Кыз-келиндер футболу: Испания дүйнө чемпиону

Испаниянын кыз-келиндер курамасы өз тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону болду. 

Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионатына быйыл биринчи жолу 32 команда катышты. Финалга  Англия жана Испания курамалары чыкты. 

 

Финалдагы жалгыз голду испаниянын оюнчусу Ольга Кармона киргизди.

Англиянын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы. 

Кыз-келиндердин футбол боюнча дүйнө чемпионаты 20-июлда башталган. 

18-августа ФИФА президенти Жанни Инфантино бул чемпионат ал күткөндөн да мыкты болгонун белгилеген. Буга чейин чемпионатка катышуучу командалардын санын 24төн 32ге көтөрүү теңсиздикти алып келип, айрым командалар атаандаштарын 15:0 эсеби менен утушу мүмкүн деп да айтылган. Бирок бул чемпионатта командалардын күчтөрү дээрлик тең болду. 

Бул чемпионатта Испаниянын жеңүүчү болорун эч ким күткөн эмес. Анткени команда тайпалык оюндарда Жапоня курамасына 4:0 эсебинде утулуп калган эле. Айрым спорт журналисттери Жапониянын чемпион болуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтышкан. 

Мелдеште фаворит саналган командалар Германия менен Бразилия тайпадан чыга алган жок. Ал эми дүйнө чемпиондору АКШ 1/8 финалда Щвецияга жеңилип калды. 

ФИФА президенти Жанни Инфантинонун айтымында, бул чемпионат 570 миллион доллар киреше алып келген. (Катарда өткөн эркектер арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кирешеси 10,5 миллиард долларды түзөт.) 

 

ФИФА бул чемпионаттын байге фондун да эки эсеге көтөргөн. Анын жалпы суммасы 110 миллион долларды (ал эми эркектердин чемпионатында байге фонду 440 миллион долларды) түзгөн. 

 

Бул чемпионатта финалга чыкканы үчүн Англиянын жана Испаниянын курама командалары 4 миллион доллар алышат. Тандоо мелдештерине чыккан командаларга 2,6 миллион доллар берилет. Ал эми тайпадан чыга албай калган командалар да 750 миң доллардан алышат.
 

Англия жана Испания курамаларынын финалдык беттешин көрүп жаткан лондондук күйөрмандар. 

Англия жана Испания курамаларынын финалдык беттешин стадиондон 75 миң көрүүчү көргөн. Бул дагы кыз-келиндер футбол тарыхындагы жаңы рекорд болду. 

Футбол боюнча кыз-келиндердин дүйнө чемпионаты 1991-жылдан бери өткөрүлөт. Буга чейин мелдешке 2015-жылдан баштап 24 команда катышса, ага чейин 16 команда катышып келген эле.