Белгилүү ишкер феминизмди террорго теңеди

"Мол булак" чакан насыя компаниясынын жетекчиси, ишкер Бабур Толбаевдин аялдар тууралуу пикири кызуу талкууланып жатат.

Социалдык тармактарда анын лидер аялдар, кыз-келиндердин коомдогу, үйдөгү орду тууралуу оюн кемсинтүү катары баалагандар көп болду.

"Мол булактын" кардарларынын 80 пайызы аялдар экенин, ишкер байлыгын алардын эсебинен топтогонун эскертишти.

Толбаев чуулгандуу маегинен кийин ою туура эмес кабылданып калганын айтып, көлөмдүү билдирүү да таратты.

Бабур Толбаев: Аялдын орду үйдө

Бабур Толбаевдин "Жекеме жеке" ("Раз на раз") берүүсүндөгү маегинин үзүндүсүн блогер, жарандык активист Данияр Айтман Фейсбуктагы баракчасына 31-октябрда жарыялады.

Видеодо маек алып жаткан журналист көп аял алуу маселеси боюнча ишкердин пикирине кызыккан. Толбаев бул суроого бир жактуу жооп берген эмес, бирок жашы 35тен өткөн жесир, ажырашкан аялдардын басымдуу бөлүгү экинчи аял болууга макул деген бүтүм чыгарган.

Ошондой эле лидерликке умтулган аялдарды сындаган жана феминизмди терроризмге теңеген:

- Эгер сиз динге ишенген адам болсоңуз, анда (көп аял алуу тууралуу) Куранда жазылган нерсени тана албайсыз. Экинчи маселе - адамдар бири-бири менен жөн гана жакшы байланыша албашы мүмкүн. Эгер жесир же ажырашып кеткен жашы 35тен жогору аялдар арасында "экинчи аял болууга макул болот белең?" деген сурамжылоо жүргүзсөк, анда он аялдын жетөө макул болоруна көзүм жетет. Аялдар "супер" ишкер аял, лидер болгусу келет. Кечирип коюңуз, мунун баары былжырак кеп. Аны бизге таңуулап жатышат. Алтургай кээ бир университеттерде "аялдар лидерлиги" деп үйрөтүшөт. Мунун баары - былжырак. Феминизм деген терроризм. Бул радикалдашуунун бир формасы.

Бабур Толбаев. Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Бабур Толбаев аялдарды сыйлап, кам көрүп, сүйүп-урматтоо керектигин айткан. Бирок жогорку билимге умтулган кыз-келиндерди сындап, аялдын орду үйдө экенин көрсөткөн:

- Мен жаш кыздарга эмне деп айткым келет. Алар 20 жашында сөзсүз билим алышы керек. Бирок бул сөзсүз эле жогорку билим болушу керек дегенди билдирбейт. Болбогон, былжырак кеп. Бул кайсы бир адистик, көнүмүш адат болушу мүмкүн. Бизде баары эле жогорку билим алгысы келет. Анын кимге кереги бар? Анан кыз 30 жашка чейин сөзсүз күйөөгө тийиши керек. Саламаттыгы чың болсо көбүрөөк бала төрөшү керек. Менин айлыгым мынча эле да, андай-мындай деп ойлобошу зарыл. Ар бир бала өз ырыскысы менен жарыкка келет. Кыздарга эң жакшы MBA (Master of Business Administration) - бул күйөөгө тийип бала төрөө, үй чарбасы менен алектенүү, бала багуу. Муну эч кайсы MBA бербейт. Азыр менин аялым балдар менен үйдө отурат. Анын албетте иштегиси келет. Мен ага ушунча бала төрөйсүң, сенин карьераң 40 жаштан кийин башталат, ошондо сенин деңгээлиң үч MBA алгандардан да жогору болот деп айтам. Күнүнө үч-төрт саат эле уктайт. Түнү менен идиш жууйт, үй жыйнайт, балдар түндө ыйлап да чыгат. Эртең менен турсаң, дегеле үй чачылбагандай болуп жыйналып турат. Ал азамат. Мен аны ошол үчүн сүйөм, сыйлайм, баалайм. Анан ал эч качан "байпагыңызды бул жакка таштап салыптырсыз го" деп жемелебейт. Аял деген эч качан жемелебеши керек.

Сүрөт Бабур Толбаевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Толбаевдин бул маеги кызуу талкуу-талаш жаратып жаткан чакта ал өзү сөздөрү башкача кабылданып калганын айтып Фейсбуктагы баракчасына көлөмдүү билдирүү жарыялады. Ал үй-бүлө күтүү адам баласынын жашоосундагы башкы баалуулук деген оюн кайталады жана ишкер, лидер аялдарды сыйлай турганын билдирди.

Толбаев талаш жараткан пикирлерин 58 мүнөттүк маектин алкагында айтканын баса белгиледи. Фейсбукка жарыялаган билдирүүсүн бул жерден окуй аласыз.

Маектин толук варианты (видео "Лютая Студияга" таандык)

Биз Толбаев менен байланышалы деген аракетибизден майнап чыккан жок.

Айымдардын саламаттыгына көңүл бурууга арналган акция. Бишкек, июнь, 2017-жыл

Ишкердин айтканы орто кылымдын сөзүбү?

Талдоочу Даниел Кадырбеков ишкердин коомчулукту прогрессивдүү жолго үндөбөй жатат деп сынга алды жана анын социалдык жоопкерчилигине токтолду. Анын пикиринде коомчулукта мындай пикир жектеп-жерилиши, чара көрүлүшү керек:

- Ар бир адамдын өз ою бар деңизчи, бирок ошол эле убакта мындай радикалдуу ойлорду таанымал адамдар айтып чыкканда жоопкерчилик деген болушу керек. Аялдарды көзөмөлдөп, менчик буюм катары көрүп сүйлөп жатканы өкүнүчтүү. Биздин жарандарыбыздын баары тең укуктуу, эч ким эч кимди биринчи сорт, экинчи сорт деп бөлбөшү керек. Аялдар үйдө отурушу керек, MBA алгандын ордунда күйөөгө тийип бала төрөшү керек дегени - 5-6-кылымдагы караңгы кишилердин ой жүгүртүүсү. Бала багууда эркектин да, аялдын да жоопкерчилиги бирдей. Аялдар кааласа илимий даража алсын, кааласа 11-класстан кийин эле иштеп кетсин, кыскасы ар бир нерсени өзү чечсин. Бирок ушундай мамлекеттик, коомдук кишилер прогрессивдүү идеяларга үгүттөшү керек эле. Адамзаттын башкы максаты - прогресске, алдыга умтулуу да. Эгерде мамлекеттик жана коомдук ишмерлер артка тартып тура берсе адамзат азыркыдай болуп жашамак эмес. Караңгы боюнча эле калмакпыз да. Коомдук лидердин өзүнүн ой-жүгүртүүсү караңгы боюнча калган болсо деле ал ойлонуп сүйлөшү керек. Бизде статистика боюнча аялдарга зомбулук аябай көп болуп жатканда коомдук ишмерлердин аялдарды минтип кемсинтүүнү легитимдештирип жатканын мен кылмыш катары кабыл алам. Адам укуктары бирдей деген жарандардын баары муну, мындай пикирди жектеши керек жана мындай караңгылыкты жайылтып, зордук-зомбулукту актап жатканы үчүн кандайдыр бир чара көрүлүшүн талап кылышы керек.

Даниел Кадырбеков.

Даниел Кадырбеков айрыкча 1990-жылдары Советтер союзу кулагандан кийинки мезгилдеги аялдардын ролун белгиледи. Өткөөл мезгилде үй-бүлө багуу түйшүгү аялдардын моюнуна артылганын, "Мол булак" өңдүү насыя компаниялар аялдарга кредит берип тирденишкенин эскертти.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Эксперт, социолог Алтын Капалова өлкөнүн өнүгүшүндө азыр деле аялдардын ролу чоң экенин белгиледи:

- Мен көбүнчө аймактарда аялдар менен иштейт эмесминби. Аялдар тууралуу гана эмес, башка деле темаларда иликтөө жүргүзөйүн десең деле иштин баарын жасап жаткан аялдар болот. Айыл өкмөтпү же дагы башка жерби, айтор чоң креслодо эркек адис отурат. Ал эми иштин баарын кылган аялдар. Бабур мырза аялдарды ушунчалык басынтып койду. Бул абдан таңкалычтуу. Өлкөнүн өнүгүшүндө айылдагы аялдардын ролу абдан чоң. Ансыз деле Кыргызстанда аялдардын жагдайы жакшы эмес. Так ушундай Бабурга окшогон, коомдо кандайдыр бир орду бар мырзалардын ушинтип айткандары абдан туура эмес.

Социолог Самар Сыргабаев аялдардын коомдогу ордун төмөндөтүү агым бар экенин айтып берди:

- Бизде 2000-жылдардан тартып исламдашуу өтө ылдам жүрдү. Ошол жараян азыр деле уланып жатат. Ушундан улам бул аялдардын коомдогу макамын төмөндөтүүгө алып келип жатабы дегендей ой туюлат. Байкоолор да ушул тенденцияны көрсөтүп жатат. Аялдардын макамы, светтик коомдогу ролу башка форматка өтүп, төмөндөп бараткандай туюлат. "Мол булак" компаниясынын жетекчиси ушул жагдайга таянып ушундай пикирге келип жаткандыр. Социологияда мындай фигураларды "референттик фигуралар" деп коёбуз. Башкача айтканда, үлгү, жол көрсөтө турган инсандар. Ушундай сигналдар жогору жактан, элитадан түшүп жатканы начар көрүнүш десек болот. Эгер биз кыргыз коомун модернизацияга умтулган, башкача айтканда аял менен эркектин укугу бирдей, гендердик ролдор бирдей деп таанылган коом десек, анда мындай инсандардын айткандары жаштарга, өсүп, калыптанып келе жаткан муунга туура эмес үлгү болуп калышы мүмкүн.

Бабур Толбаев Орусиядагы КВН оюндарына Кыргызстандын атынан катышып жүргөн "Азия MIX" тобунун демөөрчүсү катары белгилүү. Өзү меценант экенин, кайрымдуулук иштерди көп жасаганын жарыялап келет. Жаштардын айрым бир иш-чараларын каржылап бергени тууралуу да маалыматтар чыккан.

Ишкер өткөн айда президент Алмазбек Атамбаевдин колунан "Даңк" медалын алган. Президенттик шайлоо маалында бийликтеги партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековду ачык колдоп, ага добуш берүүгө чакырган видео кайрылууларды социалдык тармактардагы баракчаларына байма-бай жайгаштырган.

Бабур Толбаев социалдык тармактарда өтө активдүү жана өзүн "Триллионер Триллионеров" деп атаганды да жакшы көрөт.

Социалдык тармактарда ушул жылы жазында "Мол булакка" байланыштуу дагы бир талаш чыккан. Компания Ош шаарындагы Сулайман тоонун таржымал-тарыхы тууралуу чакан ролик тарткан. Бирок тоонун жайгашкан жерин Өзбекстан деп көрсөтүп коюп сынга кабылган. Компания ката жазып алганын моюнуна алып өзгөрткөнгө мажбур болгон.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.