Мьянмада аскердик төңкөрүш болду

Мьянманын лидери Ауң Сан Су Чжинин тарапкерлери. 1-февраль, 2021-жыл.

Мьянмада аскердик күчтөр төңкөрүш жасап, өлкөнүн чыныгы лидери Ауң Сан Су Чжи менен президент Вин Мьин баштаган саясий жетекчилерди камакка алды.

Ошондой эле бир жылга өзгөчө абал жарыяланды. Ноябрдагы парламенттик шайлоодон улам армия менен мамлекет башчылардын мамилеси курчуп кеткен эле. Эл аралык коомчулук соңку окуялардан улам кабатырлыгын билдирип жатат.

Дүйшөмбүдө армияга таандык «Myawaddy» телеканалы шайлоодон чыккан талаш-тартыштардын шартында «туруктуулукту сакташ үчүн» бир жылга өзгөчө абал жарыяланганын кабарлады.

Дагы караңыз Су Чжи сындарга жооп берди

Телеканалдагы билдирүүгө ылайык, президенттин милдети буга чейин вице-президент болуп турган мурдагы генерал Мьинт Суга жүктөлдү. Ал эми бийлик толугу менен Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы Мин Аун Хлаинге өттү. Анда кол башчы «мыйзам чыгаруу органын, администрацияны жана сот системасын» көзөмөлдөйт» деп айтылат.

Мунун алдында армия өлкөнүн иш жүзүндөгү лидери Ауң Сан Су Чжи, президент Вин Мьинта баштаган «Демократия үчүн улуттук лига» башкаруучу партиясынын жетекчилерин камакка алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш өлкөнүн саясий жетекчилеринин камалышын сынга алды. Ал аскер башчыларын элдин эркин сыйлап, демократиялык нормаларды сактоого, пикир келишпестикти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

Дагы караңыз Майк Пенс Мьянманын бийлигин сындады

АКШ, Австралия, Кытай баштаган бир катар өлкөлөр төңкөрүштөн, өлкөнүн жарандык жетекчилеринин камалышынан улам кабатырлыгын билдиришти.

«Биз Мьянмадагы жагдайды байкап турабыз. Биз окуянын андан аркы өнүгүшүнө көз салабыз. Кытай - Мьянманын достук мамиледеги коңшусу. Бардык тараптар Конституциянын жана мыйзамдын алкагында мунасага келип, саясий жана социалдык туруктуулукту сактайт деп ишенебиз», - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Ван Вэньбинь.

Жапонияда мьянмалыктар өлкө лидерин коргоп, абактан чыгарууну талап кылып акцияга чыгышты.

Акыркы апталарда аскер башчылар менен өкмөттүн мамилеси чыңалып турган жана ошондон улам төңкөрүш болушу ыктымал деген сөздөр чыккан. Буга ноябрдагы парламенттик шайлоо негиз болгон. Аскер жетекчилери добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып, анын жокко чыгарылышын талап кылышкан.

Бул шайлоодо бийликтеги «Демократия үчүн улуттук лига» алда канча озуп чыккан жана парламенттин жаңы курамынын алгачкы жыйыны 1-февралда белгиленген.

Бийлик бөлүштүрүү боюнча макулдашууга ылайык, парламенттеги мандаттардын 25% жана коопсуздук боюнча үч башкы министрлик армияга берилген.

Дагы караңыз Мусулман дүйнөсү Мьянмадагы зомбулукту айыптоодо

Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул мамлекетти армия ондогон жылдар бою көзөмөлдөп келген. Демократиялык реформалар 2011-жылы башталган. 2015-жылы Су Чжи 15 жылдык үй камагынан чыгып, бийликке келгенден кийин деле аскер башчылар саясий жана экономикалык салмагы менен таасирин сактап калган.

Кезинде Мьянманын аскердик бийлигине каршы күрөшү үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган Су Чжи өлкөнүн батышындагы Ракхайн штатында рохинжа мусулмандарына карата саясатынан улам сынга кабылган. 2017-жылда башталган коопсуздук күчтөрүнүн операцияларында улуттук азчылыктык миңдеген өкүлдөрү мерт болуп, дагы 700 миңден көбү Бангладешке качууга аргасыз болгон.

БУУ басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын армиясынын мусулман азчылыкка жасаган мамилесин улуттук негизде кыргын салуу аракети катары баалаган. Бирок Мьянманын бийлиги аскердик операцияларга согушкерлер тобунун чабуулу себеп болгонун билдирген.