Караколдо 30 жаштагы келин бычакталып, каза тапты. Ага кол салган күйөөсү өзүн мууздаганга аракет кылып, оор абалда Ысык-Көл облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Үч балалуу үй-бүлө мындан бир ай мурда ажырашканы айтылууда.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, окуя 9-ноябрда саат 17:00 чамасында Караколдогу “Кумтөр” соода борборунда болгон. Аял кишиге бычак сайгандан көп өтпөй эркек киши өзүнө кол салганын милицияга кабарлашкан. Күйөөсүнүн колунан каза тапкан келин 30 жашта болгон.
"Азыр бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, далил зат катары ашкана бычагы алынды. Тергөө амалдары да жүргүзүлө баштады, анык себеби белгисиз”, - деди Сталбек Усубакунов.
Дарыгерлердин айтымында, аялына жана өзүнө кол салган 35 жаштагы кишиге операция жасалды. Бирок абалы оор бойдон калууда.
“Бизге өзүнө-өзү кол салган бейтап 9-ноябрда кечки саат 17:30 чамасында түшкөн. Азыр анын абалы оор бойдон, эсине келе албай жандандыруу бөлүмүндө жатат. Келгенде эле абалы оор болчу, себеби бычактын мизи анын моюн артерияларын кесип кеткен. Дарыгерлер болгон аракетин кылып, жанын сактап калуу үчүн күнү-түнү жанында болууда. Бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган, өз алдынча дем алууга мүмкүн болбой жатат. Борбор калаага алып баруу азыр мүмкүн эмес”,- деди облустук оорукананын башкы дарыгери Мирбек Сагымбаев.
Маалыматтарга караганда, жубайлар Каракол шаарынан алыс эмес айылдардын биринде жашап жүргөн. Экөөнүн ортосунда үч бала бар. Улуусу сегиз жашта, ортончусу алты, ал эми кичүүсү үч жашта экен.
Ак-Суу районундагы социалдык кызматерлердин айтымында, келин кайненеси менен бирге турган. Буга чейин күйөөсү менен чогуу Орусияга да барып иштеп келишкен.
"Мамлекеттен жөлөк пул албай жашачу, социалдык абалы жакшы эле", - деп айтып беришти алар.
Бирок ушул жылдын сентябрында белгисиз себептен эки ажырым жолго түшүп, келин үч баласын алып төркүнүнө кетип калган экен.
Жакындарынын бири маркум кыска мөөнөттүү курстарда окуп, иштейм деп турганда ушундай каргаша болгонун гана айтты.
Маркумдун ысымын атагысы келбеген жакындарынын биринин айтымында, аны 10 жыл мурда күйөөсү ала качып алган. “Окутабыз” деп убада бергени менен кийин жогорку билимин улантпай калганын айтып берди.
“Беш бир туугандын эң улуусу эле. Токтоо, бир мүнөздүү кыз болчу. Мурда- кийин күйөөсү сабаганын айткан эмес. Сентябрда бир тууган сиңдиси өз айылына эле турмушка чыгып, баарыбыз тойго барганбыз. Ошондо Жыпардын күйөөсү улам аны түртүп жатканын башкалар да байкаптыр. Кийин кол көтөргөн экен. Ата-энеси кызын балдары менен айылда алып калып, жашабай эле кой дешкен. Кыз жаңы жашоо баштайм, балдарымды багам деп айылдагы сулуулук салондо тырмак жасап иштеп жаткан. Болду жашабайм деп жүргөн. 11-ноябрда улуу баласы 8 жашка толду, ошого карап күйөө баланын энеси бизге чалып, балдарды Караколго алып келсеңер ойнотуп, эки баланы жараштыралы деген экен. Ата-энеси буга каршы болгонуна карабай Жыпар “апам деле (кайненеси-ред.) неберелерин сагынды, алып баралы” деген экен. Бирок күйөөсүнүн келишин каалабаптыр, ага айтпагыла деген шарт коюптур”.
Анын айтымында, келин Караколдогу “Кумтөр” соода үйүндөгү балдардын оюн-зоок жайына барып, балдарды кайненесине калтырып, ата-энеси менен базарга барып келген.
“Балдарды алып кетебиз деп жатканда күйөөсү келген. Аны ким чакырганы белгисиз. “Мени менен жараш” деп биздин кызга айткан экен, бирок терс жооп уккан. Ал учурда экөөнүн сүйлөшкөнүн жанында карап турган үч жаштагы кызына карабай дүкөндөн жаңы сатып алган бычак менен мууздап салбадыбы. Азыр улуу баласы айтып атат, “папам мамамды жатып калгыча сабачу” деп. Азыр апасы “кызымды өзүм ээрчитип барып мууздатып, сөөгүн алып келдим” деп кан жутуп отурат, анын кант диабети да бар, азыр кыйналып турган учуру. Жанында туруп, жардам бере албай калганына атасы күйүп атат, жанында чыдап тура албайсың”.
Дагы караңыз Үрөй учурган кылмыш өлүм жазасын эске салды"Бизде ажырашкан аялды тынч жашатышпайт"
Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылдагы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.
Психолог Адинай Жапаралиеванын айтымында, аялдардын укугун коргогон мамлекеттик бир канча документ болгону менен аларды иш жүзүндө колдонуу дээрлик жокко эсе.
“Бизде “гендердик теңчилик” деген түшүнүктү коомго бурмалап түшүндүрүшүүдө. Болбосо бул ар бир адам өз укугун билүүгө, эркин болууга, өз оюн коркпой айтууга, аял менен эркек биргелешип, бири-бирине үстөмдүк кылбай чечим чыгаруга багытталган түшүнүк. Муну кеңири жайылтуу менен гана кыз-келиндердин укугун коргой алабыз. Тилекке каршы, бизде ажырашкан аялды күйөөсү тынч жашатпайт, себеби “мунун аялы кетип калган” деген сөз анын намысына тийип, “сен меники болосуң же жашабайсың” деп кол салууга чейин барып жатат. Бул айрым эркектердин психологиясы. Ошондуктан бала бакчадан баштап кыз болобу, уул болобу аларга өзүн-өзү сыйлоого, жеке мейкиндигин буздурбоого үйрөтүү зарыл болуп турат", - деди ал.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзам 2017-жылы кабыл алынган.
"Мамлекетте аялдардын жана балдардын, эркектердин да укуктарына арналган мыйзамдар, толгон документтер болгону менен бюджеттин тартыштыгы аларды иштетпей турат. Азыр бул функцияны азыр бейөкмөт уюмдар, кризистик борборлор аткарууда. Атүгүл коргоо ордерин берүүдөн кийин да “коррекциялык программа” бар, анда зомбулук көрсөткөн адамдын жүрүм-туруму, оюн өзгөртүү боюнча иштер аткарылышы керек болчу”,- деди Жапаралиева.
Дагы караңыз "Зомбулук азайган жок, иликтенбей жатат". Укук коргоочулар бийликке кайрылды"Милицияга кайрылгандан тартынышат"
Учурда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери жүрүүдө. Парламент депутаты Динара Ашимованын айтымында, азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча зордук-зомбулукка кабылган адам гана арыз жаза алат, сунушталып жаткан өзгөртүүдө мындай укук зомбулуктун күбөлөрүнө да берилет.
Бул долбоор 12-ноябрдан тарта коомдук талкууга коюлат.
Ысык-Көлдө жана Бишкектеги кризистик борборлордо иштеп, оор турмушка кабылган аялдарга көмөк көрсөткөн адис Мария Личанью көпчүлүк учурларда аялдар укук коргоо органдарын кыйгап өтөрүн, алар өз маселесин ачык айтып чыгуудан тартынарын белгиледи.
“Күйөөсүнүн колунан ажал таап же ар кандай жараат алган аялдар тилекке каршы, абдан көп. Зомбулук дегенде эле күч колдонуу эмес, психологиялык жактан басмырлап, баскан-турганын тескөө да зомбулукка кирет. Бизге кайрылган аялдар менен психологдор иштеп, адистерибиз кесиптик багыт берип, үйрөтүп, юристтер укуктарын түшүндүргөндө аялдарда өзүнө ишеним пайда болуп, кийинки жашоосун алып кеткендер бар. Бирок өтө аз санда. Көбү күйөөсү сабаса да элден уялып, милицияга кайрылбайт. Ошол себептен укук коргоо органдарында да психологдор иштеши зарыл болуп турат. 30 жаштагы келиндин өлүмүнө шектүү күйөөсү деле кандай жаза алат? "Кечиришели, өлгөн адамды кайтарып ала албайбыз" деген кеп менен сөз бүтүшү мүмкүн”.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстанда жүргүзгөн изилдөөсү өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 70% өз ара макулдашуу менен чечилерин көрсөткөн.
SOS коопсуздук тиркемеси
Ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын коопсуздугун камсыздоо үчүн SOS коопсуздук тиркемеси ишке кирерин иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.
Программа үй-бүлөлүк зомбулуктан жана зордуктун башка түрлөрүнөн кыз-келиндерди коргоо жана керектүү учурда жардам берүү максатында түзүлгөн. Алдыңкы эки айда ишке кирет деген SOS тиркемеси кол телефонго орнотулат. Ага геолокация функциясы кошулат, зарылчылык болгондо тиркемени басса жакынкы аралыктагы милицияга зомбулук тууралуу маалымат түшөт.
Бул канчалык натыйжалуу болору азыр белгисиз. Бирок милиция аялдардын укугун коргоодо тиркеменин көмөгү чоң болорун ишендирип жатат.