- Мамлекеттик ишмер, академик Осмонакун Ибраимовдун блогу.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.
Психологиялык жактан алганда, бизге азыр Украинада болуп жаткандардын баары өтө алыста деп эч кыжаалат болбой эле койсок болчудай. Согуштун бизге эч тиешеси жоктой, эч кандай таасир этпечүдөй элестетебиз. Баарыбыз мунун баары биздин ишибиз эмес, мейли Европада болобу, мейли Батышта болобу, өздөрү териштире беришсин, украиндер менен орустар дагы өздөрү чече берсин деп ойлойбуз. Ал эми смартфондун экранынан, Ютубдан көргөнүбүз Голливуд тасмасына же сериалына абдан окшойт да, тилекке каршы, ал эч качан бүтпөчүдөй туюлат.
Театралдык жана адабий чөйрөдө кайсы бир жазмакер, жергиликтүү кокуй-Диогендин накта провинциалдык, кыска акыл-парасатынан чыккан: "Урушса уруша берсин, бири өлүп, бири калсын, биздин ишибиз канча!" - деген кеби көптөн бери айтылып жүрөт. Бул маанисиз, тууган туугандын канын суудай төккөн согушка карата биздин көңүл коштугубуз, атүгүл кайдыгерлигибиз кайсы бир даражада мына ушундан.
Бирок бул тек иллюзия, өзүн-өзү алдоо экени анык. Согуштун эпкини бизге эчак эле тийген. Кыргыздар тайкы тагдырынын айынан майданга кеткен балдарынан айрылып жатат. Ошентип, бул коркунучтуу апааттын бизге түздөн-түз таасири тийип, бизди ойлонууга, боорукер болууга, украиндердин да, орустардын да ордуна өзүбүздү коюуга, экөөнү тең түшүнүүгө мажбурлады. Бул өтө чиелешкен чалкеш иш болуп чыкты. Арийне, аталган согушка карата ар кимдин өз туруму, өз пикири бар.
Чын эле Украина бизден ушунчалык алыспы? Көрсө, андай эмес экен. Ал сөздүн түз маанисинде биринчи бурулуштан эле нары экен. Капилет баары "неонацисттерге" айланып калган жайкын украиналыктарды, атүгүл кары-картаңдар менен балдарды согуу үчүн; аларды гана эмес, турак жайларын, шаарлары менен айылдарын, өнөр жай ишканалары менен электр станцияларын, суу сактагычтарды, театрлар менен чиркөөлөрдү да күмжам кылуу максатында калпты-чынды аралаштырып, мигрант балдарыбызды өлүмгө, кыргынга айдап жаткан Орусия деле жакын тура. Биздин бийлик бейтараптыктын тар алкагынан чыкпоого бар мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат.
Аны түшүнсө болот, анткени Орусия биздин негизги соода-экономикалык, ал тургай стратегиялык өнөктөшүбүз болуп келген жана боло берет. Ошондуктан согуштун айынан бул мамилени бузуу биз үчүн өтө кымбатка турат. Орусияда миллионго жакын мекендештерибиз иштейт, алардын ичинен жүз миңдегени (так статистика жок) орус паспортун алган.
Бизди аталган өлкө менен экономикалык, адамдык, логистикалык, эң негизгиси, терең маданий жана тарыхый ж.б. көптөгөн карым-катышыбыз бар.
Кыргыз интеллигенциясынын (бир нече муундун) экинчи тили болуп калган алардын тилинде азыр да сүйлөп, окуп, жада калса ойлонуп келе жатканыбызды мен айтпай эле коёюн. Бул ушул тилде жазып, залкар көркөм сөз чебери катары таанылган кыргыз да, орус да адабиятынын классиги Чыңгыз Айтматовдун тили. Ага Москванын борборунда көсөмдүн өзүнө жарашкан абдан көрөсөндүү эстелик тургузулган. Биз бул фактыларды жана факторлорду тана албайбыз жана танганга чама-чаркыбыз да жетпейт.
Ал эми экономикалык жактан алганда биз Орусияга көз карандыбыз. Муну билип туруп орус шовинисттери – мейли Кремлдин жогорку даражалуу чиновниги болобу, мейли дипломаты болобу же Думанын кайсы бир депутаты болобу – кыргыз бийлигинин тил саясатыбызга байланыштуу тигил же бул чечимдеринин кесепеттери тууралуу прокурордун каардуу ырайы менен эскертип турууну унутушпайт.
Бирок биз аларга орус тилинен эч ким баш тартпай турганын, кыргыз тили мамлекеттик тил катары өзүнүн конституциялык макамына жараша өнүгүшү керектигин байма-бай айтып келебиз.
Ошол эле учурда Орусия тарабынан башталган азыркы согуш бизди бул өлкө жөнүндө, орус эли жөнүндө, орус менталитети жөнүндө, өтмүш жана учурдагы абал тууралуу көптөгөн түшүнүктөрүбүздү өзгөртүүгө аргасыз кылды. Эң негизгиси, бул уруш эгемендигибиздин келечеги үчүн бизди алдыга кыраакылык менен көз чаптырууга мажбур кылууда. Өлкөбүздүн тагдырын өткөрүп бере турган балдарыбыздын, өсүп келе жаткан жаш муундардын болочогу тууралуу дагы бир жолу ойлонууга түрттү. Мына ушул жерде өтө көп кооптуу жагдайлар бар экени анык болду.
Биринчиден, учурдагы Орусия постсоветтик дүйнөнүн чындыгын аликүнчө моюнга алгысы келбейт, ал мындан 32 жыл илгери биз баарыбыз турган жерден карыш жылган жок. Бул, албетте, Батыштын кийлигишүүсүнөн жана ички батышчыл либералдык интеллигенциянын чыккынчылыгынан улам алардын СССР деп аталган империясы көргө киргенин ушул күнгө чейин арман кылып жүргөн орустардын шору.
Эгерде СССР империя болсо, орустар эле эмес, анда жашап, иштегендердин баардыгынын империясы болгондугун алар түшүнгүлөрү келбейт. Аталган держава азыр кан төгүшүп жаткан ошол эле украиналыктардын, өздөрүнүн бай маданияты, байыркы тарыхы, баштагы жана учурдагы улуу инсандары менен империяны ажарын ачып турган ошол эле Закавказье, Орто Азия элдеринин аркасы менен ар кайсы тармактарда ийгиликтерге жетишкен.
ККӨ ("Көрүнүктүү кишилердин өмүрү") түрмөгү үчүн жазылган атактуу мекендешибиз жөнүндөгү өмүр баяндык китебимди "Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу" деп атаганым ошондуктан. Чынында эле ал империянын жазуучусу болгон, анын нукура көркү, таажысындагы баа жеткис асыл ташы эле.
Мен кайра ошол эле "Кыямат" жана "Тоолор кулаганда" романдарынын автору күн сайын адам бол деп бизге осуят кылып кеткен жоопкерчиликтүү, адеп-ахлактык турумду карманбай, Диогендин челегин тандап алган бечара жазмакерибизге окшоп андан аң-сезимдүү түрдө алыстоо, кол үзүү үчүн Украина бизден ошончолук эле алыспы деген суроого кайрылайын.
Жалпы эле наадандык жөнүндө, атап айтканда, Украинага карата болуп жаткан жүзү каралык тууралуу айта турган болсок, мен «Диогендин челегинен» да жийиркеничтүү нерселер бар экенине көңүл бургум келет. Биз азыр ошондой коркунучтуу жана ыплас көрүнүшкө туш болуп жатабыз. Мен бул көрүнүштү саясий коллаборационизмдин пайда болушунун башталышы, башкача айтканда, өз эгемендигибизден баш тартуунун башталышы деп атайм. Буга биздин кайсы бир чет элдик кызматтарга ачыктан-ачык сатылып, путиндик Орусиянын курамына "мүмкүн болушунча тезирээк кошулууга" маңбаштык менен чакырык жасап жаткан кээ бир кокуй саясатчыларыбыздын жоруктары күбө.
Андай саткын келесоолор украиндер эгемендигин жана улуттук ар-намысын коргоп, эмне үчүн согуш талаасында кан төгүп жатканын түшүнүшпөйт. Ал эми биздин коллаборационисттер (саткындар) шайлоого акча үчүн, сокур тыйын же жөн эле орус бюрократиясынын жасалма «жакшы» мамилеси үчүн, түккө турбаган жалган мактоосу үчүн азыр эле башкалардын колтугуна кирип кетүүгө даяр. Эң эле өкүнүчтүүсү, коллаборанттардын же ошондой болууга даярданып жаткандардын арасында саясатчылар, атүгүл геосаясатты мыкты билген кадыр-барктуу адамдар, профессорлор, жада калса академиктер да бар.
Бул согуш кимге керек эле да, андан ким утушка ээ болот? Суроо жөн салды, бирок анын жообу ар бирибиз кандай турумду ээлешибиз керектигин кыйытып турат.
Ушундай согуштарга каршы турган улуу жазуучу Эрнест Хемингуэй мындай деген:
"Согушта урушуп жүргөндөр эң сонун адамдар, фронтко канчалык жакындаган сайын ошончолук мыкты кишилерди жолуктурасың; бирок согушту баштагандар, согушка тукургандар жана согушту тескеп жаткандар - өздөрү жөнүндө, экономикалык атаандаштык жана андан ала турган пайдасы тууралуу гана ойлогон камандар. Мен согуштан пайда көргөн жана анын чыгышына түрткү болгон бардык кишилерди согушка кириптер болгон өлкөнүн чынчыл жарандары уруштун биринчи эле күнүндө атып салышы керек деп эсептейм".