Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Майк Пенс Мьянманын бийлигин сындады


АКШнын вице-президенти Майк Пенс жана Мьянманын лидери Аун Сан Су Чжи, Сингапур, 14-ноябрь 2018-жыл.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс жана Мьянманын лидери Аун Сан Су Чжи, Сингапур, 14-ноябрь 2018-жыл.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс рохинжа мусулмандарынын маселеси боюнча Мьянманын иш жүзүндөгү лидери Аун Сан Су Чжинин өкмөтүн сынга алды. Пенс менен Сингапурда шаршемби күнү жолуккан Су Чжи өз өлкөсүн “башкаларга караганда жакшыраак түшүнөрүн” айтып, жооп кайтарды.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен Мьянманын де-факто лидери Аун Сан Су Чжи 14-ноябрда Сингапурда "ASEAN" (Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биримдиги) саммитинин алкагында кездешти. Күтүлгөндөй эле бул жолугушууда мьянмалык рохинжа мусулмандарынын маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Майк Пенс Мьянманын армиясы менен Аун Сан Су Чжинин өкмөтүнүн рохинжаларга жасаган мамилесин сынга алды:

- Бул трагедия миллиондогон америкалыктардын жүрөгүн оорутту. Армиянын кыянатчылыгы менен куугунтугу 700 миң рохинжанын Бангладешке эч жүйөсүз жер которушуна себеп болду. Мен сизден адам өлүмү менен коштолгон кайгы-капаны жаратып, миңдеген кишини качкынга айланткан зомбулукка жол берген адамдарды жоопко тартуу багытында кандай прогресс бар экендиги жөнүндө уккум келип жатат.

Мындан тышкары Кошмо Штаттардын вице-президенти Бангладешке качкан рохинжа мусулмандарын ыктыярдуу түрдө артка кайтаруу маселесинде кандай иш жасалып жатканына да кызыкты. Ошондой эле жакында Мьянмада эки журналисттин абакка кесилгени Америкадагы миллиондогон адамдарды терең тынчсыздандырганын кошумчалады.

Бангладештеги рохинжа качкындары байырлаган лагер, 15-январь 2018-жыл.
Бангладештеги рохинжа качкындары байырлаган лагер, 15-январь 2018-жыл.

2017-жылдын август айында Мьянманын Ракхайн штатында миңдеген рохинжа мусулмандары коопсуздук күчтөрүнүн операциясы убагында каза таап, жүз миңдегени коңшулаш Бангладешке качууга аргасыз болгон.

"Чек арасыз дарыгерлер" (MSF) уюму былтыр 25-августтан 24-сентябрга чейин Ракхайнда кеминде 9 миң киши өлгөнүн, алардын 72% зомбулуктун курмандыгы болгонун эсептеген.

Бириккен Улуттар Уюму басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын армиясынын мусулман азчылыкка жасаган мамилесин "бир улутка кыргын салуу" аракети катары баалаган. Бирок Мьянманын бийлиги аскердик операцияларга согушкерлер тобунун чабуулу себеп болгонун белгилеп, дооматтарды четке кагып келет.

Мьянма аскерлеринин колунан ажал тапкан рохинжа мусулмандары тууралуу материал даярдап келген "Reuters" агенттигинин эки журналисти: 32 жаштагы Ва Лоун жана 28 жаштагы Со Оо былтыр декабрь айында кармалып, быйыл сентябрь айынын башында "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деген негизде жети жылга эркинен ажыратылган.

Бир катар Батыш өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар Мьянмадагы укук бузууларды токтото алган жок деп бул өлкөнүн де-факто лидери Аун Сан Су Чжини айыптап келишет. Мындай дооматтарды четке каккан Су Чжи АКШ вице-президентинин сын пикирине төмөнкүчө жооп кайтарды:

- Албетте, адамдардын көз караштары бир кылка эмес. Бирок андай эки башка пикирлерди бири-бирибизге айтып, бири-бирибизди жакшыраак түшүнүүнү үйрөнүүгө тийишпиз. Биз өз өлкөбүздү башка бардык өлкөлөргө караганда жакшыраак түшүнөрүбүздү айта алабыз. Сиз деле өз мамлекетиңизди башкалардан жакшыраак билериңизге ишенем. Андыктан биз эмне болуп жатканын сизге түшүндүрүү маселесинде жакшыраак позициядабыз.

Полиция "Reuters" агенттигинин журналисти Ва Лоунду өкүм угузулгандан кийин сот залынан чыгарып баратат, Янгон, 3-сентябрь 2018-жыл.
Полиция "Reuters" агенттигинин журналисти Ва Лоунду өкүм угузулгандан кийин сот залынан чыгарып баратат, Янгон, 3-сентябрь 2018-жыл.

Деген менен айрым эл аралык уюмдар Аун Сан Су Чжини сындап гана тим болушкан жок. 12-ноябрда "Amnesty International" укук коргоо уюму аны өзүнүн "Абийир элчиси" деп аталган эң жогорку сыйлыгынан ажыратты. Уюмдун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, буга Су Чжинин Мьянмада куугунтукка кабылган рохинжа мусулмандарын коргоп чыга албаганы жүйө катары көрсөтүлгөн.

- Сиз мындан ары үмүттүн, кайратуулуктун символу жана адам укуктарынын түбөлүк калканчы болуп бере албай калганыңызга бүгүн абдан капа болуп турабыз, - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Бул сыйлык ага 2009-жылы ыйгарылган. Кезинде Су Чжи Мьянманын аскердик бийлигине каршы күрөшкөнү үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгы өңдүү дүйнөдөгү бир катар абройлуу сыйлыктарга ээ болгон.

Беш жыл үй камагында отурган саясатчы өз партиясынын 2015-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодогу жеңишинен көп өтпөй мамлекеттик кеңешчи кызматына дайындалган жана Мьянманын иш жүзүндөгү лидерине айланган.

Мьянманын 51 миллиондон ашуун калкынын 88% буддисттер, 6% христиандар, 4% мусулмандар, ал эми рохинжалар өлкөдөгү 2,5 миллиондой мусулмандын жарымына жакынын түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG