Токмок шаардык кеңешинин депутаты "бейбаштыкка" шектелип кармалып, үйүнөн травматикалык тапанчанын огу табылганы кабарланды. Шаар мэри Урмат Самаевдин жакын адамынын кармалышына "Яндекс GO" такси кызматынын кеңсесине барып коркутуп, анын шаардан чыгып кетүүсүн талап кылганы себеп болду. Бул окуя криминал менен бийликтин мамилесине байланышкан талкууга жем таштады.
Чүй облустук милициясы 9-мартта Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев кармалганын, анын үйүн тинтүү учурунда травматикалык тапанчанын октору табылганын билдирди. Анын кармалышына 26-февралда өзүн шаардык администрациянын өкүлү деп тааныштырган адамдар Токмоктогу “Салтанат Кейджи” ишканасынын кеңсесине барып, "Яндекс GO" такси кызматынын шаардан чыгып кетүүсүн талап кылып, коркутушканы себеп болгон. Ошол эле күнү ишкананын өкүлү Бишкектин Свердлов райондук милициясына арыз менен кайрылган. Райондук милиция бул фактыны териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөткөн.
“Токмок шаардык ички иштер бөлүмү аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 208-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө "Салтанат Кейджи" ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар "Яндекс Go" такси кызматынын Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышканы такталып, кеңсеге келген жарандардын аты-жөнү толук такталган. Учурда тергөө уланууда”, - деп айтылат облустук милициянын маалыматында.
"Яндекс GO" кызматы бул жерде кеп "кызматкери жөнүндө эмес, компаниянын шаардагы өнөктөшү тууралуу болуп жатканын" тактап, ага дароо укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталганын, такси кызматы 6-марттан бери кадимкидей иштеп жатканын билдирди.
Кайрат Чокеев ким?
Кайрат Чокеев 2021-жылы Токмок шаардык кеңешине “Вместе-Бирге” партиясы менен депутат болуп келип, көпчүлүк коалицияны жетектеп калган. Ал шаар мэри Урмат Самаев менен “көп жылдан бери бир командада экенин” 2021-жылы өзү ырастаган. Ага чейин, ошол эле жылы 1-декабрда анын ысымы “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге болгон кол салууда да айтылган.
Шаардык кеңештин дагы бир депутаты Чолпон Сыдыкова да алардын жакын экенин айтып, жогорудагы окуяга мэрдин да тиешеси бар деген оюн билдирди.
“Ал тарапташы, (ред: Урмат Самаевдин) досу, жалпы бизнестери бар. Токмокто баарын эле коркутуп, “кармап жүргөн” бала. Алар Токмоктогулардын баарын коркутуп алышкан. Алардын мамилеси Бишкектен келгендер үчүн жапайычылык катары көрүлүп, милицияга кайрылышты. Алардын арты менен проблема ачыкка чыкты. Жергиликтүүлөрдөн бирөө да арыз жазбайт. Чала спортчулардын, боксчулар, футболчулардын бүт баары ошолордун колунда. Укук коргоо органдары да алардын уруксатысыз кыймылдабайт. Азыр ротация болуп келген прокуратуранын жетекчиси, сот ротация менен келгени үчүн көз карандысыз болуп жатат”, - деди Сыдыкова.
Самаевди кылмыш дүйнөсүнө жана жүк аткезчилигине тиешеси бар экенин айткандар буга чейин да болгон. 2019-жылы кыргыз-казак чек арасында аткезчилик менен алектенген эки топ жаңжалдашып, ок тийди деген Аскат Үсөнов аттуу жаран видеокайрылуу жасап, Урматбек Самаевди ачык күнөөлөп, президенттен жардам сураган. Ал өзүн Самаевдин жакын тууганы Дастан Бейшенкулов травматикалык тапанча менен атканын билдирген.
Чүй милициясы бул фактыны "Бейбаштык" беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Жаңжалда аты аталган Дастан Бейшенкулов, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев, Аскат Үсөнов жана Нурлан Шакиров аттуу жарандар суракка алынган.
Кийинчерек Аскат Үсөнов жана травматикалык тапанча менен атты деген Дастан Бейшенкулов камакка алынган. Чүй облустук милициясынын ошол кездеги жетекчилиги чыр-чатак чек арадан товарларды жана күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүдөн чыгып жатканын айткан жайы бар.
"Криминалдык аракеттер болсо өзүм да чара көрөм"
Самаев өзү тууралуу депутат айымдын айткандары чындыкка дал келбей турганын, Чокеев буга чейин эч кандай кылмыштуу иштерге аралашпаган, шаардын маселесин көтөрүп жүргөн депутат экенин айтты. Ал Чокеевдин “буга чейин мыйзамдуу түрдө алып, кийин сатып жиберген травматикалык тапанчасынын огунун табылышын трагедия көрбөш керек" деген ойдо.
“Ага чейин деле шаарыбызда алты граната, тапанча, АВС табылды. Биз келгенге чейин шаардык милиция кылмыштын изин ачууда облус боюнча 8-орунда болгон экен. Азыр биринчи же экинчи орунда турабыз. Бул биздин ишибиздин көрсөткүчү. Шаарда криминал бар же жок деп айта албайм. Бирөө бирөөнү коркутуп же акчасын алып жатканы боюнча эч уга элекмин. Уга турган болсом, өзүм да чара көрөм”, - деди Самаев.
Ал "Яндекс GO" такси кызматына байланыштуу маселеси боюнча маалымат алганын, анын жетекчилери менен да жолугууга аракет кыларын билдирди.
Президент Садыр Жапаров 4-мартта бир катар аким-мэрлерди жумуштан алып, сөгүш жарыялаган. “Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнөн, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигинен улам төмөн баа алганы үчүн” сөгүш алгандардын катарында Урмат Самаев да болгон.
"Чемпион" деген каймана аты бар Самаев 2016-жылы парламентке Токмоктун мурдагы мэри, депутат Канат Исаев жетектеген “Кыргызстан” партиясы менен келген. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов артында турганы айтылган “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан.
Ал шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” Токмок шаарында биринчи орунду алган.
Самаев парламенттик шайлоонун эртеси чыккан тополоңдон кийин Садыр Жапаровду колдогон депутаттардын катарында болгон.
Ошол кезде депутат Аида Касымалиева 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында Урмат Самаев депутаттарды коркутканын билдирип чыккан. Анда дагы Самаев Касымалиеванын билдирүүсүн төгүндөгөн.
Токмокто Казакстан менен чек арадан күйүүчү майларды жана ар кандай товарларды аткезчилик менен ташып кирүү жана ага криминалдардын таасири тууралуу маселе буга чейин да көтөрүлүп келген. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурда милиция тармагында иштеген Туратбек Мадылбеков Токмок Кыргызстан эгемендик алгандан кийин эле криминалдар чыккан шаар болгонун айтты.
“Азиз Батукаев да Токмоктон чыккан, кийин кыргыз балдардан да аралашып жүргөндөрү көп болду. Соңку жылдары криминалга аралашып жүргөндөр айылдык, шаардык, керек болсо Жогорку Кеңешке чейин келип, жетекчи кызматтарды да аркалаган учурлар болду. Бул жерде эң биринчи укук коргоо органдары биргелешип, иштеши керек. Эгер шаардык милиция жетишпей жатса, облустук башкармалыкты да тартып, абалды иликтеп көрсө болот. Мындай баш көтөрүүлөр күч органдары менен криминалдар чырмалышып кеткенде болот”, - дейт.
Ички иштер министрлиги буга чейин уюшкан кылмыштуу топтор менен кызматташкан саясатчы, ишкерлер да бар экенин билдирип, бул багытта иш алып бара турганын айткан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин ("Уюшкан топторду кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") негизинде жоопко тартылат.
Расмий маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү каттоодо турат. 2022-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган.