"Левада": СССРди эңсегендер көбөйдү

Орусиядагы коммунисттердин пенсия реформасына каршы нааразылык акциясы, Москва, 21-август 2018-жыл.

Орусияда СССР заманын эңсеген жарандардын саны көбөйгөнүн "Левада-борборунун" жаңы сурамжылоосу көрсөттү. Ага катышкан орусиялыктардын үчтөн экиси Советтер Союзунун ыдырап кеткенине өкүнөрүн айтышкан.

Москвадагы "Левада-борборунун" соңку сурамжылоосунун 19-декабрда жарыяланган жыйынтыгына ылайык, "Советтер Союзу ыдырабай койсо болмок" деген орус жарандардын саны соңку 14 жылдагы жогорку чегин көрсөттү.

Орусиянын ар кыл аймактарындагы сурамжылоого катышкан 1600 кишинин 66 пайызы же үчтөн экиси "СССРдин ыдырап кеткенине өкүнөсүзбү?" деген суроого "ооба" деп жооп беришкен.

Респонденттердин төрттөн бири гана советтик доордун ураганына өкүнбөй турганын айткан. Ал эми тогуз пайызы так жооп бере алган эмес.

"Леваданын" быйылкы сурамжылоосу совет заманын эңсеген адамдардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 8 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Москвадагы бул борбордун башчысы Лев Гудковдун айтымында, быйыл андай жарандардын катарына СССР доорунда жашап көрбөгөн жаштар да кошулган:

"Леваданын" жетекчиси Лев Гудков.

- Совет заманын көрбөгөн, элдин 30 пайызга чукулун түзгөн, улуу муундун ойлоруна кошулган жаңы муун пайда болду. Алар социалисттик көз караштарды же мамлекет баарын камсыз кылган системаны жакташат. Мурда өздөрү курактагы адамдар барчылыкта жашаганын, акысыз медицина, акысыз билим берүү сыяктуу кийин жоюлуп кеткен артыкчылыктар болгонун айтышат.

Президент жана премьер-министр катары Орусияны 18 жылдан бери башкарып келаткан Владимир Путин совет доорунун өксүктөрүн эмес, жетишкендиктерин баса белгилеп келет.

Ал 2005-жылдагы сөзүндө СССРдин ыдыраганын "20-кылымдагы эң чоң геосаясий катастрофа" деп атап, бул жараяндан кийин орустардын ири тобу Орусиядан бөлүнүп калганын айткан. Ал март айында "тарыхтагы кайсы окуяны өзгөртүүнү каалайсыз?" деген суроого Советтер Союзунун кулаганына өкүнөрүн айткан.

Бирок "Левада-борбору" соңку сурамжылоонун жыйынтыгына Путиндин мындай билдирүүлөрүнөн мурда да өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар себеп болгонун билдирди.

- Дайыма СССРдин кулаганына өкүнгөндөрдүн саны кризис маалында же кризистен кийин көбөйөт. Мурдагы жашоо кандай жакшы болгонун айтуу - учурдагы кырдаалга нааразылык билдирүүнүн бирден бир жолу. Баалар өсүп, келечекке болгон ишеним азайган жана экономикадагы сенектик, жумушсуздук өкүм сүргөн учурда "мурда абал жакшы болчу" деген сезим жаралат, - деди "Левада-борборунун" башчысы Лев Гудков.

Пенсия реформасына каршы нааразылык, Барнаул шаары, 22-сентябрь, 2018-жыл.

Уюм сурамжылоосуна ылайык, Советтер Союзу ыдырап кеткенине өкүнгөн адамдардын жарымынан көбү СССР убагында бирдиктүү экономикалык система иштегенин артыкчылык катары белгилешкен. Респонденттердин 36 пайызы "улуу державанын бир бөлүгү болгон учурду" сагынганын айтышкан.

СССР убагына "куса болгондордун" санынын көбөйүшү Орусияда президент Владимир Путиндин рейтинги төмөндөгөн учурга туш келди.

"Левада-борборунун" ноябрь айындагы дагы бир сурамжылоосу Путиндин рейтинги акыркы беш жылда биринчи жолу 60 пайыздан төмөндөгөнүн көргөзгөн. Ал сурамжылоого катышкандардын 56 пайызы гана 2024-жылы боло турган шайлоодо Путинге добуш бере турганын айтышкан. Бул бир жыл мурда суралгандардан 10 пайызга аз.

Президенттин рейтингинин түшүшүнө орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөргөнү, рублдин нарксызданышы жана баалардын кымбатташы менен коштолгон экономикалык кырдаал себеп катары көрсөтүлүп келет.

Бирок президент Путин 20-декабрдагы маалымат жыйынында Орусиянын экономикасы тескерисинче оңолуп жатканын, өлкөнүн ички дүң жыйымы жыл башынан берки 10 айда 1,7 пайызга өскөнүн, бюджетте профицит бар экенин айтты:

Владимир Путин Москвадагы маалымат жыйынында, 20-декабрь 2018-жыл.

- 2011-жылдан бери биринчи жолу бизде профицит бар. Федералдык бюджетте ички дүң жыйымдын 2,1 пайызына тете профицит байкалды. Элдин бакубаттуулугу боюнча улуттук фонд (резерв фонду) 22 пайызга көбөйдү.

СССРдин эңсегендердин саны 2000-жылы эң жогорку чегин көрсөткөн. Анда "Леваданын" сурамжылоосуна катышкандардын 75 пайызга чукулу Советтер Союзунун ыдыраганына өкүнөрүн билдиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.