Мотуевдин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Нурлан Мотуев.

Кыргызстанда мурдагы саясатчы Нурлан Мотуевдин сабалышы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Аны 18-сентябрь күнү Бишкек шаарынын чок ортосунда белгисиз адамдар сабап кеткен. Мотуевдин өзү бул окуяга криминалдык чөйрөнүн башчысы делген Камчы Көлбаевди күнөөлөп, муну кримтөбөлдү сындап чыкканы менен байланыштырууда.

Нурлан Мотуев аны сабагандар асынып жүргөн баштыгындагы телефонун, документтерин жана 32 миң сом акчасын алып кетишкенин айтууда. Ал болгон окуяны атайын уюшулган иш деп эсептейт.

Нурлан Мотуев ооруканада. 18-сентябрь, 2022-жыл.

"Москва-Сүйөркулов көчөсү менен күн батышты карай бараткам. Он беш метр баскандан кийин эле шойкомдуу кыймыл-аракеттерди байкап калдым. Оң жагымдан 4-5 машина келип токтой калды дагы, беткапчан адамдар түштү. Аркамда келатканы бейсбол таягы (бита) менен желкеме чапты. Кулап баратып, кайра тура калдым. Анан эле баары жабыла бетке-башка тепкилеп киришти. Бир орус аял чаңырып, кыргыз киши кыйкырып жиберди. Мени сабап аткандар тапырап машинага түшө калып качып кетишти. Бул жерде 2-3 версияны айтсам болот. Биринчиси, Камчы Көлбаев – ошол кылышы мүмкүн. Экинчи версия – Баткенде кыргыз-тажик кырылышып атканда, мен билбеген душмандар чуулганга аралашып жасап жибериши мүмкүн. Анткени, бул жерде буйрук болгону даана болуп турат. Үчүнчүсү, тажиктер болушу мүмкүн, айтып атам го машинадан түшүп келатканда көздөрү бакырайып тажиктерге окшошуп кетти. Анткени тажиктер тууралуу дагы бир жылдан бери айтып эле келатам".

Дагы караңыз Кыргызстанда террордук топтор жандана баштадыбы?

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакыртылып, сабалган Мотуев ез жардам унаасы менен Улуттук госпиталга жеткирилген.

"Бейтап Нурлан Мотуев 18-сентябрда саат 13:45те түшкөн. Келери менен биздин кабыл алуу бөлүмүндө башындагы жараатын тигип, алгачкы хирургиялык дарылоо менен жаткан. Баш мээси чайкалып, сол бет-жаак сөөктөрү бүт сынып калган. Мурун сөөгү, бет сөөгү, үстүңкү ээги бүт сынып, тытылган. Азыркы абалын орто десек болот. Шишиктери акырындап тарай баштады, кандын агышы токтоду. Бет-жаагын хирургия карап, сынган сөөктөрүн операция кылуу керек деп айтып атышат", - деди Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнүн дарыгери Канимет Жылмакеев.

Окуя боюнча Кылмыш-жазык кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн бири кармалганы маалым болду. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын инспектору Адинай Шаршеева кармалган жаран Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган тургуну экенин, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирди.

"Ал унаа уурдаганы үчүн жана каракчылык кылгандыгы үчүн жоопко тартылып, 2014-жылы Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскердеги №32 колониясына чыгарылган. Ал Нурлан Мотуев менен 2016-жылы Кызыл-Аскердеги №32 колониясынан таанышкандыгы белгилүү болду. Алгачкы ыкчам тергөө процессинин жүрүшүндө кармалган адам менен Мотуевдин ортосунда келишпестик пайда болуп, андан өч алуу максатында эки тааныш баласы менен келген. Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен Н. Мотуев келе жатканда сабап, барсеткасын алып кеткендигин суракта билдирди. Кылмышка шектүү жаран Мотуевди алты жылдан бери абдан жакшы тааныгандыгы, жашаган жерин билгендиги, аны сабап кетүүгө Нурлан Мотуев өзү себепкер экени, негизги маселе ортодогу келишпестиктен улам өч алуу максатында чыкканы аныкталды".

Дагы караңыз “Бийлик уюшкан кылмыштуу топторду шайлоодо пайдаланчу”

Нурлан Мотуев кармалган адамды кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деп атады. Бирок укук коргоо органдары мындай маалыматты ырастай же төгүндөй элек.

Активисттин иниси, журналист Нурдин Мотуев өлкөдө кылмыштуулук күчөп, эркин жашоо мүмкүнчүлүгү азайып баратканын айтат.

Нурдин Мотуев

"Ушундай замандарды өтпөдүк беле. Ушинтип сабап, өлтүрүп, тоноп кеткен президенттер бүгүн каякта жүрүшөт? Бир баскан кетменди кайра эле басып атабыз. Негизи коомчулук мындай көчөдөн уруп-согуп кетет деген нерсени таптакыр жокко чыгарыш керек. Мындай нерсе болбошу керек. Биз адам укугун сактаган, мыйзамдуу, укуктук өлкөдө жашап атабыз да. Ушундай жапайы көрүнүштөрдү токтотуш керек. Мен бул боюнча президентке кайрылуу жасадым. Коомду криминалдан, ушуга окшогон терс көрүнүштөн арылтмайынча болбойт, бул боюнча чечкиндүү чара көрүлмөйүнчө болбойт. Эгерде бийликтин алы келбесе, анда эл өзү токтотот".

Нурлан Мотуев 2005-жылы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын жетектеген. 2009-жылы Кыргызстандын президенттигине ат салышкан. 2014-жылы Акыйкатчы кызматына талапкерлигин койгон. 2016-жылдын 29-августунда ага "террордук иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга чакыруу" жана "улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу" айыбы тагылып, жети жылга эркинен ажыратылган.

Дагы караңыз Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштөн майнап чыгабы?  

2018-жылы жатак-абагына которулуп, 2021-жылдын январь айында Жогорку сот жаза мөөнөтүнүн бир жылын кыскарткан. Арадан дагы бир ай өтүп, 23-февралга карата берилген мунапыска туш келип, толук эркиндикке чыккан.

Учурда ал социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу абак турмушу, криминалдык чөйрөнүн иш-аракеттери тууралуу видео жаздырып, саясий окуялар боюнча пикирлерин айтып, жазып келе жатат.

Криминалдык теманы чагылдырып жүргөн журналист Семетей Талас уулу Мотуевдин окуясы Кыргызстанда криминалдык чөйрө ээн-эркин, тымызын бийлик жүргүзүп калганын билдирет деген пикирде.

Семетей Талас уулу

"Кебетесин карачы, жанчып салышыптыр. Мотуев өзү "Көлбаевдин балдары экен, мен тааныдым бирөөнү, бул ошонун эле буйрутмасы экен" деп так эле айтты. Бул эмнени билдирмек эле – криминалга катуу сүйлөгөндөргө ушундай мамиле кылабыз дегендин белгиси бул. Ушундай сабап кетүүлөр негизи ар бийликтин тушунда болгон. Бирок, ар бир бийликтин тушунда чара көрүлгөнү, чара көрүлбөгөнү бар болчу. Муну камадык деп атат, эми акырына дейре чара көрүлүшү керек. Мамлекеттин масштабдуу планы, күрөшөйүн деген ниети жок болсо, булар ушинтип гүлдөп-ойноп жүрө берет, синдикат кылышат. Криминалдык чөйрө бизде синдикат, күрөшкөнгө мамлекеттин күчү жетпейт. Мамлекеттин булар менен күрөшкөн саясаты туура эмес".

Дагы караңыз Милиция майда кылмыштуулук күчөгөнүн танбайт

2020-жылдын январь айында иликтөөчү журналист Болот Темировду да белгисиз адамдар көчөдөн сабап кетишкен. Журналист аны коркутуп коюу максатында сабаган болушу мүмкүн деген пикирин жарыялаган. Сабагандар милиция тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тарабынан алардын ар бири 50 миң сомдон айып пулга жыгып, 2,5 жыл жаза мөөнөтүн берген.

Сентябрь айында Улуттук коопсуздук комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү делген бир катар шектүүлөрдү кармаган. Болот Темиров кармалгандардын арасынан 2020-жылы өзүн сабагандарга буйрутма берген Бекзат Дөлөтбек уулу аттуу адамды тааныганын билдирген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

Соңку кездери укук коргоо органдары кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобуна таандык делген бир катар шектүүлөрдү кармаганын жар салып келет.