Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Жыл башынан бери 11 миңден ашуун адам чет өлкөлөрдө ишке орношту


Улуу Британияга жөнөп жаткан кыргызстандыктар. 19-май, 2022-жыл.
Улуу Британияга жөнөп жаткан кыргызстандыктар. 19-май, 2022-жыл.

Жыл башынан бери 11 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө ишке орноштурулду. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Германиянын Миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү Йоахим Штамп менен жолугушкан учурда билдирди.

Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Англия, Түштүк Корея, Венгрия, Түркия жана Германияга жөнөтүлгөн.

Жолугушууга катышкан Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу зарыл экенин белгиледи.

"Кыргызстандыктарга виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү биздин жарандардын Германияда мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жардам берет. Германия Федеративдүү Республикасында билим, тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү биздин өлкө үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ, жаштарга инсандык өсүү жагынан жардам берет", - деди ал.

Эки тарап кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштурууну уюштурууга, жумуш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгилешти.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Германияда мезгилдүү жумушта иштеп жүргөн кыргызстандык студенттер арасында укугу бузулганын айтып арыздангандар көбөйгөнүн билдирген.

Аталган мекеме чет өлкөгө барып иштеп келүүнү каалаган студенттерге кайрылып, кыргызстандык да, германиялык да жумушка ортоштуруучу жеке агенттиктер менен эмгек келишимин түзүүдө этият болууга чакырган.

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка жөнөтүү менен алектенүүчү жеке агенттиктерге лицензияны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору берет. Анын директору Алмаз Алыбаев "Азаттыкка" билдиргендей, Кыргызстанда мындай агенттиктердин саны 160тын тегерегинде, алар аркылуу 20 чакты өлкөгө барып иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Уруксатсыз иштеп жаткан агенттиктер боюнча былтыр милицияга 35, быйыл алгачкы үч айда 28 материал жөнөтүлгөн.

Жумуш издеп, сырт жакка чыгып жаткандардын көбү жаштар. Алардын арасында түрдүү жеке агенттиктерге алданып, кулчулукка кабылгандар бар.

Британия өткөн жылы Кыргызстанга миң жумуш ордуна квота бөлгөн. Жумушчуларды тандоо, алар менен офлайн аңгемелешүүнү Британиянын Pro-Force компаниясы өзү жүргүзөрү маалымдалган. Июль айында Британияга бул программанын негизинде 5230 адам барганы маалымдалган. Мындан сырткары кыргызстандыктар эки тараптуу кызматташуу меморандумунун негизинде Түштүк Кореяга жөнөтүлгөн.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG