Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Чиновниктин футболчуну оозунан өпкөнү чырга айланды


Кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпиондоруна медал тапшыруу аземи. 20-август, 2023-жыл
Кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпиондоруна медал тапшыруу аземи. 20-август, 2023-жыл

Казакстан мунай экспортунун альтернативдүү жолдорун караштырууда

Казакстан өз мунайын Каспий жана Кара деңиздери аркылуу ташуу үчүн танкерлерди сатып алууда.

Bloomberg агенттиги 31-августта жазгандай, мындай аракеттер өлкө Орусия аркылуу өткөн Каспийдеги куурга альтернатива издеп жатканынан кабар берет.

Макалада казак энергетика министринин орун басары Ерлан Аккенженовдун айткандары мисал келтирилет. Маалыматка ылайык, "КазМунайГаз" компаниясы ар бири 8 миң тонна кара май ташууга жөндөмдүү эки танкер алды, эми Кара деңизде пайдалануу үчүн 80 миң тонналык дагы эки кемени сатып алуу пландалууда.

Каспий кууру
Каспий кууру

Министрдин орун басары Орусия аркылуу жаткырылган Каспий куур консорциуму эң кирешелүү маршрут экенин белгиледи.

Былтыр ага мунай экспортунун 80% туура келген. Куур кара майды казак кендеринен орусиялык Новроссийск портуна жакын жердеги терминалга жеткирип турат.

Ошентсе да “Казакстан башка жолдорду да караштырып жатат”, - деп кошумчалады Аккенженов.

Макалада айтылгандай, Орусия Украинага басып киргенден бери сөз болгон терминалдагы мунайдын Европа үчүн мааниси артты. Бирок былтыр анын иши бир нече ирет үзгүлтүккө учурагандыктан, Казакстан мунай казууну убактылуу чектөөгө аргасыз болгон.

Уруш кемелердин коопсуздугуна да коркунуч жаратпай койбойт.

Казакстан быйыл Каспий жана Баку-Тбилиси-Жейхан кууру менен 300 миң тонна мунай сыртка чыгарды. Аккенженов Кытайга экспортту көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин да белгиледи.

Анын дагы бир маалыматына караганда, Чымкенттеги жана Атыраудагы мунай иштетүүчү заводдорунун кубаттуулугун арттыруу каралууда. Муну менен ички керектөөнү жапса болот.

“Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Европага да экспортту жандантууну, көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Казакстан Европа биримдигине кара майды азыр деле жөнөтүп жатат”, - деп билдирди министрдин орун басары.

Чоң акча айланган футболдогу дискриминация

Испанияда Футбол федерациясынын башчысы Луис Рубиалистин айланасындагы жаңжал тынчыбай жатат. 20-августта испаниялыктар кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатын жеңгенден кийин медал тапшыруу салатанатында ал команданын мүчөсү Женни Эрмосону күчтөп оозунан өпкөн.

Le Monde гезити мындай жагымсыз окуя аялдар укуктары жаатында бир катар ийгиликке жетишкен падышалыкта “коомдук жер титирөөгө” алып келгенин жазат.

Рубиалеске каршы демонстрация. Мадрид, 28-август, 2023-жыл
Рубиалеске каршы демонстрация. Мадрид, 28-август, 2023-жыл

28-августта Мадридде миңдеген аял “Бул - агрессия”, “Женни – биз сен мененбиз” деп ураан чакырып чыгышты.

Социалисттер өкмөтү жаңжалга кийлигишүүгө аргасыз болуп, “спорт уюмдарындагы эркектердин үстөмдүгүн, аялдардын дискриминациясын” сындады.

Прокуратура “сексуалдык ыдык көрсөтүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Рубиалес өзүн "феминисттердин курмандыгы" деп атап, оюнчу кыз аны менен өбүшүүгө макул болгонун айтууда. Эрмосо анын сөздөрүн четке какты.

Гезит гендердик маселелер боюнча эксперт Ируне Агиррецабалдын бул окуяга байланышкан пикирине кызыккан.

Анын айтымында, чыр футбол менен гана чектелерин айтуу туура эмес. Дагы бир адистер Испания чемпион болбосо, Рубиалестин осол аракети көз жаздымда калат эле деп айтышат.

Iusport сайтынын редактору Антонио Агиар былтыр сентябрда футбол боюнча кыз-келиндердин курама командасында ойногон 15 футболчу машыктыруучусунун үстүнөн даттанганын айтат. Алар Хорхе Вилда жеке жашоолоруна аралашарын, кайда жүргөнүнө, эмне сатып алганына такай кызыкканын айтышкан. Бирок ошондо эч кимден эч кандай реакция болгон эмес. Эми Женни Эрмосо жана калган 81 спортчу азыркы жетекчилик астында машыгуудан баш тартты.

Гезит белгилегендей, мындай жагымсыз аракет кылган Рубиалес төрагалыктан кетпесин жарыялаган жыйында федерациянын жогорку жетекчилери аны кол чабуулар менен колдоду. Үч күндөн кийин Рубиалести кызматтан чегинүүгө чакырган ошол эле функционерлер да сынга кабылды.

Испаниялык эксперттер сексизм көрүнүштөрү өзгөчө эркектер үстөмдүк кылган, чоң акча айланган тармактарда, мисалы спортто абдан көп байкаларын айтышат.

Ошол эле маалда Испания гендердик теңдик жагынан европалык өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат.

1978-жылы падышалыктын Конституциясына адамды жынысына карап дискриминациялоого тыюу салган принцип киргизилген. 2004-жылы депутаттар аялдарга каршы зомбулук менен күрөшүү максатында бир катар жоболорду кабыл алган. Маселен, андай кылмыштарды иликтөө үчүн атайын трибунал түзсө болот. Андан тышкары аялдарга мамлекеттик мекемелерде, саясий партиялардын шайлоо тизмелеринде квоталар каралган, чоң ишканалар гендердик теңдикти камсыздоого милдеттендирилген.

Le Monde испан өкмөтүндө министрлик орундар аялдар менен эркектер ортосунда тең бөлүнгөнүнө да көңүл бурат.

Экс-президенттин клубу эч кимди астына салбайт

Eurasianet 31-августта Түркмөнстанга арналган апталык бюллетининде бул ирет футбол темасына кайрылган. Эмне дегенде жакында түптөлгөн “Аркадаг” клубу атаандаштарын биринин аркасынан бирин жеңип келет.Мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ардактуу макамына уйкаш аталышты алып жүргөн клуб алгачкы сезонунда эле бир да жолу утулган жок, жадакалса тең чыккан матч да боло элек.

Макаланын автору Венада жайгашкан “Түркмөнстан хроникасы” басылмасына шилтеме менен жазгандай, жергиликтүү күйөрмандарды бул факт кубандырбайт.

“Аркадаг” башка алдыңкы клубдарда ойногон футболчулардан куралгандыктан, дагы бир улуттук команда пайда болгондой. Автор алардын ийгилигине калыстар да салым кошкондой деген оюн ортого салган.

Жаңы салынган Аркадаг шаары
Жаңы салынган Аркадаг шаары

Мисалы 16-августта "Шагадама" менен беттешүү аяктап баратканда коноктордун дарбазасына пенальти берилип, “Аркадаг” жеңип чыкты. Ал эми чет өлкөлүк команда менен алгачкы таймаш 1-1 эсебинде аяктады.

Eurasianet быйыл майда ФИФАнын төрагасы Жанни Инфантинонун Түркмөнстандагы сапары маалында “бул өлкөдөгү футболдун өнүгүүсү үчүн шарт түзүшүбүз керек, Түркмөнстан футбол өлкөсү, бул жерде чоң таланттар, футбол ойноого умтулгандар көп” деп айткандарын эске салат.

Ансыз да жергиликтүү чемпионатка кызыккандар аз, “Аркадагдын” мындай артыкчылыгы абалды ого бетер начарлатышы ыктымал, - деп уланат макала.

XS
SM
MD
LG