"Мөңгү талкаланды". Алайда эл көмүр казгандарга нааразы

Алайдын Чоң-Каракол айылындагы тургундар көмүр казууга келген компаниянын техникасын чыгарып кетүүнү талап кылууда.

Буга чейин көмүр кенине баруу үчүн мыйзамсыз жол салган ишканага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, 9 миң куб метрден көп мөңгү талкаланганын билдирген.

14-октябрда Чоң-Каракол айылынын тургундары чогулуп, көмүр казганы келген компаниянын техникасын чыгарып кетүүнү талап кылды.

“Загара 2” деп аталган аймактан казылуучу көмүр кенге байланыштуу нааразылыктар далай ирет айтылганын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Айыл тургуну Шерикбай Борбодоев кенге чейинки жолдун долбоорун чийген адистер менен чогуу жүргөн. Эгерде жол түшө турган болсо, анда мөңгүлөр талкаланып кетүү коркунучу бар экенин эскертишкен.

Шерикбай Борбодоев

“Бул жакта ак илбирс, аюу, каман, тоо кийик, теке, кекилик бар. Алар жер которуп кетет. Андан сырткары силер көрүп турган тоонун коктусунан келген суу бар. Алар ошол сууну 500-600 метр тебелеп өтүп жол салат экен. Эгер жол казылып, кокту-колотту жапса, Чоң-Каракол эли суусуз калат. Бул суудан биз ичебиз, сугатка пайдаланабыз. Бул айыл чөлгө айланат. Бир эле биз эмес, Ош облусу суусуз калат, анткени Ак-Буура дарыясынын башаты ушул мөңгүлөрдө”, - дейт Шерикбай Бербодоев.

Дагы караңыз Сот “Кыргызкөмүрдүн” мурдагы башчысы менен кеңешчисин актады

Бул убакка чейин көмүр кенден техника турган базаны көздөй салынган жол Муз-Төр мөңгүсүнүн 9 392 куб метр бөлүгүн талкалап, жер кыртышын бузганы үчүн Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Дагы караңыз Прокуратура Алайда мөңгүлөрдүн талкаланышы боюнча иш козгоду

Мекеменин маалыматында, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалынын кызмат адамдары көмүр кенине барууга жол куруу үчүн уруксат берүүчү документтери жок эле “С” аталышындагы ишкананын өкүлдөрү менен Ош токой чарбасынын Загара-2 участкасында узундугу 6100 метр, туурасы 9 метр жолду мыйзамсыз салганы аныкталган.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын эки жетекчиси кызматтан бошотулган.

Айылдын дагы бир тургуну мал багып жүрүп, салына турган жол токойду аралап өтөрүн көргөнүн айтты:

Чынарбек Абдыкадыров

“Бул жерде мал бакканыма кыйла жыл болду. Долбоор боюнча казыктарды кагып жүргөнүн көргөм. Мына ушундай жыш өскөн арчаларды 200-300 метр аралап өтөт. Мал багып жүрүп көрдүм. Карагыла эми, мөңгүнү талкалап жатат. Бул чоңдоруң өздөрү деле ойлонсо болот. Биз, карапайым эл, ушул токойлорду, мөңгүлөрдү сактап калалы деп аракет кылып жатабыз. Алар эми ушул видеону көрүп, бир жакшы чечим кабыл алып берет деп турабыз".

Жергиликтүү тургундар көмүр казам деген ишкана база катары пайдалган жерди да бошотууну талап кылышууда. "Бул жер кимдин уруксаты менен берилгени да белгисиз", - деди тургундар.

Чынгыз Бапаев

Райондун акими Чыңгыз Бапаев мамлекеттик ишкана өзүм билемдик менен иш баштаганын айтты:

“Кыргызкөмүр” ишканасы бизге кат менен кайрылган. Анда Алай районунун аймагынан жол өтмөк. Биз катына жооп жазганбыз, тиешелүү документтериңерди алып келгиле деп. Алар ошол документтери алып келбестен райондун аймагына бир чакырымдан көбүрөөк жерге жол салып кирип кетишкен. Өзүм билемдик менен. Жанагы мөңгүгө байланыштуу маселе биздин аймакта эмес, Кара-Суу районуна караган жерде”.

“Загара 2” участкасында жалпы 190 миң тоннадан ашык көмүрдүн кору бар экенин “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.

Уруксаты жок эле жол салуу иштери кантип башталып кеткенин ишкананын түштүк филиалынан эч ким түшүндүрүп бере алган жок.

Чыңгыз Нышанбаев

“Алар бизден уруксат сурабай эле баштап жиберишкен. Аны кеч билип калдык. Долбоор боюнча жолду макулдук сурабай эле каза баштаган. Учурда органдар иш алып барып жатат, калганын көрөбүз”, - дейт сөз болгон мекеменин өкүлү Чыңгыз Нышанбаев.

Мыйзамсыз иштер жүрүп жатканы тууралуу чоң-караколдуктар бир нече жолу кайрылуу жасашкан. Айыл тургундардын айтымында, өздөрүн көмүр кенин казган ишкананын өкүлүбүз деген кишилер ар кандай жол менен жергиликтүү тургундарды көндүрүүгө аракет кылган.

Шерикбай Борбодоев

“Бул убакка чейин чалуулар болду. Атым Талант деп бирөө чалды. Автомобил анан 50 миң АКШ долларын беребиз дешти. Мен аны алсам, кийинки муунга чыккынчылык кылган болуп калат элем”.

Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондон кийин ишти тергөөгө кайсыл органга өткөрүп бергени азырынча белгисиз.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын түштүк филиалында жалпы 15 лицензия бар. Мамлекеттик ишкана түштүктө биринчи ишканасын ачып, кытайлык компанияны инвестор катары тартып, казылган көмүрдүн 60% бермек болгон.

Ошол эле учурда жолдун казылганына нааразы элеттиктер экология маселесин көтөрүп, жогорку бийлик өкүлдөрүнө тынымсыз кайрылуу жолдошууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чоң-Каракол: Талкаланган мөңгү, мыйзамсыз жол, көмүр кени