Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Петр Толстой орус тили мамлекеттик макамга ээ болбогон өлкөлөрдөн келген мигранттар айдоочу, сатуучу же курьер болуп иштебеши керек, Өзбекстан жана Тажикстан мигранттардын акчасына орус мектептерин ачууга тийиш деп билдирди.
Акыркы кезде, айрыкча Украинага басып киргенден кийин, Москва Борбор Азияда мектеп салууга маани берип, мугалимдерин жөнөтүүдө. Айрым саясат талдоочулар мындай “жумшак күчтүн” коркунучун эскертип, Орусиянын тил жана билим берүү саясатты идеологияга таянганын белгилешет.
"Мигранттар өз үй-бүлөлөрүнө салган акчаны тескөө Толстойдун милдети эмес"
Өзбекстандык депутаттар Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Петр Толстой бул сунушун айткандан кийин эле дароо жооп кайтарды.
Толстой Орусияда иштеген мигранттардын эсебинен Тажикстан менен Өзбекстанда орус тилдүү мектептерди ачуу зарыл деп эсептейт.
14-ноябрда орус тилин коргоого арналган парламенттик угууда ал орус тили мурдагы советтик жумурияттарда улут аралык тил болушу керектигин, Беларусь Казакстан жана Кыргызстандан айырмаланып, Өзбекстан, Тажикстан жана Арменияда андай эместигин белгилеген.
Мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдө орус мектептеринин системасын, 90-жылдары талкаланган интеграцияны өнүктүрүү зарылдыгын айткан Толстой ал жумурияттарда "англис тилин активдүү окутуп, орус тилин өз эне тилдери менен сүрүп чыгаруу аракети көрүлүүдө" деп сындады.
Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, "Улуттук кайра жаралуу" партиясынын лидери Алишер Кадыров: "Балким, биз өзбекче билбеген кызматкерлерди иштен алууну сунуш кылалыбы? Биз башка жолду тандайбыз – аларга өзбек тилин үйрөтөбүз. Силер дагы өз алдынча иштегенди үйрөнгүлө. Ошондо орус тилине чыныгы сый-урмат менен мамиле жасалат", - деп билдирди.
Дагы бир эл өкүлү Бобур Бекмуродов: "Өзбекстан депутат Петр Толстойдун короосу эмес. Өз жарандарынын жана өлкөсүнүн көйгөлөрү менен алектенсин. Өзбекстанда орус тилин эркин колдонушат. Биз Толстойдон айырмаланып, өнөктөш өлкөнүн макамына дал келген иш жүргүзүп келатабыз", - деп айтты.
Gazeta.uz сайтынын жазганына караганда, Бекмуродов Орусияда иштеген өзбекстандыктар патент үчүн акча төлөй турганын белгилеген:
"Алардын өз үй-бүлөлөрүнө салган акчаны тескөө сиздин милдетиңизге кирбейт. Орус тилдүү мекендештерибизге өзүбүз кам көрөбүз".
Баса, бир кездери теле алып баруучу болуп иштеген вице-спикер Толстой Кремлдин негизги пропагандачыларынын бири катары Еврошаркеттин, АКШнын жана Британиянын санкциялар тизмесине киргизилген.
Мигранттарды жумушка алууну чектөө сунушу
Бул гана эмес, Толстой сөз болгон парламенттик угууда орус тили мамлекеттик макамга ээ болбогон өлкөлөрдөн чыккан мигранттар кардарлар менен иштеген кызматтарда, атап айтканда, айдоочу, сатуучу же курьер болуп иштебеши керек деген оюн айткан.
“Мындай жооптуу иш аларга ылайык келбейт”, - деп айтты Мамлекеттик Думанын төрага орун басары. Анын айтымында, ушул өңдүү “чектөөлөр жумшак күчтүн бир бөлүгү болууга тийиш”.
Дагы караңыз Ташкент Москвада өзбек тилдүү мектеп ачууну сунуштадыОктябрда орусиялык дагы бир депутат Михаил Делягин Өзбекстандын эмгек мигранттарынын балдары үчүн мектеп куруу сунушун “орус жарандарын “дискриминациялаган”, “Орусияны кыйратууга жана жок кылууга багытталган” саясат деп сыпаттаган. “Адегенде жат, андан кийин кас анклавдар пайда болот”, - деп нааразылык билдирген Делягин.
Өзбекстандын Конституция орус тилинин өнүгүшүн жана эркин колдонулуусун кепилдейт.
Расмий маалыматка ылайык, жалпы билим берүүчү 10 миңден ашуун мектептин 10 пайызында окуу процесси орус тилинде жүрөт.
18-сентябрда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Москва Өзбекстанда орус мектептерин ачууга даяр экенин билдирген. Болгондо да балдарга Орусиянын программасына ылайык билим берүү каралууда.
Өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов ошондо Ташкент мектеп куруу сунушун “чоң ыраазычылык менен кабыл алганын” айткан.
Билим берүү боюнча эксперт Комил Жалилов белгилегендей, Орусия Өзбекстанда куруп жаткан мектептер Москванын саясатына үгүттөгөн жайга айланышы мүмкүн.
"Өзбекстандын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, бардык билим берүү уюмдары мамлекеттик стандарттарды сактоого милдеттүү. Орусиянын окуу планында Украинага каршы агрессияны актаган темалар камтылган жана мектептеги билим берүү пропаганданын бир бөлүгү болуп саналат", - деп жазган өзбекстандык эксперт.
"Москвадагы билдирүүлөргө региондун өлкөлөрү реакция кылуудан чарчашты"
Ал эми тажик тараптан Петр Толстойдун сөздөрүнө эч ким комментарий жасай элек.
Саясат талдоочу Парвиз Мулложановдун пикиринде, мигранттар темасы көптөн бери эле орус саясатынын чордонунда болуп келет:
“Быйыл март-апрель айларынан тарта “Нелегал-2023” кампаниясы башталганы, мигранттар темасы Орусия саясатында басымдуулук кылган трендге айланды. Москванын расмий өкүлдөрү биринин артынан бири билдирүү жасап, чөлкөмдөгү өлкөлөр реакция кылууга үлгүрбөй калууда. Же көп учурда реакция кылуудан да чарчашат. Менимче, Орусия жетекчилиги менен миграция жаатындагы келишим-макулдашуулар Толстойдун айткандарына караганда кыйла маанилүү деп эсептешет.”
Тажикстандагы 39 орус тилдүү мектепте 27 миңдей бала билим алат. Андан тышкары тажик жана орус тилдеринде окуткан аралаш мектептер бар.
Былтыр 1-сентябрда Орусия менен Тажикстан ири шаарларда эки президенттин виртуалдык катышуусунда биргелешкен беш мектеп ачкан. Бардык сабактар орус тилинде берилип, тажик тили менен тажик тарыхынан тышкары бардык окуу китептери Орусиянын билим берүү программасына жараша түзүлгөн.
Мулложанов Москва орус тилин ар дайым “жумшак күч” катары колдонуп келгенине токтолду:
“Тил Орусия истеблишментинин бардык топтору, бардык фракциялары үчүн абдан маанилүү. Ашынган улутчулдар орус тилин Борбор Азиядагы жумшак күчтүн негизги куралы деп билет. Анын жардамы менен чөлкөмг узак мөөнөттүү таасир этип, ал жакта көпкө калса болорун айтышат. Ошондуктан дайыма тилге өзгөчө көңүл бурулуп келген жана мындан ары да көңүл бурула берет. Канчалаган түрдүү институттар, Тышкы иштер министрлиги, элчиликтер алдында көптөгөн уюм. агенттиктер түзүлүп, орус тили боюнча ар кыл конференциялар уюштурулуп, акча бөлүнүп жатат”.
Акча демекчи, былтыр декабрда Москва Тажистандагы орус тилдүү мектептерге кайтарымсыз негизде 91 млн доллардай бөлгөн.
Кремлдин идеологиясына ылайык жазылган тарых китептери
Кошуна өлкө андан тышкары Борбор Азиядан биринчи болуп Москванын “Орусиялык мугалим – чет өлкөлөрдө” деген дымактуу долбооруна 2017-жылы кошулган. Орус тилин жайылтууну көздөгөн долбоордун алкагында Тажикстанга быйылкы окуу жылында 66 мугалим келди. Арасында так илимдер менен катар тарых жана география мугалимдери бар.
Талдоочулар Орусиянын 11-класстар үчүн тарых боюнча жаңы окуу китеби Кремлдин идеологиясына ылайыктап жазылганын белгилешет. Анткени анда “атайын аскердик операция” деген термин колдонулган, Батыштын “нацизмди кайра жаралтуу”, “Орусияны дестабилдештирүү” аракеттери тууралуу баяндалат. “Мындан улам Крымды аннексиялоо аргасыз чара болгон”, “Путин аны гуманитардык максаттардан улам баштаган” деген ойлор айтылат. Ал эми Украина "ультраулутчул мамлекет" деп сүрөттөлгөн.
Мулложанов орус тилин окууну каалагандар өлкөдө көп экенин, алар негизинен эмгек миграциясына кетүүнү көздөгөндөр экенин айтат. Ал эми орусиялык тарых китептерине байланыштуу маселе тажик коомунда козголбойт.
“Бизде мугалимдер абдан тартыш. Мурда экинчи тарап орус тили менен адабият мугалимдерин жөнөтүүгө көңүл бурса, тажик өкмөтү бул жолу башка сабактардан да адистерди жиберүүнү, китептер менен камсыздоону сураса керек. Ушундай консенсуска жетишилген. Ал эми тарых сабагын же китебин айта турган болсок, Дүйшөмбүдө ага азыр анча көңүл бурулбайт. Социалдык тармактарда же маалымат каражаттарында болобу, бул тема көз жаздымда калган, талкууларды көрө албайсыңар. Анан дагы бир өңүттү эске алуу зарыл. Ошол эле Казакстандан айрымаланып, Тажикстанда орусиячыл маанайдагылар көп. Андыктан согуштун окуу китептердеги түшүндүрүлүшү коомчулукту иренжитпейт. Анын үстүнө тажик мектептери менен салыштырганда орус мектептери анча көп эмес болгондуктан, кээ бир нерселерге көз жумду мамиле кылып коюшат”, - дейт Мулложанов.
Сөз болгон орусиялык мугалимдерди алып келүү долбооруна чөлкөмдөн Кыргызстан жана Өзбекстан дагы кошулган. Долбоор Вьетнам, Монголия, Сербия жана Түркияда да ишке ашырылып келет.
"Орус тили - Москванын гибрид согушунун бир бөлүгү"
Казакстан орус тилинде окуткан мектептердин саны жагынан чөлкөмдө биринчи орунда турат. Өлкөдөгү мектептердин басымдуу бөлүгү казакча билим берет. Алардын саны 3700дөн ашат. 2 миңден ашууну аралаш же эки тилде окуткандар, 1 200дөйү орус мектептер.
Былтыр Агартуу министрлиги орус жана англис же башка чет тилдерди мурдагыдай биринчи класстан эмес, экинчи класстан окутууну чечкенде, Орусиянын бир катар медиасы жана Телеграм-каналдар дароо буга нааразылыгын билдирип, терс пикирлерди жаза баштаган.
Быйыл 9-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Астанага сапары алдында “Казахстанская правда” гезитине, ал эми Касым-Жомарт Токаев "Известия" басылмасына интервью беришкен.
Дагы караңыз Токаев Астана казак тилинин статусун бекемдөө саясатын уланта турганын айттыТокаев ошондо өлкөнүн түштүгүндө биргелешкен мектептер ачылышы мүмкүн, чек ара аймагындагы Орусиянын региондорунда да ошондой мектептер ачылса жакшы болот деп айткан.
Ал эми Путин казак жаштары "орус тилин окууга жана Орусияда билим алууга кызыгарын" билдирген.
Саясат таануучу Димаш Алжановдун көз карашында, маданий кызматташуу Москва үчүн маанилүү саясий маселе болуп калган:
“Орус тилин колдонуунун географиясы, демек орусиялык пропаганданын постсоветтик аймакта чектелгени Путин үчүн Казакстанды Орусиянын маалыматтык таасир чөйрөсүндө кармап туруу маанилүү. Узак мөөнөттүү перспективада Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн орус тилин жакшы билген же Орусиянын жогорку окуу жайларын бүтүргөн жарандары демографиялык абалы начарлаган Орусия үчүн жумушчу күчтү толуктоонун булагына айланышы ыктымал”.
Алжанов ошондой эле авторитардык Орусия орус тилинин пайдаланылышын адам укуктары жагынан коргобогонун, тил Москва үчүн гибриддик согуштун бир бөлүгүнө айланганын белгилейт.
Айтмакчы, Путинге чейин Астанага Франциянын мамлекет башчысы Эммануэл Макрон барып кеткен. Визиттин жүрүшүндө Казакстанда эл аралык француз мектептерин ачуу макулдашылган.
Ал эми Кыргызстанга Орусия тогуз мектеп салып берет. Москва каржылаган мектептердин жетекчилерин орус өкмөтү дайындай турганы кабарланганда, айрым активисттер аларды Кыргызстан башкарышы керек деген көз караштарын билдирген.