Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

"Жашыл мурас": тышкы карыз, жарандык коом, эркиндик


"Жашыл мурас" программасынын алкагында отургузулуп жаткан дарактар. (архив)
"Жашыл мурас" программасынын алкагында отургузулуп жаткан дарактар. (архив)

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында мамлекеттик карызды “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу механизмин сунуштады.

Ал Кыргызстан адамды өнүктүрүүгө негизделген саясатты кармана турганын жана 2030-жылга чейин дүйнөнүн эң мыкты 30 өлкөсүнүн катарына кирүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Тышкы карызга - "Жашыл мураспы?"

Бириккен Улуттар Уюмунун 79-сессиясынын алкагындагы "Келечек" саммитинде сүйлөгөн Садыр Жапаров климаттын өзгөргөн шартындагы өзгөрүүлөргө көңүл бурду.

Ал учурдагы көйгөйлөр деп мигранттардын санынын өсүшү, климаттык коркунучтардын күчөшү, ошондой эле ресурстардын жана байлыктардын адилетсиз бөлүштүрүлүшүн атады.

Садыр Жапаров БУУнун 79-сессиясында. 2024.22.09.
Садыр Жапаров БУУнун 79-сессиясында. 2024.22.09.

"Биз жетишкен ийгиликтер көбүнчө коомдун аялуу катмарларына жетпейт. Көп тараптуу башкаруубуз үчүн адилеттүүлүккө таянган жаңы ыкмалар керек. Ошондуктан тез арада чечкиндүү аракеттерди баштоо керек – күтүп отуруунун убактысы бүттү. Кыргыз Республикасы бул улуу ишке өз салымын кошууга даяр", - деп билдирди.

Президент климаттын өзгөргөн шартында жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карызын кечүү жаатындагы сунушун кайталады. Жапаров "жашыл экономикага" өтүү жаатында Кыргызстан ийгиликке жетишкенин билдирип, эл аралык уюмдар жакырчылыкты жоюуга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана глобалдык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатууга көмөктөшүп, кирешеси төмөн өлкөлөргө маанилүү жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын президенти ошол эле күнү БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Мамлекет башчы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмду кадыр-барктуу эл аралык уюм катары тааный турганын белгилеп, уюмдун ишмердиги тынчтыкты жана бүткүл адамзаттын гүлдөп-өнүгүшүн колдоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат деген ишенимин билдирди.


"Сунуш жакшы, ишке ашыруу аракети жок"

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш быйыл Кыргызстанга келген кезинде өлкөдөгү жарандык коомдун өкүлдөрү аны менен жолугушуп, Кыргызстанга каржылай жана башка жардам берерде анын демократиялык өлкө катары өзүнө алган милдеттерин аткаруусун талап кылуу зарылчылыгын айтышкан.

Алардын бири - "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова мамлекеттик карызды "жашыл долбоорго" алмаштыруу демилгеси колдоого аларлык экенин белгиледи.

Бирок ошого жараша өлкө дүйнө коомчулугунун алдында өз милдеттерин аткарууга тийиштигин айтты.

Төлөйкан Исмаилова
Төлөйкан Исмаилова

"Эл аралык уюмдардан, каржы институттарынан бир нерсени суранып, карызды "жашыл долбоорлорго" алмаштырууну өтүнгөнү жакшы. Бул жалпы дүйнө жүзүндө колдонулган тажрыйба. Бирок жөн эле жашыл реформага акча алабыз да, токойлорду жаңыртабыз дегенден алыс болушу керек. Бул үчүн стратегия улуттук деңгээлде такшалып, парламенттен өтүп, эл түшүнүп, Эгемендикке ээ болгондон берки уран калдыгынан жабыркаган 90дон ашуун адам да "чыныгы реформа болуп жатат" деп айткыдай болушу керек. Стратегияга журналисттердин, жарандык коомдун, элдин катышуусу сөзсүз камтылышы керек. Журналисттерге, жарандык коомго кысым кылбай, басмырлоочу мыйзамдарды кабыл албай, сөз эркиндигине жана жалпы эгемендигибизге зыян келтирбеш керек. Бул тууралуу биз Гутерриш мырзага да айтканбыз, ал түшүнгөн. Кыргызстанга карыз берген өнүктүрүүчү банктар жарандык коомсуз иштей албайт. Биз жарандык коом, журналисттерге мамилени жакшыртуу маселесин да көтөрүп жатабыз", - деди Төлөкан Исмаилова.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик карызды "жашыл" долбоорлорго алмаштыруу сунушун буга чейин да бир нече ирет эл аралык жыйындарда айтып келген. Мисалы, 2021-жылы Глазгодо өткөн саммитте, быйылкы Астанада өткөн "Германия + Борбор Азия" саммитинде да айткан.

"Факты керек"

Тышкы мамлекеттик карыздын эсебинен климатты жакшыртуу сунушун 2015-жылы Париж саммитинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да көтөргөн.

Муну белгилеген айрым эксперттер кыргыз бийлиги жашыл долбоорлорду баштап, ташталган кадамдар бар экенине дүйнөлүк коомчулукту ынандырууга тийиштигин айтып келет. Андай долбоорлорго мисал катары 2022-жылы президент демилгелеген "Жашыл мурас", Бишкек, Ош шаарларын электробустар менен жабдуу, электр кыймылдаткычы менен жүргөн автоунааларды алып келүүдө жана эксплуатациялоодо берилген жеңилдиктер, электр энергиясын өндүрүүгө жана жылытуу системасына табигый булактарды колдонуу сыяктуу кадамдарды белгилешүүдө.

Эколог жана жашыл жаратылыш үчүн күрөшүп келген активист Гамал Сооронкулов мамлекет башчы өлкөдө климатты жакшыртуу максатында жасалып жаткан иштер тууралуу дүйнөлүк бийик трибунадан маалымат бергени жакшы болмок деген пикирин бөлүштү.

Гамал Сооронкулов
Гамал Сооронкулов

"Кыргызстанда, кудайга шүгүр, жашылдандыруу, көмүр кычкыл газын азайтуу аракеттери жүрүп жатат. Биздин дүйнө жаратылышына, экологиясына келтирген зыяныбыз ансыз деле минималдуу. Анткени бизде түтөп аткан завод-фабрикаларыбыз деле жок, болгону бир эле ЖЭБ бар. Муну белгилеп, андан тышкары акыркы убактарда жашылдандыруу, "Жашыл мурас" программасынын алкагында бак-дарак тигип, токойлорду көбөйтүү менен кычкылтекти көбөйтүп, абаны тазалап жатканыбызды айтышыбыз керек эле. "Биз мынча жылда мынча гектар жерге мынча түп бак отургуздук. Көмүр кычкыл газынын абадагы үлүшүн мынча пайызга азайтып, кычкылтекти мынча пайызга көбөйтө алдык" деп так цифралар менен маалыматтарды бере алса, дүйнөлүк коомчулукка ынанымдуураак болмок", - деди эколог.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылы "Жашыл мурас" программасы кабыл алынган. Анын алкагында дээрлик жыл сайын миңдеген бак-дарактар отургузулат.

"Жашыл мурас" программасынын сайтындагы маалыматка караганда, 2024-жылы 1434.4 гектар жерге 788066 даана түп дарак отургузулган. Жалпы программа кабыл алынгандан бери 7 миллион бак-дарак отургузулуп, 4,3 гектар аянттагы бак көрктөндүрүлгөн.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн доллар. Мунун ичинен 4 млрд 501,8 млн доллар тышкы карыз, ал эми 1 млрд 860,14 млн доллары ички карыз болуп эсептелет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG