Милициянын видеосун интернетке чыгаргандар жазаланабы?

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, аларды сүрөт жана видеого тартып, каралоо максатында интернет сайттарга таратууга тыюу салуу сунушталууда. Мындай ченемди камтыган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары алып чыкты.

Коомчулукта мындай сунушка каршылар менен катар аны колдогондор да болууда.

"Милициянын урук-тууганы, үй-бүлөсү бар"

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары - мурдагы ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, атайын кызматтын башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Алишер Эрбаев, Ош шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүн мурдагы жетекчиси Кундузбек Сулайманов, Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Ырысбек Атажанов жана мурдагы дарыгер Винера Раимбачаева сунуштады.

Документ кабыл алынса, анын талаптарын бузгандар 5 миң сом айып пул төлөйт же 5-7 суткага камалат.

Алишер Эрбаев күч түзүмүнүн кызматкерлеринин укугу корголбой, социалдык тармактарда аларды маскара кылган окуялар көп болуп жатканын жүйө тартып, мыйзам бузган кызматкерлер тууралуу көзөмөлдөөчү органга кайрылса болорун белгиледи:

Алишер Эрбаев

"Кимде фотоаппарат, камера болсо эле тартып жатат. Мисалы, журналисттер аккредитациядан өтөт, жоопкерчилик болот. Жарандык коомдо эч кандай жоопкерчилик болбой жатат. Ошол эле милициянын урук-тууганы, үй-бүлөсү бар. Терс каарман кылып көрсөтүп жатат. Ал эми маселе болсо, баары милицияга чуркашат. Эгер өзүнө керек болуп тартса, прокуратура органы бар, сот бар. Менин укугумду бузду, мына жана тарткам деп мыйзам чегинде иштешибиз керек да. Ал эми интернетке чыгарганда коомдун реакциясы болуп эле калып жатат да".

Ошондой эле мыйзам долбоорунда тез жардам кызматкерлерине, дарыгерлерге, мугалимдерге, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө ж.б. кызматкерлерге ишин аткаруу учурунда жолтоо болуп, аларга карата бейбаштык кылгандардын жоопкерчилигин күчөтүү да сунушталган.

Дагы караңыз "Укук коргоо органдарына нааразы болгон кайрылуулар көп"

"Сот катары иштеп калат"

Сунушталган бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирген депутаттар да болду. Алардын бири Дастан Бекешев:

Дастан Бекешев

"Бул норма күчүнө кирсе, биздин жарандарга бир топ кыйын болот. Мисалы, жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер пара алып жатканын тартсаң, анда айып пулга жыгыласың. Менимче, бул туура эмес. Себеби бул жерде милиция өзү сот катары иштеп калат. Өздөрү эле аныктап калат кандай максатта тартканыңды".

Ошол эле учурда Бекешев дарыгерлерге жана мугалимдерге карата бейбаштык кылгандардын жоокерчилигин күчөтүү талабын колдоорун билдирди.

Мыйзам долбоорун жазган депутаттар Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, 2022-2023-жылдары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө фактысы боюнча 195 протокол түзүлгөнүн жазган.

Элдин пикири

Сунушталып жаткан мыйзам боюнча Бишкек шаарынын тургундарынын оюн билүүгө аракет кылып, микрофон сундук:

"Мен бул мыйзамга каршымын. Себеби, биз демократиялык мамлекетте жашайбыз. Демократия дегенден кийин, тартсак болот го. Эми биз күнүгө эле тартпайбыз да. Мисалы, жөн эле кетип баратсаң, МАИ кызматкери эч себепсиз токтотту, мен аны далилдешим керек да. Укугуңду коргоп, тартканга уруксат эле болуш керек".

"Тартыш керек, ар ким ар кандай да. Себеби кээ бирлери туура эмес кылат. Чоңдор токтосо, акчасын берип же телефон менен сүйлөшүп кетип калышат".

"Туура эмес кылып жатса, кантип тартпайсың, алардын деле кемчилигин айтып чыгарыш керек да".

"Негизи алардын милдети элдин укугун коргош керек да. Анан укугуңду коргобой кордоп жатса, эл көрүш керек да жүзүн", - деп билдирди шаар тургундары.

Дагы караңыз "Айзаданы куткарышкан эмес". HRW мурдагы милиция башчысы акталганын сындады

"Милиция так иштесе эл макул болмок"

Социалдык тармактарда жол эрежесин бузган айдоочуларды жана жолду көзөмөлдөгөн кызматкерлерди видеого тартып чыгарып, белгилүү болгон блогер Болот Ибрагимов сунушталып жаткан мыйзам боюнча мындай пикирде:

Болот Ибрагимов

"Кыскача айтканда, элдин оозун жапкандай эле болуп калат. Репрессиялык мыйзам сыяктуу болуп жатат. Бул мыйзам кабыл алынып калса, баарынан жаманы - эл сүйлөй албай калат. Эл сүйлөй албай калса, нааразылык күчөй берет. Эгер милиция кызматкерлери так иштесе, мындай мыйзамга эл каршы чыкмак эмес, бирок бизде болбой жатпайбы. Ошондуктан эл видеого тартып, ар кандай көзөмөлдөп жатат. Коомдо резонанс болуп көп маселе чечилип жатпайбы".

Кыргызстанда укук коргоо кызматкерлери адамдарга орой мамиле кылып, өздөрү мыйзам бузган учурлар тартылган тасмалар тарап, аларга чара колдонулган да окуялар бар.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тилек Оторов көп учурда маалыматтар бир тараптуу болуп, жалаң эле каралоого негизделерин айтууда.

Тилек Оторов

"Бул мыйзамдын туура жагы бар. Себеби, айрым учурларда такталбаган, бир тараптуу маалыматтарды же маскаралаган видеолорду көрсөтүп калышат. Мыйзам болгондо, балким, такталбаган видеолор чыкпай калабы деген ойдобуз".

Аталган мыйзам долбоору коомдук талкуудан өттү, жакынкы күндөрү парламент комитетине сунушталары күтүлүүдө.

Соңку 20 жылда кыргыз милициясын реформалоо демилгелери утур-утур көтөрүлүп келет. 2020-жылы 5-октябрдан кийин да милициянын жана укук коргоо органдарынын ишмердигин жакшыртуу маселеси көтөрүлүп, анын элге жакын иш алып баруусун камсыздоо үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Бирок ал унутта калып кеткенин укук коргоочулар айтып чыккан.

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Ошто эл менен жолугушуу учурунда милиция жетекчилерин сынга алып, отчеттуулук үчүн кыйноо фактылары көп болуп жатканын билдирген.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева "Азаттыкка" курган маегинде укук корго органдарынын кызматкерлерине, алардын кыймыл-аракеттерине нааразы болгондор көп кайрыларын белгилеген.