Президент Владимир Путин валютаны тескөө жана аны көзөмөлдөө тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө 18-декабрда кол койду. Ага ылайык, Орусиядагы банктар жана финансы институттары валютанын курсун көрсөткөн маалыматтарды мурдагыдай көчөлөргө иле алышпайт.
Жаңы эрежени Орусиянын мамлекеттик телеканалы куш тилиндей жаңылык менен калкка кабарлады:
- Эми чет өлкөлүк валютаны канчага сатып же сатып алууга болоору тууралуу маалымат имараттын ичинде гана болот. Андай маалыматты мобилдик тиркемелер аркылуу же банктардын сайттарынан табууга мүмкүн. Борбордук банктан кабарлашкандай, мындай эреже мыйзамсыз акча алмаштыруучу түйүндөргө каршы күрөшүүгө багытталган. Андай түйүндөр көбүнчө банк кассаларындай көрүнүү үчүн мындай такталарды кеңселеринин сыртына илип алышат, - деп билдирди “Россия 24” телеканалынын диктору.
Орусиянын Борбордук банкы мындай демилгесин февраль айында эле көтөрүп чыккан. Мамлекеттик Дума тиешелүү өзгөртүүлөрдү декабрь айынын башында жактырып берди.
Акча алмаштыруучу жайлар 1991-жылы Советтер Союзу ыдырагандан кийин Орусиянын шаарларында, ошондой мурдагы советтик республикалардын көбүндө жыбырап көбөйгөн. Акча курсун көрсөткөн таблолор Орусиянын көчөлөрүнүн бир бөлүгүнө айланган.
Эми орус маалымат каражаттарында, өзгөчө интернет айдыңында “Мындай такталар кимге тоскоолдук жаратты?” деген суроо талкууланып жатат. Бул чечимди колдогондор менен катар орус бийлигин валюталык кризисти жаап-жашырып жатат деп сындагандар да бар.
Москвадагы Экономика жогорку мектебинин профессору Иван Родионов “Эхо Москвы” радиосуна берген комментарийинде бул чечим кардарларды гана коргоого гана багытталганын белгиледи:
- Валюта банктарда гана сатылышы керек. Акча алмаштыруучу жайларда кардарларды алдап же тоноп кетиши мүмкүн же таарынтып коюшу ыктымал, - деди профессор.
Ошентсе да президенттин Борбордук банктын демилгесин колдоп бергенин сындагандардын катары калың. Орус саясатчысы “Оңчул күчтөрдүн биримдиги” аттуу кыймылдын башчысы Леонид Гозман муну артка кайтуу деп мүнөздөдү:
- Путиндин валюта курстарын көрсөткөн такталарды алуу чечими президент ыдырап кеткенине абдан өкүнгөн Советтер союзунун идеологиялык практикасына кайтып барууга тете. СССР жана анын башчылары үчүн сырткы көрүнүш чындыктан да маанилүү болчу. Валютанын курсу боюнча эч нерсе кылууга мүмкүн болбой жатат. Мейли, эң башкысы көзгө урунбаса болду, - деп жазды орус саясатчысы “Фейсбуктагы” барагына.
Кантсе да мындай мыйзам орус рублинин доллар жана еврого карата курсунда олку-солку абал өкүм сүрүп турган чакта кабыл алынды.
Быйыл август айында АКШ Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу Орусияга санкция салаарын жарыялаганда рублдын курсу кескин төмөндөп кеткен. Натыйжада орус улуттук валютасы 2016-жылдын ноябрь айынан берки эң төмөнкү чегине түшкөн.
Сентябрь айында рубль жыл башына салыштырмалуу 19 пайызга чейин нарксызданып, бир доллардын наркы 70 рублга чейин көтөрүлгөн. Валюта рыногундагы мындай кырдаалдан улам Кремль Түркиянын эки тараптуу соодада доллардан баш тартып, жергиликтүү валюта менен эсептешүү демилгесин колдоп чыккан.
1998-жылга чейин орус рублдин курсу туруктуу кармалып келген. Анда бир доллар 6 рублга барабар эле. Ошол жылдын август айында Орусия мамлекеттик кыска мөөнөттүк облигациялар боюнча дефолт жарыялагандан кийин рубль үч эсе нарксызданып кеткен.
2008-2009-жылдардагы дүйнөлүк каржы кризиси жана мунай баасынын төмөндөшүнөн улам рублдын куну ого берет түшкөн. 2009-жылдын башында бир доллар 29 рублдан ашкан.
2010-жылы Орусиянын Борбордук банкы акча алмаштыруу жайлардын ишине тыюу салган. Банктар мындай жайларды жабууга же алардын функцияларын кеңейтүүгө милдеттендирилген. Натыйжада мындай кеңселер банк кассалары деп аталып калган.
2014-жылы Крымдын аннексиясы жана Украинанын чыгышындагы жаңжалдардан улам Орусия Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылып, ага кошумча орус экономикасы көз каранды болгон мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы төмөндөп, рубль дагы нарксызданган.
Учурда доллардын расмий курсу 67,11 рубль, евронуку 76,47 рублды түзүп жатат.