Москвадагы Айжамал: Абактагы күйөөмдү согуштан алып калсам экен

Иллюстративдик сүрөт

Орусияда жаңы мыйзамга ылайык, кылмышка айыпталган жаран согушка барууга макул болсо жоопко тартылбайт. Андай жарандар Коргоо министрлиги менен келишим түзөт. Тергөө абактарында отурган кыргыз жарандары арасында согуш тузагына азгырылып түшкөндөр бар экени ачыкка чыга баштады.

Айжамал чиедей эки баласын көтөрүп, Москвада тергөө абагында отурган күйөөсүнө тамак-аш ташыйт.

Анын күйөөсүнө полиция августтун соңунда "мыйзамсыз маңзат сатуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө абагына камаган.

"Жаңы машине алып, таксиде иштей баштаган. Буйрутма алган учурда полиция кармап кетиптир. Ал күнөөсүн мойнуна алганын тергөөчү айтты. Жанында дагы бир бала бар экен. Мен андан эмнеге мойнуна алганын сурасам, "кыйнап коюшту" деди. Сотто күйөөмдүн машинесинде же өзүнүн жанында эч нерсе табылбаганы айтылды. Ал "билип туруп, мыйзамсыз заттар бар баштыкты дарекке жеткирген" деп айыпталды. Азыр эми жолдошумдун иши тезирээк сотко өтсө экен деп күтүп атам", - дейт Айжамал.

Дагы караңыз

Орусияда кардардын айынан кыйноо көргөн Калыс

Айжамалдын күйөөсү Москвадагы тергөө абактарынын биринде отурат. Ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү ("баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү") беренеси менен айып тагылган.

Келиндин күйөөсү абакта отурган соңку эки ай ичинде бир нече жолу согушка баруу ниетин билдирген.

"Утур-утур кат алышып турабыз. Ар бир катында согушка барсамбы деп жазат. Ал "дароо 800 миң рубль которушат экен. Балдарга документ беришет, жарандык алабыз" деп жазат. Дагы бир катында "15 жыл деп атышат, анча убакыт отургандан көрө бир жылга барып келейин" деп жазыптыр. Мен кыска убакытка жолугушуу суранып, жолдошум менен жолугуп келдим. Менин түшүнгөнүмө караганда, полиция кызматкерлери эле формасын чечип кирип, камераларда отургандарды азгырышат экен. Алар "мен жазылдым, чогуу баралы, азыр мыйзам жол берет" деп айтышат экен. Бая күнү барба деп көндүргөм, бирок акыркы жолу жазган катында дагы бир жолу келишим тууралуу жазыптыр".

Айжамалдын жолдошу жазган кат.

Айжамал "Азаттыкка" жиберген каттардын биринде күйөөсү тергөө абагында отургандар арасында келишим түзгөндөр бар экенин жазган:

"Атайын аскердик операцияга [Специальная военная операция - СВО] бул жактан башка балдар кетишти. Азыр ал жакта мурункудай өлүм-житим көп эмес экенин айтып жатышат. Акчасы да жакшы экен. Айдоочулар керек дешти. Балдарды акысыз окутабыз дешти. Ипотекага төмөн пайызда үй алсак болот экен. Сүйүктүүм, ойлонуп көрчү".

Айжамал айткандай Орусияда жаңы мыйзам ишке киргенден бери согушка азгыруу көбөйгөн. Азгыргандар адатта мигранттардын материалдык абалына басым жасалат.

"Алар азыр "макул болуп, акчаңды алып кал. Соттолгондон кийин сага эч ким төлөп бербейт. Анда кааласаң-каалабасаң да барасың" деп айтышат экен. Мен акчасы да, башкасы да кереги жок деп айттым. Эртерээк соту болсо Кыргызстанга өткөрүү иштерин баштайт элек. Азыр кичинекей балдарымды көтөрүп алып, тамак киргизип, тергөөчүгө бардык документтерди жеткирип келдим. Күйөөм биринчи жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканын, документтери баары так экенин, жогорку билимдүү экенин да айттым. Тамак-ашты да толук алышпайт экен. Жиберген азыктын жарымы жетпей жатат".

Айжамалдын күйөөсүнүн иши боюнча биринчи сот отуруму ноябрдын ортосуна белгиленген.

"Азаттык" сүйлөшкөн дагы бир аял өзүн Бегимай деп тааныштырды. Анын бир тууган инисин полиция бир ай мурун кармап кеткен.

"Инимди миграциялык мыйзамдарды бузду деп камакка алыптыр. Бул анча оор деле берене эмес. Депортация болот же айып пул төлөйт. Бирок өткөн аптада ал келишимге кол коюп бергенин жактоочусуна айтыптыр. Ошол күндөн тарта бизде тынчтык жок. Ал камалгандан кийин Орусияда ТИЗОдон согушка алып кетишет деген кабарды уктук эле. Иним ошого туш болду окшойт. Биз Москвадагы юристтерге кайрылып, азыр аны алып калалы деп аракет кылып атабыз".

Бегимай айтып жаткан мыйзам октябрдын башында кабыл алынган.

Дагы караңыз “Ата, абактан согушка кеттим”. Орус түрмөсүнөн Украинага айдалган мигранттар

"Согушка барсаң, жазадан кутуласың"

Президент Владимир Путин 2-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, Орусияда кылмышка айыпталып, соту жүрүп жаткан жаран согушка барууга макул болсо жоопко тартылбайт. Андай жарандар Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, аскерге жөнөтүлөт же мобилизация болот.

Тийиштүү эки мыйзам долбоорун ага чейин Мамлекеттик Дума кабыл алган. Ага ылайык, төмөндөгү өзгөрүүлөр каралган:

Аскер кызматын өтөп бүткөнчө кылмыш ишин сотто териштирүү токтотулуп турат, жаза чарасы кабыл алынбайт.

Согуштук абал учурунда мобилизация аркылуу аскер кызматын өтөп жатканда кылмыш жасаган адамдар боюнча да соттук териштирүү токтотулуп турат.

Мамлекеттик сыйлык алган же аскердик кызматы аяктаган учурда (жаш курагы, ден соолугу, мобилизация же согуштук абал мөөнөтү аяктаганы боюнча) жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликтен толук бошотуу каралат.

Буга чейинки мыйзамдар боюнча Орусияда эгер кылмышка айыпталып жаткан кишинин иши сотко өтсө, аны менен аскердик келишим түзүүгө уруксат жок болчу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусия: Түрмөдөн согушка түрткөн кысым

Мунун алдында Орусиянын бийлиги тергөө абактарында отурган 20 миңдей адамды Украинадагы согушка азгырууну көздөп жатканын "Важные истории" басылмасы жазган. Журналисттер мыйзамга Путин кол койгонго чейин эле орус түрмөлөрүнүн кызматкерлери соттолуучулар менен келишим түзүүгө даярдык көрүп жатканын жазышкан.

"Камактагы 60 миңдей адамдын 40% согушка алып кетүүнү көздөп жатабыз", - деген "Важные истории" басылмасынын ишенимдүү булагы.

Басылманын Коргоо министрлигинен маалымат берген булагынын эсебинде, Украинага камактагы 20 миңдей киши жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул 200дөй тергөө абагынын ар биринен жүздөн киши согушка тартылат дегенди билдирет.

Федералдык жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын башында Орусиянын тергөө абактарында 106 миңдей киши отурган. Алардын канчасынын иши сотко өтүп же Коргоо министрлиги менен келишимге кол койгону тууралуу ачык маалымат жок.

"ТИЗОдогу бейкүнөө адамдар согушка айдалат"

Ушул тапта Орусиянын тергөө абактарында жүздөгөн кыргыз жараны сот чечимин күтүп жатат. Алардын иши боюнча сот чечими чыкмайынча, Орусиянын ачык булактарында кылмыш иши же тагылган айып тууралуу маалымат жарыяланбайт.

"Азаттык" Орусиядагы жаңы мыйзам тууралуу укук коргоочу жана юристтердин пикирин укту.

“Русь сидящая” уюмунун жетекчиси Ольга Романова орус абактарындагы абал, камактагыларга түзүлгөн шарттар боюнча маселелерди көтөрүп жүрөт.

Ольга Романова

"Бул мыйзам согушка азгыруу укугун тергөөчүлөргө өткөрдү. Алар "сен көп жылга камалып кетишиң мүмкүн, андан көрө азыр эле кол коюп, согушка бар" деп айтышат. Анан абактагыларга басымга, түрмөнүн режимине каршы чыкканга караганда согушка кетип калган оңой сезилет. Негизи эле абактарда шарттар кескин начарлап кетти. Жылытылбайт. Терезелери жылууланбайт. Өтө суук. Сырттан баштык киргизишпейт. Бул абактагылардын укугун одоно бузуу болуп саналат. Ушундай себептерден деле согушка кетүүгө макул болгондор болушу мүмкүн", - дейт юрист.

Ал эми кыргызстандык мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков жаңы күчүнө кирген мыйзам бейкүнөө жарандарды согушка түртөт деген пикирде:

Мирлан Токтобеков

"ТИЗОдо отурган адамдын иши сотко жетип, күнөөсү аныктала электе аны согуш отуна жиберип жатышат. Балким анын эч кандай күнөөсү жок. Бул мыйзам алардын укуктарын бузуп жатат. Ошол эле кезде эми фронттогу кыргыз жарандарынын укуктары да эске алынышы керек. Анткени алар дагы деле кыргыз жарандары. Алар өз ыктыяры менен же басым алдында кеткени белгисиз. Көбү госпиталга түшүп, жарадар болгон бойдон кайра айдалып жатат. Туткунга түшкөндөрү да бар. Алардын кийинки жашоосу эмне болору белгисиз".

Орусияда Украинадагы согушка абактагыларды тартууну 2022-жылы "Вагнер" жалданма аскер тобу жүргүзө баштаган. Кийин бул ишти Коргоо министрлиги улантып кетти. Орус абактарында отурган мигранттарга да кысым-басым күчөгөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусиянын түрмөлөрүндө 1,5 миңге чукул кыргыз жараны отурат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү ("баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү") менен күнөөлүү деп табылган. Жогорудагы берене боюнча орус соту бир миллион рублга чейин айып пул же 10дон 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын чегерет. Башкача айтканда, бул берене өзгөчө оор кылмыштар үчүн коюлат.