20-июлда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш дагы күчөтүлөрүн билдирип, андай топтордун башчыларын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.
Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш майнаптуу жүрүп жатабы? Бул жагынан бизге кайсы өлкөнүн өрнөгү ылайык келет? Биздин суроолорубузга Лондондогу Падышалык коллежге караштуу Орусия институтунун изилдөөчүсү, Уюшкан кылмыштуулук индексинин авторлорунун бири профессор Александр Купатадзе жооп берди.
- Уюшкан кылмыштуулук индексинде 193 өлкөдөгү абал талдоого алыныптыр. Соңку рейтингдеги Кыргызстанддын орду 5,33 деп көрсөтүлүптүр. Борбор Азияда кылмыштуулуктун деңгээли Казакстанда (4,27) эң төмөн , эң жогорку Тажикстанда (5,62) экен. Бул эмнени билдирет? Дегеле сиздин пикириңизде Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш канчалык майнаптуу болуп жатат?
- Бул көрсөткүч Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук жогору дегенди билдирет. Демек, кылмыштуу топтор, мафия өңдүү уюмдар, башка кылмыштуу түйүндөрдүн таасири күчтүү. Ошол эле маалда мамлекеттин бул көйгөйдү чечүүгө мүмкүнчүлүгү же эрки аздай көрүнөт. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук менен чындап күрөшүп жатканын байкаган жокмун. Регионду алып карасак, балким, Казакстандагы абал башкаларга салыштырмалуу жакшыраак. Бирок ал өлкөдө башынан эле кырдаал айырмаланчу. Калган өлкөлөрдө бул багытта өзгөрүүлөр байкалбайт. Маал-маалы менен коррупция, кылмыштуулук менен күрөштүн жаңы стратегиялары жарыяланып келет. Бирок иш жүзүндө андай чаралар чектелип калууда. Бийликтегидер атаандаш топтордун, саясий оппоненттерин колдогон кылмышкерлердин артынан түшөт. Иш ошону менен бүтөт.
Негизинен кеп мыйзамсыз рынокту бөлүштүрүү, көзөмөл чөйрөсүн талашуу жөнүндө. Постсоветтик өлкөлөрдүн шартында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн түрмөгө камап койсо эле ал жазасын алат дегенге болбойт. Анткени уюшкан кылмыштуу топтор советтик абактарда жаралган. Биринчи кезекте ГУЛАГды атаса болот. Андай топтордун мүчөлөрү темир тор артында өздөрүн абдан жакшы сезет. Мисалы, Камчы Көлбаевди түрмөгө отургузуу ал жазаланды дегенди билдирбейт. "Сен абакта отуруп тур" деп келишип алышкандай, ал болсо эркиндикте жүргөндөгү иштерин ошол жактан уланта берет. Түрмөдө ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул жагынан Борбор Азиядагы жазалоонун мааниси башка жерлерден айырмалант.
Дагы караңыз "Өз ара таасир талашууда". Кен байлыктарга кынык алган уюшкан топтор- Анда кримтөбөлдөрдү, кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кантип жазалаш керек?
- Аларды катуу кайтарылган абактарга камаса, сырткы дүйнө менен байланышы жок болсо, мобилдик телефондоруна уруксат берилбесе, бул чындап жазалаптыр деп ишенип калмакмын, чыныгы күрөш жүрүүдө деп билмекпиз. Бирок андай болгон жок.
- Сиз жакында берген интервьюлардын биринде "көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Кыргызстан же Казакстан болобу, саясатчы, бизнесмен же кылмышкер ортосунда айырмалай билүү кыйын эле" деп айткан элеңиз. Азыр абал өзгөрдүбү?
- Азыр алардын ортосундагы айырма аныгыраак болуп калды. Бирок учурда деле ишкерликке аралашкан, бизнесин кылмыштуу топ мүчөлөрүнүн жардамы менен жүргүзгөн, кылмышкерлерге акча төлөп турган депутаттарды көрүүгө болот. Кээде алардын кол астындагыларды, же көмүскөдөн чыкканы болсо, кримтөбөлдөрдүн өздөрүн колдонушат. Борборазиялыктар эгемендикке жеткенине 30 жылдан ашты. Эми кримчөйрөдө жүрүп депутат болгондор азайды. Кыскасы, жогоруда айтылган айырма даанараак болуп калды. Бирок келишип алуу маселеси дагы эле кала берүүдө.
- Демек, кылмыштуу топтордун табияты өзгөрдүбү?
- Сөзсүз эле табияты өзгөрдү деп айта албайм. Алардын иш алып баруусу өзгөрдү. Эми мурдагыдан мыйзамдуурак көрүнүшөт. Айтайын дегеним, кылмыштуу ишмердигин жарым-жартылай мыйзамдаштырып алгандай. Мисалы, мурда опузалап рэкеттик кылышса, фирма, компаниялардын акцияларын кылмыштуу жол менен күчкө салып алып коюшса, азыр рейдерликке, кимдир бирөөнүн ишкана, бизнесин тартып алууга өткөн. Бир караганда, жаңы ыкмалары мыйзамдуурак көрүнөт.
- 20-июлда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топтордун башчыларына кайрылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Күрөштүн мындай жолу канчалык майнаптуу? Баса, Грузияда да бир нече жыл мурун ушундай чакырык жасалган. Грузия "каралар" менен күрөштө Кыргызстан үчүн үлгү болуп бере алат деп айтылып келген. Дагы эле ошондойбу?
- Кримтөбөлдөрдү чыгарып жиберүүдөн эч кандай майнап чыкпайт. Алар алыстан деле өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин уланта берет. Грузияны алсак, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү тажрыйбасынан үлгү алса болот. Алар абдан жакшы реформаларды ишке ашырган. "Мыйзамдагы уурулар" бир топ таасиринен ажыраган. Ооба, айткандай эле жакшы мисал. Экинчи жагынан, Грузияда деле кандай чара көрүлбөсүн, алар баары бир чектелүү экенин байкаса болот. Алсак, кылмыштуу топтор менен кызматташтык болбосо, абактарда отургандарды көзөмөлдөө, тескөө кыйын. Грузияда жаза өтөө системасынын, абактардын жетекчилери кээ бир учурларда ал жакта отургандарга таянат. Натыйжада толук көзөмөл орнотушкан. Андай болсо да, эң жакшы деген реформалар чектелүү, 100 пайыз натыйжа бере албайт дегенди көргөзүүдө.
Башка үлгүлөрдү алсак, Армениянын премьер-министри Николь Пашинян бийликке келгенден бери Грузия жасаган реформаларды ишке ашырууда. Бирок алардан айырмаланып эволюциялык жолду тандап алышкан. Грузияда ыңкылаптан кийин дароо жана чечкиндүү күрөш башталган болчу. Постсоветтик мейкиндиктен Грузия менен Армениянын үлгүсү алгылыктуу. Аларга Молдованы да кошуп кетет элем. Бирок Молдова кылмыштуулукка байланышкан мындай көйгөйлөр комүскөдөгү уюшкан топтор, мафия маселеси курч турган эмес. Буга карабай алар дагы бир топ реформаларды жүргүзүүдө.
Дагы караңыз Бийлик "караларды" кантип ооздуктайт?- Уюшкан кылмыштуулукка Кыргызстанда негизинен кимдер аралашат?
- Дүйнөлүк индексте айтылгандай, бир жагынан мафиядай болуп уюшкан топтор, "мыйзамдагы уурулар", салттуу кылмышкерлер бар. Андан тышкары, мамлекет менен байланышкан субъектилерди атоо зарыл. Постсоветтик аймакта алардын ролу, салымы чоң болот деп ойлойбуз. Алар негизинен мамлекеттик кызматта отурган, ошол кызматынан кыянат пайдаланып, мыйзамсыз киреше тапкан адамдар. Кыргызстанда, Борбор Азияда ошол мамлекет менен байланышкан субъектилерди эске албастан уюшкан кылмыштуулуктуг табиятын аңдап түшүнүү мүмкүн эмес. Мисалга, маңзат аткезчилигин алсак. Көп учурда күч түзүмдөрүнүн мурдагы же учурдагы расмий өкүлдөрү аткезчилик менен алектенген "караларды" калкалоо же өздөрү түздөн-түз аралашуу менен ошол мыйзамсыз иштерде маанилүү роль ойнойт.
Анан түрдүү формадагы кылмыштуу түйүндөрдү унутпаш керек. Мисалы, жеке менчик компания, мурдагы өкмөттүк аткаминерлер, мыйзамсыз иш жүргүзгөн ишкерлер болушу мүмкүн. Кыргызстанда Кытайдан товарларды аткезчилик жолу менен алып келип турган кытайлык уйгурлардын түйүнү бар. Чет өлкөдөн келген топторду да бул тизмеге кошуу зарыл. Кыргызстанда бул маселе курчуп кеткен деп ойлобойм. Бирок орусиялык, атүгүл грузиялык, борборазиялык кылмыштуу уюмдар менен байланышта болгондор жок эмес.
Дагы караңыз Кочкордогу окуя: милиция менен криминалдын "байланышы"- Уюшкан кылмыштуу топтор демократиялык процесстерге кандай таасир тийгизет?
- Ошондой топтор шайлоолордо кандайдыр бир роль ойногонун жакшы билебиз. Кыргызстан өңдүү өлкөлөрдө шайлоодо "караларга" таянган саясатчылар бар экени жашыруун эмес. Аларды атаандаштарын, калган талапкерлерди коркутуу, опузалоо үчүн колдонушат. Кээде атүгүл шайлоо кампаниясын каржылоого уюшкан топтордун акчасын пайдаланган учурлар кездешет. Башка бир мамлекеттерде, мисалы, Тажикстанда шайлоолор саясий өзгөрүүлөрдү алып келбейт. Ал жакта башкаруудагы режимдин же бир үй-бүлөнүн монополиясы орногон, алар кайсы бир деңгээлде мыйзамсыз рынокту да көзөмөлдөшөт. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштары бар адамдардын Жогорку Кеңешке шайланган учурларды да билебиз. Үгүт иштеринде спортчуларга, караларга таянган саясатчыларды мисал келтирсе болот.
- Уюшкан кылмышкерлер менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолун атай кетесизби?
- Эң биринчи кезекте коррупцияны ооздуктоо зарыл. Мамлекеттик органдардын ачык-айкын иштөөсүн камсыздаш керек. Тигил же бул жол менен уюшкан кылмыштуу топторго саясатчылардын аралашуусуна жол бербөө зарыл. Кылмышкерлер менен күрөшүүнүн белгилүү бир ыкмасы жок. Ал үчүн терең өзгөртүүлөрдү жүргүзүш керек. Себеби кеп тиешелүү мыйзамдарды чыгаруу же милицияны реформалоодо эмес. Уюшкан кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүү үчүн саясий экономиканы, саясатты түп тамырынан өзгөртүү зарыл.