"Кызматтан алынганымды маалымат каражаттарынан билгем"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу - мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов. Ал маегинде эгемендик жылдардагы Кыргызстандын тышкы саясатындагы оош-кыйыштар, ири державалардын таасири, тажрыйбасы, бийликтен кулаган президенттердин чет өлкөлөрдөн башпаанек алышынын себептери тууралуу айтып берди.

- Аликбек мырза, биринчи президент Аскар Акаевдин тышкы
саясаты эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары батышчыл болду,
акыркы жылдары Орусияга ыктаган саясат жүргүзгөн деген
пикирлер бар. Сиз кандай дейсиз?

- Бул суроого бир жактуу жооп бериш кыйын. Эгемен Кыргызстандын
алгачкы жылдарында элибизде эйфориялар көп болгон. Өз алдынча
мамлекет болгондо бизге биринчи кол сунган, мамлекетти тааныган
Америка, Түркия баштаган башка Батыш мамлекеттери болгону
чындык. Анда батышчыл бололу, чыгышчыл бололу деген ой деле жок
болчу. Бир максат – эгемендүүлүк кантип сакталат деген суроолор
турган. Ал кезде Орусия өзү батышчыл болчу. Президент Ельцин
АКШга барып, америкалыктарды мактап, Конгрессте чыгып сүйлөп
турду. Ал кезде баарыбыздын батышчыл болгонубуз биздин
каалообуздан эмес болчу. Ал кезде ошондой кырдаал түзүлгөн болчу.

Дагы караңыз Эгемендик: Кыргызстандын тышкы саясаттагы жолу


- Акаев өзүнүн бийликтен кулашына "Американын кийлигишүүсү
болгон" деген көз караштарды айтып келет. Анын чындыгы
барбы?

- Менде ал боюнча так маалымат жок. Бирок, Акаевдин бийликтен
кетишине башка себептер болгонун баарыбыз билебиз. Элге адилеттүү
бийлик, жаңылануу керек болду. Аскар Акаевич баласын-кызын
парламентке алып келгенде элдин чыдамы кетти, түңүлдү. Ал кезде
оппозиция да күчтүү болчу, элди бириктире алды, күрөшкө алып
чыкты. Америка Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдү
колдоду, бирок, Аксы окуясын кесепеттерин катуу сындап турду, анын
да өз таасири болду.

- Экинчи президент Бакиевдин өз бийлигинен ажырап калышына
Орусиянын таасири болгон деген пикирлер аз эмес. Эгер ал
чындыкка жакын болсо, Бакиев эмнеси менен Кремлге жакпай
калган?

- Бакиевдин кызматтан кетишине да эл өзү кыймылдаткыч, чечүүчү күч
болуп берген. Ал кездеги оппозиция Акаевдин мезгилине караганда да
күчтүү, таасирдүү болгон. Адилетсиз башкаруу, буюртма өлтүрүүлөр
ж.б. мыйзамсыз көрүнүштөр коомдун өзүн күчтүү кылып койду.
Орусия түздөн-түз таасирин көрсөтпөсө да Бакиевдин бийлигине
сыртын салып калган болчу. Бакиевдин Кремлге “Манас” аэропортунда
турган америкалык авиа базаны чыгаруу убадасы аткарылбай калганда
Путин далысын салып калганы чындык. Орусия берген 340 миллион
доллар гранттын да дайыны табылбай кетти...

Дагы караңыз Ассанж, «Манастагы» база, Бакиевдин үй-бүлөсү

- Бакиев бийликте турганда Өнүгүү жана инвестициялар боюнча
борбордук агенттигин (ЦАРИИ) түзүп, анын башына баласы
Максимди дайындаганы "бара-бара бийликти атадан-балага
өткөрүү аракети болчу" дегендер аз эмес. Сиздин көз караш кандай?


- Жаңы түптөлүп келе жаткан мамлекеттерде инвестиция тартып
келүүнү максат кылып, аны менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну
көздөгөн ушундай агенттиктерди түзүү тажрыйбасы көп эле болгон.
Ушул негизден алып караганда ЦАРИИнин түзүлүшү туура эле чечим
болгон. Бирок, Бакиев агенттиктин башына башканы эмес, баласы
Максимди койгону бийликке болгон ишенимди төмөндөттү. Максим
мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы эмес, жеке кызыкчылыктар менен
иштеп кеткени, элди ого бетер кыжырдантты. Биздин бийликтен кеткен
президенттер күнөөнү өздөрүнөн эмес, сырткы факторлордон издеп
жатканы өкүнүчтүү. Элдин мүдөөсү аткарылган саясат болгондо
бийлик ордунда калмак.

- Кыргызстан Конституциясында көз каранды эмес саясат
жүргүзгөн мамлекет деп аталат. Иш жүзүндө өз алдынча тышкы
саясат жасоого Кыргызстандын дарамети, күчү, эрки барбы? Же
держава мамлекеттердин көзүн караган учурлар болобу?


- Кыргызстан өз алдынча тышкы саясатын жүргүзө алат. Ал үчүн
мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары так аныкталышы керек. Анын
идеологиясы, жолу ачык, даана көрүнүп турушу керек. Биз ким менен, качан, кайсы ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырабыз, так
билишибиз керек. Экинчи жагынан биз космосто эмесбиз, баарыбыз
жерде болгондуктан, бардык мамлекеттер бири-бирине кайсы бир
деңгээлде байланган. Мисалы, дүйнөнүн экономикасы АКШ менен
Кытайдын мамилесине байланыштуу өзгөрүп турат, алар бири-бирине
көз каранды. Алардын аркасы менен башка мамлекеттер да чырмалган. СССР урап, Варшава келишими жоюлгандан кийин дүйнөнүн
тагдырын жалгыз Америка чечип калган. Азыр абал башка, дүйнөнүн
глобалдуу маселелерин чечүүгө АКШ, Орусия, Кытай, Евробиримдик,
Индия катышып жатат.

Дагы караңыз Кремлдин өкүлүнүн талабы Бишкекке басымбы?

- Аликбек мырза, президенттер Акаев, Бакиев, Отунбаева,
Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров дагы сүйлөгөн сөздөрүндө
Кыргызстанда демократиялык коом куруу жөнүндө айтышат,
арадан 32 жыл өттү, тилекке каршы демократиялык баалуулуктар
эмне үчүн калыптанган жок? Анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?


- Мен убагында Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмунда да иштеп калдым. Менимче, батышта демократияга кош стандарттуу баа берилет. Мисалы, АКШда өлүм жазасы бар. Ал эми бизге окшогон кичине мамлекеттер өлүм жазасын жоебуз дешсе, демократияга каршы деп сындашат. Ошондуктан ар кимде демократия боюнча өз түшүнүктөрү, баалуулуктары бар. Салыштырмалуу айтканда Кыргызстан демократия боюнча Борбордук
Азияда алдыңкы орундабыз. Тилекке каршы, бизде бийлик алмашкан
сайын өзүнө гана иштей турган системаларды, формаларды ойлоп таап
иштетип жатышат. Кыргызстан өткөн-кеткен 30 жылдын ашык
тарыхыбызга анализ кылып, талдап, демократиядан өз жолубузду
табышыбыз керек деп ойлойм. Демократия дегенди Европада башка,
Америкада башка, Араб дүйнөсүндө башка, Орусияда башка түшүнүк
менен карашат.

- Акыркы жылдары Америка+Борбор Азия, Орусия+БА,
Германия+БА, Евробиримдик+БА, Кытай+БА, Жапония+БА
саммиттери активдешип жатат. Мындай саясаттын максаты
эмнеде? Батыш менен Чыгыш тирешип турган бүгүнкү шартта
Кыргызстан кандай позицияда болушу керек?


- Дүйнөнүн саясий картасын карасаңыз, Борбор Азия мамлекеттери
Орусия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан чоң аймак. Дүйнөнүн ири мамлекеттеринде “бул аймакка таасирди күчөтүп алсам, Кытай
менен Орусиянын абалы начарлайт” деген ойлору бар. Алар биз менен
иштешүүгө кызыкдар. Ушундай абалдан пайдаланып, абдан ийкемдүү, мобилдүү, прагматикалуу тышкы саясатты алып барсак, биз утабыз. Мисалы, биздин жарандар үчүн Европа өлкөлөрүнө барып иштөөгө жакшы шарттар түзүлүүдө, аны туура пайданалы. Биз аларга “Кыргызстанга кандай пайда алып келесиңер” деген маселени, талаптарды коюшубуз керек.

Дагы караңыз Германия-Борбор Азия: Интеграция, экономика, адам укуктары

- Аликбек мырза, 2020-жылдын октябрь айында, ал учурдагы
президент Жээнбековдун бийлигине каршы толкундоолор болуп
жаткан кыйчалыш учурда мамлекет башчысы күтүлбөгөн жерден
сизди Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматынан бошотту.
Ага эмне себеп болгон?

- Ал учурдагы президенттин чечими мен үчүн да жаңылык болгон.
Мен деле эл сыяктуу ал жарлыкты маалымат каражаттарынан окугам.
Андай чечим чыгаруу президенттин айланасындагылардын мени көрө
албастыгынын, бийликтеги кутумдун натыйжасы болгон. Башка
себеби деле жок. Жарлыкта “ишенимди актабагандыгы үчүн” деп
жазышты. Кайсы ишенимди актабадым, чечмелешкен жок. Мени
“Арменияга барды” деп күнөөлөштү. Мен Кыргызстандын Орусиядагы
элчиси, бир эле учурда Арменияда да элчи экенимди унутуп
калышкан.

(Маектин толук вариантын ушул видеодон көрүңүз)