Акыркы бир суткада эле орус күчтөрү Украинанын аймагына 27 жолу абадан сокку урду. Эки өлкө тең Бахмут шаарынын жанына аскер күчтөрүн топтоп, айыгышкан салгылашуу уланып жатат.
Ал арада Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Батыш өлкөлөрү жана НАТО Украинага аскердик жардам көрсөтүп, дүйнөнү өзөктүк согушка карай жетелеп баратканын айтып, Орусия жөн турбасын айтып коркутту.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматы боюнча, 21-январда өлкөгө абадан 27 сокку жана бир ракета атылган. Аткылоо тууралуу 55 билдирүү катталган. "Жанкечти" дрондор менен ракеталар Украинанын бардык аймактары үчүн негизги коркунуч болуп калууда.
Украин армиясы билдиргендей, бир нече жумадан бери катуу салгылашуулардын чордонуна айланган Бахмут шаарында орус армиясы авиацияны ургаалдуу колдонууга өттү, бирок Украинанын башка аймактарында коргонуу позициясын ээлеп турат.
Орусия Украинага эч кандай себепсиз басып киргенден 11 айдан ашык убакыт өткөндөн кийин салгылашуу Бахмутта, Украинанын түндүк-чыгышында жана түштүктөгү Запорожье облусунда күч алып, бул аймактарга эки тарап тең ири аскер күчтөрүн топтошкон.
Орусия Украинанын Донбасс аймагынан тышкары да масштабдуу операцияларга даярданып жаткандай. Ал эми Киев Батыштагы өнөктөштөрүн көбүрөөк курал-жарак берүүгө, анын ичинде оор танктар менен камсыздоого чакырды.
Британ чалгындоо кызматынын маалыматына караганда, жакында эле жарыяланган аскердик реформалардын негизинде Москва согуш болуп жаткан Украинанын аймагынын сыртында да кеңейтилген аскердик коркунучтарга туруштук берүүгө камынууда.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу реформалардын алкагында үч жылдын ичинде армия 1,5 миллион адамга көбөйөрүн, эки аскер округу калыбына келтирилерин билдирген.
Британиянын чалгындоо кызматы буга комментарий берди.
“Бул пландар “орус жетекчилиги аскер коркунучу азыркы Украинадагы согуштан кийин да көп жылдар бою сакталып кала берерин божомолдоп жатканынан кабар берет”, - британ чалгын кызматы Орусия пландалган экспансияны кадрлар менен камсыз кылууда жана жабдууда кыйынчылыкка туш болушу мүмкүн экенин айтты.
Ал арада Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин 22-январда өзүнүн Telegram каналына Батыш өлкөлөрүн "глобалдык апаат" жана "кыйратуу" менен коркуткан билдирүү жарыялады. Анын билдирүүсүнөн Орусия өзөктүк курал колдонушу ыктымал экендигин түшүнсө болот. Мындай коркутууга Украинага Батыштан келген курал-жарактын көлөмүнүн көбөйүшү себеп болду.
"Эгер Вашингтон жана НАТОго мүчө өлкөлөр тынч жаткан шаарларга сокку урчу курал-жарак берип, биздин аймактарды басып алууга аракеттенсе, буга жооп катары андан да күчтүү курал колдонуу чарасы көрүлөт. Вашингтон жана Брюссел өз чечимдери менен дүйнөнү болуп көрбөгөндөй согушка жетелеп баратат: Бүгүнкүдөн таптакыр айырмаланган согуш болчудай", - деп жазды Вячеслав Володин.
Володин АКШ жана Европа өлкөлөрү Украинаны колдоп жаткандыктан, өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгын айткан Орусиянын үчүнчү мамлекеттик ишмери болду. Буга чейин Дмитрий Медведев жана Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов дал ушундай мазмундагы билдирүүлөрдү жасашкан эле.
Кремлге жакын адамдар "аймактык бүтүндүккө коркунуч" деп 2014-жылы жана 2022-жылы Украинанын Орусия басып алган аймактарын айтып жатат. Орусия бул аймактарды өз курамына кошуу боюнча референдум өткөргөн. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү референдум жыйынтыгын тааныган эмес жана аталган аймактарды Украинага караштуу деп эсептейт.
Орус президенти Владимир Путин жакында эле Орусиянын өзөктүк доктринасы жөнүндө сөз кылып жатып буларды айткан:
“Эгер Орусия өзөктүк куралды биринчи болуп колдонбосо, анда экинчи болуп деле колдонбойт”, - деген Путин өзөктүк куралды алдын ала колдонуу аны жооп катары колдонуудан алда канча натыйжалуу болорун кыйыткан.
Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө караганда, Москва кыйратуучу куралды Украинага гана эмес, Батыш өлкөлөрүнө да каршы колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.
АКШ жана анын өнөктөштөрү Орусияны расмий жана бейрасмий түрдө Украинага каршы өзөктүк курал колдонбоого чакырып келатат.