"Манастагы" тирештин учугу кайда?

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Алпаслан Жейлан.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин айрым окутуучулары, профессорлору окуу жайдын ректору Алпаслан Жейландын экинчи мөөнөткө келип иштөөсүнө каршы чыгууда.

Жыйырмадан ашуун мугалим кол койгон кат баш прокурорго жана окуу жайдын Камкорчулар кеңешине жолдонгон. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева университетте жыйын да өткөрдү. Ал тапта ректор Алпаслан Жейлан окуу жайга кайтып келип, эки проректорду жаңы дайындады. Азыр университетте сабактар кадимкидей уланып, иш үзгүлтүккө учурабаганы маалымдалды.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетиндеги окуу жай жетекчилигинин ишмердигине нааразы окутуучулардын кайрылуусу өткөн аптада жарыяланган.

Кайрылуу баш прокурордун атына жана университеттин Камкорчулар кеңешине жолдонгон. Ага жыйырмадан ашык профессор, доцент, ага окутуучу, катардагы окутуучулар кол койгону белгилүү.

Ректордун экинчи мөөнөтү

Спорт илимдер факультетинин деканы Канат Жанузаковдун айтымында, окуу жайдагы соңку кризистик кырдаал ректордун экинчи мөөнөткө дайындалышына байланыштуу жаралган:

Канат Жанузаков

"Август айында мурдагы ректор Алпаслан Жейландын иштөө мөөнөтү аяктаган. Бул маселе университеттин Камкорчулар кеңеши жана Түркиянын Жогорку билим берүү комитети тарабынан бекитилиши керек эле. Апрель айында кеңештин жыйынында ошол мезгилде иштеп турган профессор Жейландын экинчи мөөнөткө калышына кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү каршы пикирлерин айтышкан жана бул тууралуу түрк тарапка да кабарланган. Ошого карабастан маселе убагында чечилбей, Жейлан белгисиз себептерден улам кайра дайындалган. Дайындоону Түркия бир тараптуу жүргүзгөн. Биздин негизги талап, апрелде чыгарылган чечимди сактоо аркылуу жаңы ректорду дайындоо керек. Ректор Жейландын экинчи мөөнөткө калышына макул эместигибизди билдирип жатабыз. Бир беткей чечим Камкорчулар кеңешинин расмий чечимине каршы келет, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарында жазылган талаптарга туура келбейт”.

Камкорчулар кеңешине жазылган кайрылууда билим берүүнүн стандарттарынын бузулушу, ректордун Кыргызстандын мыйзамдарын аткаруудагы кош көңүл мамилеси, окуу жайдын каражатын колдонуудагы ачык-айкындыктын жоктугу жана жумушка алуудагы, бошотуудагы мыйзам бузуулар сыяктуу маселелер жазылган.


Ал эми баш прокурордун атына жолдонгон кайрылууда окуу жайдын уставы Кыргызстандын мыйзамдарынын талабын жана эмгекти уюштуруунун эл аралык конвенциясынын сунуштарын бузуу менен түзүлгөнү белгиленген.

Университетте окутуучуларды сынак негизинде тандоо талабы толук аткарылбай, профессордук-окутуучулар курамынын укуктары одоно бузулганы жана бул жагдай сапаттуу билим берүүгө доо келтирип, окутуучулардын укугун бузуп, университет туруктуу иш орду менен камсыз кылуу милдетин аткарбай, коррупциялык схеманын иштешине шарт түзүп жатканы да белгиленген.

23 окутуучу кол койгон кайрылуу баш прокурордун атына 20-сентябрда жөнөтүлгөн экен.

Университеттин Камкорчулар кеңешинин сегиз мүчөсү бар. Анын жарымын Түркия, дагы төртөөнү Кыргызстан шайлайт. Аталган кеңеш окуу жайдын жетекчилигин тандайт, ишмердигине баа берет.

"Кыргызстандын мыйзамдарына туура келбеген иштер көп"

Университеттин философия бөлүмүнүн башчысы Жамгырбек Бөкөшев ички нормативдик документтер Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш келбей жатканын белгиледи. Бөкөшев окутуучулар курамынын укугун чектеген жагдайлар көп экенин айтууда:

Жамгырбек Бөкөшов

"Стратегиялык өнүгүүгө, билимдин сапатына тиешелүү маселе оор. Маселен, профессордук окутуучулук курам конкурска катышып, андан өткөндөрү менен ректорат эмгек келишимин түзүшү керек. Биз буга чейин бир жылдык келишим менен иштеп келгенбиз, акыркы үч жылда аны да түзбөй калдык. Жалпы келишим гана бар. Аны ректорат бир тараптуу, себебин түшүндүрбөстөн токтотуп коюшу мүмкүн. Бул жагдай мугалимдердин билим сапатын көтөрүүгө тоскоол болууда. Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, конкурстан өткөн мугалим бир ордунда беш жыл туруктуу иштейт жана кайрадан конкурстан өтүүгө тийиш. Келишим менен иштөөнүн дагы бир терс жагы, бул окутуучулардын академиялык эркиндигин жана демилгесин чектеп жатат".

"Манас" университетинин ректору Алпаслан Жейлан азырынча жогоруда айтылган жагдай тууралуу маалымат бере элек. Биринчи проректор Алмаз Ибраев окуу жайдагы азыркы абалга байланыштуу түшүндүрмө берди:

Алмаз Ибраев

"Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы келишим, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставынын негизинде ректор Камкорчулар кеңешинин сунушу менен дайындалат. Ректорду "убактылуу милдетин аткаруучу" катары да дайындоо тууралуу эки документте тең көрсөтүлгөн эмес. Апрель айындагы бул кеңештин жыйынында профессор Жейлан кайра экинчи мөөнөткө шайланып келбесин деген чечимди кыргыз тарап берген. Бирок ал иш жүзүнө аша элек".

"Азаттык" Алпаслан Жейлан менен байланышууга аракет кылды. Аталган окуу жайдын өкүлү расмий кат менен кайрылууну сунуштады. Ал эми университетке таандык "Манас" телеканалынын жетекчиси Булент Намал учурдагы жетекчиликтин ишмердигин жакшы баалай турганын билдирди.

Эки проректор жаңы дайындалды

Ал тапта Асланалп Жейлан Кыргызстанга келип, 8-октябрда окуу жайга ректордун эки орун басарын дайындады. Бул тууралуу окуу жайдын расмий сайтына жарыяланды.

Жаңы дайындалган эки проректор жана ректор Асланалп Жейлан, проректор Алмаз Ибраев.

Теология факультетинин диндерди таануу бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Режаи Доган жана экономика жана башкаруу факультетинин окутуучусу, профессор Камалбек Карымшаков проректор болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган проректорлорго кызматка дайындалгандыгы тууралуу буйрукту ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор Алмаз Ибраев тапшырып, ийгилик каалады.

5-октябрда ректор Жейлан Түркиянын Жогорку билим берүү комитетинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушкан.

Өзвар “Манас” университетинин тездик менен өнүгүшү аларды кубантканын, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы академиялык жана социалдык байланыштардын бекем негизин түзгөн бул окуу жайды ар дайым колдой тургандыгын айтканы кабарланган.

“Манастын” дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин бири болгонуна баарыбыз чогуу күбө болобуз. Биз максаттарыбызды ишке ашырууда эң чоң күчтү зор салым кошкон “Манас” университетинин ийгилигинин архитекторлору - Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон алабыз. Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп жаңы дайындалган профессор Ибрахим Чапак менен да күчүбүз бекемделди. Биргеликте дагы чоң иштерди алып барып, урматтуу президенттерибиз койгон дүйнөлүк университет болуу максатына карай тездик менен алдыга жылууга умтула бермекчибиз” , - деген Жейлан.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева университеттин окутуучулар курамы менен 6-октябрда жолугушуу өткөрдү. Жыйынга окуу жайдын окутуучулар курамы гана киргизилгендиктен, анда болгон сөз, талкуулар тууралуу ачык айтылган жок. Министрлик алдыдагы күндөрү бул тууралуу маалымат берилерин убада кылды.

"Алдыңкы университет атын сакташы керек"

Жогорку Кенештин 3-октябрдагы жыйынында "Элдик" депутаттар тобунун депутаты Мирлан Самыйкожо Билим берүү министрлигин окуу жайдагы абалга көңүл бурууга чакырды:

Мирлан Самыйкожо

"Кыргызстандагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетин кандайдыр бир деңгээлде мыкты, кесипкөй окуу жай катары атап келебиз. Бирок бизге келген маалымат жана атайын кайрылуулар боюнча университеттин ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы толук кандуу жүрбөй жатат. Ушуга байланыштуу Билим берүү жана ошондой эле Тышкы иштер министрликтерине айтып, тезинен окуу жайга барып, көзөмөлгө алыш керек. Мында мен деген профессорлор, мыкты окутуучулар сабак берип, кыргыздын уул-кыздары билим алып жатат. Алардын келечегине балта чабылып калбасын. Мүмкүн, министрлер барып, көзөмөлүнө алса, биз да анан социалдык саясат боюнча комитет аркылуу көзөмөлгө алабыз".

"Манас" университети ачылгандан бери 13 миңден ашуун студент окуп бүтүргөн. Окуу акысыз жүргүзүлөт. Окуу жайды 2006-жылы аяктап, ушул күнгө чейин анын ишине көз салып, университеттин турмушуна активдүү аралашып келаткан бүтүрүүчүлөрүнүн бири, бүтүрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү Султан (аты-жөнүн толук айткысы келген жок - ред.) соңку окуя студенттердин сапаттуу билим алышына кедергисин тийгизип коюшу ыктымал деп кооптонот. Мындан улам мекемедеги ички интригаларды токтотуп, жаштардын келечегин курууга бел байлоону туура көрөт:

"Азыр университеттин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн ар тарабында ийгилик жаратып келет. Демек, окуу жайдын сапаттуу билими буга чоң көмөкчү болгону далилденди. Эми азыркы окуяларды айта турган болсок, профессордук курам да, ага окутуучулар да, ректорат да талаш-тартышты токтотуп, билимдин сапатын мындан да жогорулатуунун үстүндө иш алып барышы керек. Болбосо мындай окуялар университеттин рейтингин түшүрүп, бул дароо сапатка таасир этет. Бул бирден бир мыкты, бекер билим берген окуу жай болгондуктан бир чачыраса, кайра калыбына келтирүү кыйынга турат. Ички араздашуудан улам чет жерден келген жакшы окутуучулар, кыргызстандык профессорлор иш таштап кетиши ыктымал. Азыр университеттин бүтүрүүчүлөрү баарыбыз буга кабатыр болуп турабыз. Биз маселенин тез, кеңешүү менен чечилишин гана каалайбыз".

Билим берүү жаатындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров бул маселе көптөн бери айтылып келатканын, бирок соңку бир айда гана ачыкка чыкканын белгилейт. Адистин пикиринде эки тараптуу келишимди кайра карап, зарыл болсо өзгөртүү киргизүү керек:

Кеңешбек Сайназаров.

"Келишимди башынан жазып, бардыгына бирдей шарт түзүү керек. Мисалы, ошол эле башка өлкөлөрдөн келген мугалимдер жана кыргызстандык мугалимдердин статусун бир деңгээлде бекитүү зарыл. Экинчи жагдай, адеп ректорду шайлоо алмак-салмак жүргүзүлүп, бир Түркиядан, бир Кыргызстандан болушу керек эле. Ошондой болду, бирок Кыргызстандан шайланган ректорлордун иши да сынга кабылган учурлар көп болду. Жетекчилик менен жакшы мамиледе турган окутуучуларга өзгөчө айлык төлөп берген жагдайлар да болгон. Профессордук курамдын арасында акыйкатсыздык маселеси да буга чейин көтөрүлүп, айрымдарга жакшы мамиле жасалып, жумуш жүктөмү азыраак деген ойлорго жем таштабашыбыз керек".

Кыргызстанда 29 жылдан бери ишмердик жүргүзүп келаткан универитетте азыр 460 кызматкер эмгектенет. Алардын канчасы окутуучулар курамына кире турганы так белгисиз. Университетте төрт институт, эки жогорку мектеп, 11 факультет ачылган. Кыргыз жана түрк өкмөттөрүнүн келишиминин негизинде ачылган жана окуу жайды түрк өкмөтү каржылайт. Окуу жайдын сайтындагы маалымат боюнча 5 миңге чукул улан-кыз акысыз билим алат, алардын басымдуу бөлүгү - Кыргызстандын жарандары.