Калемгер Уулкан Амираева Москвада 15 жылдан бери эмгек мигранттарынын катарында жүрөт. Каарманыбыз “Азаттыкка” бул аралыкта кандай иштерди жасаганын, көргөн түрдүү кыйынчылыктарын айтып берди. Анын айтымында, учурда рублдин куну түшүп кеткени Орусиядагы мекендештерди бир топ убайымга салып турат.
Акын "Азаттыкка" учурдагы жумушу, жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу ат жалында маек курду.
- Саламатсызбы, Уулкан, жакшы турасызбы? Адашпасам, көп жылдан бери Москвада эмгектенип жүрөсүз. “Көз жашка ишенбеген” шаарга жакшы эле көнсөңүз керек?
- Шүгүрчүлүк, рахмат. Москвага эң алгач 2007-жылы келгем. Анда бир жыл эле иштеп кайра кетем деп келгем. Бирок ошол бойдон байланып жүрөм. Билинбей бир топ жыл өтүп кетти. Акчасы адамды азгырып, тарта берет тура. Көнгөндө да аябай эле көндүм. Кантсе да жашоонун ысык-суугуна күбө болгон шаар. Жаман дебейм, жакшы эле киреше таап, айылга үй салуума себеп болгон, дос-жар күткөнүмө себеп болгон шаар.
- Орусияга келгениңизге канча жыл болду? Мурдараак Кыргызстанга келип кеттиңиз окшойт? Же бул арада башка өлкөдө да жүрдүңүзбү?
- Москвага келгениме баш-аягы 15 жыл болуп калды. Башында айылга жылына бир эле жолу 15-30 күнгө барып турчумун. Үй салам деп баламдын чоңойгонун деле көрбөдүм, жарытылуу мээрим бере албадым. Жалгыз адамга бул өтө кыйын экен. Үйүм бүтсө эле кетем деп ушунча жыл билинбей өтүп кетиптир. Бирок дагы деле оңдоп-түзөө иштери чыга берет экен, балам үчүн деп оңдоп-түзөө иштерине акча табыш үчүн ала куржунумду асып алып келе бердим. Өзүбүздүн мекенде эле ишке кирип иштегим келет, бирок ал маяна менен иш бүтчүдөй эмес. Былтыр апамдын ден соолугуна байланыштуу мекенде сегиз ай жүрдүм. Эң көп тыныгуу ушул болду. Үйдө жатсаң тирилик өтө берет экен, жалкоолукка да көнө берет экенсиң. Кой деп Бириккен Араб Эмираты менен келишим түзүп, сулуулук жаатында эмгектенгеним үчүн оңой эле жумуш таап, сапар алдым.
Биз жок жерде бакыт көп, барсаң бирин таппайсың деген сыяктуу, менин Дубайга болгон көз карашым такыр башкача болду. Кооз имарат, тегиз жолдору гана болбосо, суктанарлык башка эч нерсеси жок экен. Чөп, жамгыр, бак-дарагы жасалма. Табигый жашылдандыруу жокко эсе. Муздак сууну сатып ичесиң, чоргодон деле жылуу суу агат. Жан чыдагыс ысыкта сыртта жөө басуу мүмкүн эмес. Кондиционердин жардамы менен жан сакташат экен. Ушунча жыл Москвада жүрүп, мекендин кадырын Дубайга барганда билдим. Мактансаң мактанарлык, суктансаң суктанарлык жерибиздин баркын билбейт экенбиз деп кейидим. Климатына чыдай албай, эки айдан кийин кайра Москвага келе бердим.
- Бул арада кандай жумуштар менен алек болдуңүз, учурда кандай жумуш кыласыз?
- Буга чейин көп жумуштарда иштедим. Кассир болдум, сатуучу болдум, орустун үйүн деле жыйнадым, полун сүртүп, идишин деле жуудум. Көп жыл тикеден тик туруп иштей берип варикоз оорусуна чалдыктым. Анан отуруп иштеген жумуш издеп, азыркы кесибимди тандадым. Учурда аялдарды сулуулайм. Жумушум өзүмө жагат. Мен өзүм майда иштерден рахат аларымды байкадым.
- Соңку күндөрү рублдин куну түшүп кеткени Орусиядагы мигрант мекендештерди бир топ убайымга салып жатат. Мындай абалда кантип атасыз? Баарын дароо таштап кетип калуу да мүмкүн эместир?
- Рубль бизди кыйла эле ойго салып жатат. Айылга жөнөтпөйүн десем, той баштаганбыз, ага акча салбасам да болбойт. Өтө көп айырма менен артка кетип жатабыз. Убактылуу да, кайра көтөрүп калар деген үмүт менен иштеп жүрөбүз. Кыргызстанда негизги киреше булагы болбогон соң баарын таштап кетүү албетте, кыйын. Ал жакта деле сулуулук салондо иштеп жүрдүм, бирок тапканым күнүмдүк тириликтен артпайт экен, сабыр кылуудан башка аргабыз жок.
- Дегеле ушул учурларда Орусиядагы мекендештердин абалы кандай? Алардын жалпы бир көйгөйлөрү сизге тааныш болсо керек?
- Бул жакта эн чоң көйгөй – каттоого туруу маселеси. Мурда бир жылга 6-7 миң рублге жасатсак, азыр бир жылга узартуу 20 миңге чейин барып жатат. Кээ бирлер ар үч айда 7-8 миңге жасатып жатат. Дагы бир көйгөй – Сахарового барып, жылына бир жолу текшерүүдөн өтүү. Негизи эле медициналык китепче жасатабыз да, ар алты айда текшерүүдөн өтөбүз. Бул бизге ашыкча чыгым, ашыкча убакыт коротуу. Буга да 7-8 миң рубль акча сарпталат. Эртең менен барып кечинде кайтышат ал жактан. Себеби, кезекке тургандар өтө көп. Бизге мурдагы системаны кайтарып берсе жакшы болот эле.
- Сизди калемгер катары тааныйбыз. Москвада кыргыздардын “Москва кайрыктары” өңдүү адабий бирикмелерди угуп калабыз, ал жакта да бир топ калемгерлер бар. Чыгармачылык менен алектенгенге убакыт болобу? Кандайдыр бир чыгармачыл кечелерде жолугуп турасыздарбы?
- Калем алып ыр жазбай калганыма көп жыл болду. Адамдын жүрөгүндө санаа, ыза, тынчсыздануу же болбосо чыныгы аруу сүйүү, сагыныч, күтүү болмоюнча жүрөктүн түпкүрүнөн ыр жаратуу кыйын экен. Мен жашоодо эки адамды катуу сүйдүм, дээрлик көпчүлүк ырларымдын жаралуусуна ошол эки адам себепкер болду. Кээде эски ырларымды окуп бирде уялсам, бирде жакшы күндөр эске түшөт. Адабий ийримдерге мындан 7-8 жыл мурда активдүү катышып, жыйналып ыр окуп турчубуз.
Ал кезде Кыргызстандын жети дубанынан таланттуулар чогулуп, аябай ынтымактуу элек. Азыр ыр уккан деле адам калбады окшойт, ар ким өз тиричилиги менен алек. Айрыкча азыркы жаштар ыр дүйнө, китеп дүйнөдөн алыс. Мен чыгармачылыктан алыстап кеткеним үчүн бүгүнкү күндө адабий кечелер барбы-жокпу, билбейм. Кыргызстанда болуп жаткан сынактарды, ыр жыйнактын бет ачарына арналган кечелерди көрүп, албетте, суктанам. Москвада курсак ток, жумушуң болсо болду, бош убакыт тапсак уктап алайын деп, эс алуу күн өтүп кетет. Мындайда, албетте, чыгармачылыктан алыстайсың.
- Сизди учурда эмнелер көбүрөөк толгонтот?
- Мекенге болгон кусалыкты ар бир адамдын көзүнөн байкаса болот. Колдон келсе өз мекениңде иштеп-жашаганга эмне жетсин? Мекенден, ата-энемден, баламдан алыста өтүп жаткан ар бир мүнөтүмдү кызганам.
Жаш кезде кай жерде болбосун күн өтсө болду экен. Убакыт өтүп, акыл кирип, туулган жердин топурагы өзүнө тартып калганда өз үйүңдө тынчтыкта таң атыруу чоң кыял болуп калат экен. Буюрса жазга чейин чыдап койсом, анан биротоло мекенге кайтам деген планым бар. Туруктуу жумуш таап, өз өлкөмдүн өнүгүшүнө аз да болсо салым кошкум келет. Балама татыктуу тарбия берип, жакшы окуу жайга окутсам экен деп ойлоном.
Каниет
Жашагым жок менин борбор калаада,
Үй салсам дейм булак чыккан талаага.
Ал үйүмдү толтургум жок буюмга,
Толтурсам дейм этек толгон балага.
Орун бербейм ал үйүмдөн санаага,
Айлантсам дейм үйүм алдейканага.
Жасалгалап алтын-күмүш таккым жок,
Бөлөсөм дейм таттуу күлгөн балага.
Илгим келбейт килем, парда, гүл чырак,
Болсо болду бакыт, ырыс, ынтымак.
Илгим келет балдарымдын көйнөгүн.
Мына ушул менин байлык, өрнөгүм.
* * *
Өзүмдөн таппай, өзгөдөн издеп чындыкты,
Учалбайт дедим, кош канат бүтүн чымчыкты.
Тагдырга шылтап, жашоомо кээде наалысам,
"Көөдөнүң сокур турбайбы" деген үн чыкты.
Көөдөнүм сокур! Оюшкан көзүн жамандар,
Көңүлүм жулуп, тепселеп, тыткан адамдар.
Кантейин анан, ишенич турса элеңдеп,
"А балким бул да.. А балким.." деген санаам бар.
Түшүнөр дедим мендеги ушул сезимди,
Туралбай тынчып, тайсалдап турган кезим бу.
Талабым ушул, абайла жарты көңүлүм,
Колуңдан келсе, кайтарып берчи өзүмдү.
* * *
Күбөсү өзүң таңымдын күндө атканын,
Ээси да өзүң күнүмдүн кечте батканын.
Сен менен чогуу унутуп кайгы-капаны,
Сен менин издеп, жашоодон арзып тапканым.
Жай баскан жаным, шашамын үйгө аптыгып.
Капалуу элем, азыр мен күлөм каткырып.
Булардын бардык себеби өзүң, асылым,
Буйругу сенсиң Алланын мага бак кылып.
* * *
Көз алдымда турат сүйкүм карааның,
Күндө ойлоп убарамын сени эстеп.
Бүгүн дагы жолго чыктым үмүттүү,
Балким бүгүн, балким азыр келет деп.
Адат болду күндө баруум бекетке,
Аялдама болуп менин менчигим.
Келбешиңди билсем дагы жол карап,
Кусалыктан неге мынча тентидим?
Сүйүүгө мен ишенбегем кезинде,
Сай-сөөгүмө өттү бүгүн азабы.
Сүйдүм экен сени неге аптыгып,
Сүйгөндүгүм сени балким жазабы?!
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир,
Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.
Неге атың жаздым экен жүрөккө,
Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн?!
* * *
Күздөгү кусалык
Сагындым көзүңүздү. Өзүңдү андан дагы,
Өзөгүм өрттөнүүдө, жөлөнгүм келип сизге.
Өмүрүм өтүп жатат, кусалык өтпөй койду.
Өксүбөй жолуксак не экөөбүз ушул күздө?
Таң болуп сырдашарым, караңгы кайгым болуп,
Тээ өткөн учурларды эстетет, жашыттырат.
Сиз болсо таттуу уйкуда, ойгонсо жазаттыр деп,
Өчпөстөн кат куржунум, үмүттүү "жашыл" турат.
* * *
Тилегим
Жарды күтөм!
Жан дүйнөсү гүлдөгөн.
Жаман болсом, жакшы жакка үндөгөн.
Бирге чечип, бул турмуштун чиесин.
Барктап турса, бактылуумун күндө мен.
Жарды издейм!
Үй-бүлөсүн барктаган.
Жарын сүйүп, ишеничин актаган.
Бийик тутуп балдарыны баарынан,
Бөлөк үчүн ыйманыны сатпаган.
Жарды тилейм!
Башты коёр жөлөккө.
Жан дүйнөмө жарап турар керекке.
Жаш кыз көрсө жалын болбой, от болбой,
Жубайыны алмашпаган бөлөккө.
Уулкан Амираева 1988-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында төрөлгөн. Айдаркендеги Орозбай Маканов атындагы орус мектебин аяктагандан кийин, 2022-жылы ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин финансы бөлүмүн сырттан бүтүргөн.
2013-жылы “Каректеги жаш” аттуу алгачкы поэтикалык китеби жарык көргөн. Айрым ырларына обончулар обон жазган ("Келгениң кандай жакшы", Айбек Карымов; "Келиндер", Назридин Маматсултан). Калемгердин быйыл өлкөдөгү Жогорку окуу жайларынын биринде билимин улантуу максаты бар.