Украиналык журналист Анастасия Мельниченко 5-июлда сексуалдык зомбулукка кабылуу коркунучун баяндап, кыз-келиндерди маселени ачык айтып, коомго жеткирүүгө чакырган. Соңку алты күн ичинде социалдык тармакта сексуалдык зомбулук, ыдык көрсөтүү, үй-бүлөдөгү жагымсыз учурларды баяндаган кыздардын окуялары жайнап чыга келди.
“Мен айткандан коркпойм” белгиси менен жазылган орус, англис тилиндеги окуялар Украина чегинен чыгып, постсоветтик өлкөлөрдөн тышкары, батышка да жетти. Көкүрөктөгү датын төккөндөр арасында кыргызстандыктар да бар.
- Сегиз жашта элем. Мектептен үйгө бараткан кезде бейтааныш кишиге кабылдым. Ал мага “шымымдын ичиндегини көрсөтөйүнбү?” деди. Мен аны алдап, үйгө качып кеткем. Бирок азыркы күнгө чейин андан кутулуп кеткениме таң калам, - дейт Диана аттуу 27 жаштагы кыргызстандык келин.
Диана сексуалдык зомбулуктун тагы аялзатын өмүр бою коштоп, аң-сезимине доо кетирерин белгиледи:
- Мен башыман өткөн окуялардын көбүн бул жерге ачык жазбадым. Ата-энем, жакындарым бул тууралуу билбейт. Жолдошума айткам, ал жакшы адам. Көп учурда аялзаты жакын туугандарынан жабыр тартат. Мен жазгандан бери бир канча кыз мага кайрылып, тагдырын айтып, жеңилдеп калганын билдиришти. Ошон үчүн кыздарды коркпой, бугун төгүүгө үндөйт элем. Мындай окуяга кабылганыбыз үчүн биз күнөөлүү эмеспиз!
Диана сымал башынан өткөнүн ачык жазып, коомчулуктун аң-сезимин ойготкон кыздар да болду. Алардын айрымдары баракчасында жарыялагандарын кайра өчүрүп салганын байкадык. Муну айрым кыздар үй-бүлөсү, ата-энеси тараптан кысым болгону менен түшүндүрүштү.
Ошол эле учурда флешмобго эркектер да кошулуп, пикирлерин ачык билдирип жатышат. Алардын бири өз башынан өткөн окуясын баяндаса, экинчиси кыздарга колдоо билдирип жатат. Ошол эле маалда флешмобду, анын катышуучуларын мазактаган эркектер да жок эмес. Кыргыз коомунда аялга караганда эркек киши алда канча көп зомбулукка учурарын айткандар да болбой койгон жок.
Флешмобго кошулгандардын бири, жарандык активист Сумсарбек Мамыралиев мындай деди:
- Акция тамыр жайганда кыргыз кыздары ага кошуларына ишенген эмесмин. Мен биздин менталитетке таянып, бул тууралуу ачык айтуудан коркушат деп ойлогом. Ага карабай кыз-келиндер жазып чыккандарын окуп, боорум ооруду. Бирок азырынча орус тилдүү, өз оюн ачык билдирген кыздардын окуялары басымдуулук кылууда. Бөлөк өлкөдө, башка адамдар менен болгон окуяны анчейин эмоцияга батпай эле окуп коёсуң. Ал эми сенин жериңде, сен көрүп жүргөн кыздын сексуалдык зомбулукка кабылганын билгенде кадимкидей кайгырып, аны аяй баштайт экенсиң. Мен бул флешмобду мазактаган эркектерди түшүнбөйм. Негизи эле биздин коом зордукка кабылган аялдардын өзүн жемелейт. Ага мисал, биз көп колдонгон “кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт” макалы.
Дагы бир жарандык активист, "Калыс" кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдокматов флешмоб өз чегинде өтсө, зыянынан пайдасы көптүгүн билдирип, бирок ошол эле учурда кыргыз коому мындай ачык билдирүүлөргө даяр эместигин кошумчалады:
- Биздин коом бүгүнкү күндө ачык айтууга даяр эмес. Илгертеден, совет учурунан тарта калыптанып калган “куру намыс” деген бар. Үй-бүлөлүк, өзгөчө аялзатына болгон зомбулук же үй-бүлөдө болгон окуяларды сыртка чыгарбоо түшүнүгү жашайт. Мындан улам, аялзаты көйгөйүн ачык айта албай келет.
Коомчулуктун сынына кабылуудан корккон жабырлануучу да оңой менен ачыкка чыкпайт. Айткандары да бирин-серин чыгат. Андайлардын бири - 21 жаштагы Элзат. Ал былтыр “Азаттыкка” келип, жакын тууганы сексуалдык зомбулук көрсөткөнү тууралуу ачык айтып берген эле:
- Үйдө жалгыз элем. Атамдын иниси келип зордуктап, "эч кимге айтпа, айтсаң өлтүрөм" деп коркутуп кеткен. Кийин сотко кайрылып, акыйкаттыкка жетүү үчүн бир топ кыйынчылыктарга кабылдык. Менин айымдан ата-энем, жакындарым сөз болуп, убара тартышты.
“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун Кыргызстанда жүргүзүлгөн коомдук коопсуздук боюнча эл аралык иликтөөнүн жыйынтыгына таянып билдиргенине караганда, жыл сайын зордукталган 300гө чамалуу кыз-келиндин 30 пайызы гана милицияга кайрылат. Кыргызстанда ар бир 25-аял сексуалдык зомбулукка кабылат, ар бир алтынчы аял ала качууга дуушар болот.