Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган. Арыз Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө берилген. Токоева өзү окуяны сотко чейин жеткирип, башка балдарга сабак болушун кааларын билдирди:
"Мен чынында мындай нерсени күткөн эмесмин. Курбу кыздарым менен баратсам бейтааныш эле бир адам жамбашка чапты. Ушунчалык жаман болдум. Кыздардын көбү мендей жагдайга кабылат, бирок окуяларын ачык айткылары келбейт. Бул окуя прецедент болуп калды. Ошондуктан, мен ыдык көрсөтүү кылмыш экенин жана андан жапа чеккен кыз өзүн коргой аларын айткым келет. Балким менин мисалым башка эркектерге да сабак болот".
Айдай Токоеваны жамбашка чапкан жигитти кыздар дароо видеого тартып, эмнеге мындай кылганын сурашканда "кааладым, урдум" деп жооп берген. Кыздар анын жоругун сындап, жооп беришин талап кылганда жигит качып кеткен. Видео социалдык тармакта тараган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Окуянын чоо-жайын Биринчи май райондук милициясы иликтей баштаганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматкери Алмаш Бекбоева:
"9-июнда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына өз ыктыяры менен 1999-жылы туулган О.Х. аттуу жаран келди. Ал Бөкөнбаев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде кыздардын жанынан өтүп бара жатканда алардын бирине колу кокусунан тийип кеткенин түшүндүрүп, кечирим сурады. Тергөөдөн кийин О.Х. суракка кайра келүү милдеттенмеси менен бошотулду. Тергөө иштери уланууда".
Социалдык тармактын кыргыз сегментинде тараган видео кайрадан харассмент маселесин күн тартибине чыгарды.
Блогер жана активист Азиза Мурзашева коомдук жайларда, иште же окууда сексуалдык ыдыкка, тийишүүгө кабылган кыз-келиндердин окуяларын чогулта баштады. Ал коомдо адатта мындай учурлар айтылбай каларын же кыздардын өзүн күнөөлөшөрүн айтты.
"Интернетте кайра эле кыздарды күнөөлөп башташты. Демек, биздин түшүнүк боюнча саратанда кыска кийим кийген кызды бирөө чаап кетсе, ага кыз өзү күнөлүү. Демек, кыз өзүн эркин жана коопсуз сезбейт. Мен окуяларды чогултуп жатып, харассментке кабылган кыздар ушунчалык көп экенине таң калдым. Алар аноним катары айтып берип жатышты. Жакындары же туугандарына айткандан коркушат. Анткени, коом аларды кайра жемелеп жатпайбы".
Азиза Мурзашева жүргүзгөн сурамжылоого 100дөн ашык адам катышкан. Кыз-келиндер иште, окууда, үй-бүлөдө жакындары, кесиптештери, тааныштарынан көргөн ыдыктарды айтып беришкен. Алардын бири аткаминерден сексуалдык ыдык көргөнүн айтып берген:
"Ыдыкты кой, мени ой-боюма койбой зордукташкан. Аябай кыйналдым. Анткени, бул окуяга кайра мени айыптап салышты. Ал азыр Ош шаардык кеңешинин депутаты. Анын бир тууган агасы Жогорку Кеңеште мандат алган".
Атын атагысы келбеген аял коопсуздугунан улам бул окуяны кенен айтып берүүнү каалаган жок.
Дагы караңыз Этек аңдыгандардын эзүүсүМурзашева жүргүзгөн сурамжылоодо кыздардын көбү коомдук жайда, транспортто, одоно тийишүүгө кабыларын айтышкан. Алардын арасында атын айтпаган мектеп окуучусу мындай кат жөнөткөн:
"Жашым 14тө. Автобуста баратканбыз. Мен туруп бараткам. Аңгыча бейтааныш жигит артыма жабышып туруп калды. Ар кандай үндөрдү чыгарып жатты. Коркконумдан башка аялдамадан түшүп калып, качып жөнөдүм. Ушунчалык корктум. Бул окуя тууралуу эч кимге айта алган эмесмин".
«Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» жыныстык ыдык көрсөтүүнүн масштабы боюнча 2019-жылы изилдөө жасаган. Анда көптөгөн аялдар үчүн жыныстык асылуу – бул чыныгы жараат, андан кийин алар өздөрүн коопсуздукта сезе албай калышары белгиленген. Изилдөөгө катышкан кыз-келиндердин 16% гана ыдык көрсөткөндөргө каршы тура аларын билдиришкен.
Сурамжылоого катышкандардын 69% ушундай мүшкүл бар экенин айтышкан. Ар бир төртүнчүсү (23%) жумуш ордунда өзү жыныстык асылууга кабылганын белгилеген. Ошондой эле ар бир бешинчи (21,9%) студент кыз өзү окуган жогорку окуу жайында жыныстык асылууга кабылганын ачыкка чыгарган. Респонденттердин баары эле харассментке дуушар болгонун ачык айтпаганын жана моюнга алгысы келбегенин да белгилей кетүү керек. Алар изилдөөгө катышкандардын 20% түзгөн.
Мындай изилдөө гендердик басмырлоону аныктоо жана келип чыккан тыянактардын негизинде мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү максатында өткөрүлгөн.
Харассментти башынан өткөрүп, чараны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган экс-депутат Элвира Сурабалдиева демилгенин ишке ашпай калганына мындайча токтолду:
"Ошол учурда эле эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү бул мыйзамды колдобойт деп айтышкан. Мындай пикирин өзгөчө патриархалдык көз караштагылары билдирди. Алар ушул себептен аял кишилерди жумушка албай коет же "харассмент бул аларга көңүл буруу" деп түшүндүрүштү. Бирок "сиздин да кызыңыз бар, аны да ойлоңуз" деп сүйлөшкөнүбүздө, макулдугун бергендери болгон. Азыр деле бул маселе актуалдуу жана мыйзамды өзгөртүүгө негиз бар болчу. Биз бир катар иликтөөлөрдү сунуштаганбыз. Бирок кийин ал мыйзам каралбай калып калды".
Буга чейин да мамлекеттик кызматкерлер арасынан жетекчисинен сексуалдык ыдык көргөнү тууралуу укук коргоо органдарына арыз жазган окуялар катталган.
Харассмент – бул кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү.