембиде Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон кырдаал боюнча үн катып, мындай аракеттерди жасаган айрым бир топтор Швецияга зыян келтиргиси келген күчтөрдүн оюнчугу экенин белгиледи.
Бирок ал кайсыл күчтөр тууралуу сөз болуп жатканын так айткан жок.
"Дин бул келишимдин бир бөлүгү эмес"
Ал эми Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билстрем бейшембиде "Швециянын НАТОго мүчө болуу милдеттери үч тараптуу келишимде абдан ачык жазылган. Дин бул келишимдин бир бөлүгү эмес", - деп билдирди.
Былтыр июнь айынын соңунда НАТОнун Испаниянын борбору Мадрид шаарында өткөн саммитинде үч өлкө биргелешкен меморандумга кол коюшкан. Анда Швеция менен Финляндия бир катар милдеттенмелерди алышкан, ал эми Түркия алардын уюмга киришине тоскоолдук жаратпай турганын билдирген.
Ондогон жылдардан бери нейтралитет макамын карманып келген Швеция жана анын коңшусу Финляндия НАТОнун курамына кирүүгө арызын Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй, 2022-жылдын май айында берген.
Арызды канааттандыруу үчүн протоколду НАТОнун бардык мүчөлөрү – 30 өлкө ратификациялашы зарыл. Азырынча макулдугун 28 өлкө берди. Венгрия жакынкы арада ратификациялайт деп болжолдонууда.
Түрк бийлиги Швеция менен Финляндияга айрым шарттарды койгон. Алардын арасында бир катар күрд уюмдарын террордук бирикме деп жарыялоо, Анкарага курал-жарак сатууну тыйган чечимди жокко чыгаруу, Түркияда терроризм үчүн айыпталып, Швецияда жана Финляндияда баш калкалап жүргөн айрым күрд жана оппозициялык ишмерлерди түрк бийлигине өткөрүп берүү деген талаптар бар.
Былтыр жыл соңунда Швециянын Жогорку соту Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыпталып жаткан журналистти экстрадициялоо тууралуу Анкаранын өтүнүчүн канааттандырбай койгон. Түрк бийлиги бул чечимге нааразылыгын билдирген.