“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз ССРнин мамлекеттик коопсуздук комитетинин офицери Курманбек Мусаев болмокчу.
Ал маегинде кантип “канторага” келип калганын, Усубалиевге жансакчы болгонун, анын коопсуздугунун корголушу, Черненко, Ибраимов, Айтматов менен мамилеси, достору, коллегалары менен карым-катышы, ж.б. суроолорго жооп берген.
- Курманбек мырза, сиз совет заманында Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевге кандайча жансакчы болуп калдыңыз эле?
- Анда мен Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздук комитетинде иштечүмүн. Биздин төрага, генерал Жумабек Асанкулов бир күнү мени чакырып, “Турдакун Усубалиевичтин эки жансакчысынын бирөө ден соолугуна байланыштуу пенсияга кетип жатыптыр. Анын ордуна сизди туура көрүп жатабыз” деп калды. Мен дароо эле башка баланы сунуш кылдым, ал кызматка спортчу керек деп ойлодум. Мен сунуштаган жигитти бат эле териштире калышты, “ал болбойт” деп калды генерал. Күрөш боюнча спортсмен эле, кулактары бырышып, сынып калганынан жаратпай коюшту.
- Кызматка кирердин алдында Турдакун Усубалиевич сизди жеке кабыл алдыбы?
- Ооба, кабыл алды. Кадимки аскер адамындай болуп, какайып кирип барсам, бир аз жактырбагандай карап койду. Бир топ суроолорду берди. Өмүр баянымды билет экен, Нарындын Куланак айылынан экенимди өзү айтты. Бирок, жетим калып, балдар үйүндө чоңойгонум жөнүндө кеп кылган жок. Ошентип өзүнө тиешелүү суроолорго жооп алган соң, “деги мени менен иштегенге көңүлүң барбы?” деди. Мен "бардык кызматка иштөөгө макулмун” десем, мыйыгынан жылмайып күлүп койду. Ошентип иштеп калдым...
- Усубалиевдин канча жансакчысы бар эле?
- Экөөбүз эле болчубуз, алмак-салмак бир күндөн, эки күндөн алмашып иштөчүбүз, аны ал киши өзү чеччү. Биздин милдет республиканын биринчи жетекчисин ар кандай коркунучтан, кол салуудан, чагымдан сактоо, коркунучтун алдын алуу эле. Ошону так аткарууга аракет кылып жүрдүк.
- Усубалиевдин жанында 10 жылдан ашык болуптурсуз, ал кишинин өмүрүнө кол салган, же башка бир коркунуч жараткан жагдайлар болгонбу?
- Он жыл аралыгында ал кишинин ден соолугуна, өмүрүнө кол салууга аракет кылган фактылар, көрүнүштөр болгон. Кээде, айылдарга барганда бизди жөөлөп, “эмне Усубалиевдин колун кармап учурашса болбойбу” деп сүйлөнүп калган кишилер болчу. Андай учурга дароо реакция жасап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп койчубуз.
- Совет заманында мамлекеттик коопсуздук комитетинде иштеген офицерлердин эмне иш менен алек болорун үй-бүлөлөрү билчү эмес, деп калышат. Жубайыңыз сиздин Усубалиевге жансакчы болуп иштериңизди билчү беле?
- Жансакчылардын баары Мамлекеттик коопсуздук комитетинин офицерлери, кызматкерлери болчу. Биз аскер формасын кийчү эмеспиз. Инструкция боюнча биз башка адамдардан өзүнчө бөлүнүп кийинбешибиз керек, жалпы элдин арасында билинбей жүрүшүбүз керек. Мага биринчи катчыда жансакчы экениңди эч ким билбесин деген талап коюлган. Жумабек Асанкулович “кайда иштериңди жакын туугандарыңа да айтпа" дечү...
- Компартиянын биринчи катчысына кыргыз улутундагы жансакчы иштеген эмес деп калышат...
- Ооба, кыргыздардан мен биринчи болуп иштедим. Мага чейин жалаң кыргыз эмес улуттардан тандап алчу экен...Генерал Асанкулов мени жөнөтүп жатып, “кыргыздардан сен биринчи баратасың, элиңди уят кылба, таза иште” деп узаткан.
- Сиз күн сайын Турдакун Усубалиевичтин жанында болгонсуз, ал киши жогорку бийликтегилердин арасында кимдер менен жакын эле, кимдер менен көбүрөөк жолугушуп, сүйлөшчү эле?
- Мен Турдакун Усубалиевич менен 10 жыл иштеп, кимдир бирөөнүн үйүнө конокко барганын уккан жокмун. Биз жумуштан кийин ал кишини мамлекеттик резиденциядагы үйүнө таштап кетчүбүз. Милициядан Усубалиев кечинде кайда барганы тууралуу оперативдүү маалыматтарды алып турчубуз. Бирок, үйүн кайтарып турган милициялардан да андай маалыматтар түшкөн эмес. Бир жолу кудагыйы үйүнө конокко чакырып жатканын угуп калдым, ошондо да бара алган эмес.
- Ал кишинин эң жакын достору кимдер эле? Жумуштан кийин чер жазып отурушчу беле?
- Кыргызстандын ичинен кимдир бирөөлөр менен чер жазып отурганын көргөн жокмун. Ал эми чет элдиктерден Молдованын биринчи катчысы, дагы бир Ким деген корей улутундагы тарыхчы менен мамилеси абдан жакшы болчу. Москвага барганда ар кимиси менен өз алдынча жолугуп, чай ичишип жүрдү.
- Кремлде отурган СССРди башкарган чоңдордон ким менен мамилеси жакшы эле?
- Мен билгенден Кремлде иштеген, кийин Борбордук Комитеттин катчысы, генералдык катчысы болгон Георгий Константинович Черненко менен мамилеси абдан жакшы болчу. Москвага барган сайын жолукчу. Кыргызстандын көп маселелерин ал аркылуу чечип жүргөнүн байкадым.
- СССРдин башкы кардиологу, Кремлдин башкы врачы Евгений Чазов менен мамилеси жакшы болчу дешет...
- Ооба, жакшы болчу. Экөө бири-бири менен телефондон көп сүйлөшүп жүрүштү. Бир жолу Чазов Кыргызстанга келди. Бизден депутат болуп шайланса керек. Мамлекеттик резиденцияга (дачада) жайгаштырып, сыйлаганына күбө болгом, кызмат кылып калдым. Мен Чазовдон сурасам “арак ичем” деди, Турдакун Усубалиевич эмне ичерин билчү элем, дароо эле коньяк куйдум. Аны көргөн Чазов, “Турдакун Усубалиевич, коньякка караганда арак ичип жүрүңүз, дедим эле го, ал пайдалуурак” деп кеңеш бергенин өз кулагым менен уккам.
- Дегеле Турдакун Усубалиевич ичкиликке кандай эле, татып койчу беле?
- Калп айткан менен болобу, көңүлү жаккан киши менен отурганда бир-эки рюмка уурттап койчу, андан көп ичкенин көргөн жокмун.
- Коомчулукта Турдакун Усубалиев менен Султан Ибраимовдун карым-катышы жөнүндө эл оозунда ар кандай кептер бар. Сиздин баамыңызда экөөнүн мамилеси кандай эле?
- Мен байкагандан ал киши Султан Ибраимович жөнүндө жакшы пикирлерин көп айтчу. Өзгөчө Ошко келгени көп иш жасаганын мактап калчу. Башкаларга караганда Султан Ибраимовичти сыйлачу, “муну мындай кылбайлыбы, кандай дейсиз” деп кеңешип калганын уккан жайым бар.
- Ушундай эле каңшаар кепти Усубалиев менен Чыңгыз Айтматов жөнүндө айтып калышат. Ал киши улуу жазуучуга кандай караган, экөө ымалашып сүйлөшкөн, чай ичкен учурлары болгонбу?
- Бир жолу аэропорттон келатып Турдакун Усубалиевич менен Чыңгыз Төрөкулович экөө бир машинага чогуу отуруп калышты. Ошондо Чыкем, “Турдакун Усубалиевич мага деле тапшырма бербейсизби, тиги Дагестан обкомунун биринчи катчылары Расул Гамзатовду ортого салып Москвадан көп маселелерин чечишет экен” деп калды. “Бизде деле көп маселелер бар, андай болсо жакшы болот эле, Арстанбек Дүйшеевге (Кыргыз ССРинин министрлер советинин төрагасы) айтайынчы” деп жооп бергенин билем.
Дагы бир жолу, Украинанын 60 жылдыгына экөө бирге барышты. Салтанаттарына катышып, майрамдадык, белектерди алдык. Менин байкаганым, мейманканадагы бөлмөлөрүнүн жакын экендигине карабай экөө бири-бирине киришкен жок, мен болсом, майрамдап келгенден кийин, “келиңиз, сыра ичели, маараке кандай болду” деп баарлашууга чакырат элем...