Баткендин Боз-Адыр айылынын тургундары Өзбекстандын чек арасы бир чакырымдай бери жылып калганына нааразылык билдирип чыкты.
Өзбекстандын Сох районундагы Девайран айылы менен коктулар аркылуу чектешип турган Баткендин Боз-Адыр айылынын тургундары өткөн жуманын этегинде Ак-Белес аймагына кошуналардын чек арачылары вагон орнотуп, жолду таш-топурак менен тосуп салганына күбө болушкан. Коюлган вагонго азырынча чек арачылар келе элек болгону менен өзбек тарап бул жерден дароо эле кум, таш, шагыл ташып баштаптыр. Муну менен бозадырлыктар илгертен мал багып келген Ак-Белес, Коңур-Чоку деген жайыттарга барчу жол да жабылып калыптыр.
Кошуналардын мындай аракети жергиликтүү калктын нааразылыгын жаратты. 21-августта Боз-Адырдын жүз чакты тургуну чогулуп, түз эле ошол жерге жетип барды. Бирок бактыга жараша өзбек чек арачылары келе элек экен, коктуга коюлган вагон бош туруптур. Бирок арыда Өзбекстанга тиешелүү төрт оор техника кум, таш жүктөп жатат.
Талашка түшкөн жерге топтолгондор атам-замандан бери Кыргызстанга тиешелүү деп келген жерге минтип заматта эле кошуна тарап ээ чыкмакчы болуп жатканына бир эсе таң калып, бир эсе жини келип турду.
Алардын бири - Мамади өз өмүрүндөгү 50 жылдан ашуун убактан бери бул жерди бозадырлыктар пайдаланып келип, эми эле Өзбекстанга өтүп калганына таңкалганын жашырган жок:
- Бул жерге буга чейин бир да өзбекстандык чыгып, чөп да жулган эмес. Эми эле минтип Ак-Таштын аркы бети толугу менен Өзбекстанга өтүп кеткидей болуп калыптыр. Эл минтип өзү козголуп чыкпаса биздин бийлик кыймылдагысы келбейт окшойт. Эл чыкса ок атылып, бир нерсе болуп кетиши мүмкүн. Ошондо кыймылдайбы бийлик? Кошуналардын таш, кум алып жаткан техникаларын айдап чыгыш керек. Чек арачылар көзөмөл кылыш керек бул жерди.
Ошентип нааразы болуп келгендер төрт оор техника менен кум, таш жүктөп жаткан өзбекстандыктарды сый менен кетип калууга көндүрүштү.
Эл топтолгон жерге көп өтпөй Баткен райондук бийлигинин, чек ара кызматынын, милициянын өкүлдөрү жетип келишти. Район акиминин орун басары Акмурза Тагаев топтолгондордун тарап кетишин, эки өлкө ортосунда маселе жаратып койбошун өтүнүп, аны чечкенге үч күн убакыт сурады:
- Эми минтип кызуу кандуулук менен вагонду алдырабыз десек бир нерсе чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан 3 күн убакыт бериңиздер. Биз сүйлөшүү менен чечели.
Бирок чогулган эл мындай өтүнүчтү кабыл албай, маселе дароо чечилишин талап кылып туруп алды. Алардын оюнча, маселе кийинкиге калды дегенче иш оңунан чыкпай калчудай.
Баткен райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Эргешов болсо бул жердеги чек ара тилкеси али тактала электигин, Өзбекстандын бул кадамы туура болбой калганын айтты:
- Бул жерди Кыргызстан да, Өзбекстан да тактап бүтө элек. Тактала элек болгондон кийин эки тарап тең эч кандай иш жүргүзүүгө акысы жок. Өзбекстан чек арачыларын алып келип, коргоого алганга да болбойт. Бирок мурдатан биздин ата-бабалар пайдаланып келген бул жерди. Эгер Өзбекстан бул кадамынан кайтпаса бизде да жаба турган жайларыбыз бар.
Эл кетпей туруп алганынан бийлик өкүлдөрү ушул эле күнү Өзбекстандын кошуна аймактагы жергиликтүү бийлиги менен сүйлөшүүгө аргасыз болушту.
Бул жолугушуудан кийин Өзбекстан тарап туура эмес кадамга барганын моюндап, аймакта абал мурдагы калыбына келгенин, чогулган эл тараганын Баткен районун акими Сейтмурат Калыков «Азаттыкка» кабарлады.
Жергиликтүү калк болсо Өзбекстан бул кадамга жөн гана сыноо максатында барган болушу мүмкүн, эгер кыргыз тараптан эч ким унчукпаса кошуналар ал жерге биротоло чек ара бекетин орнотуп, ээлеп алмак деген пикирде. Биз менен маектешкен айрым жергиликтүү тургундардын пикиринде, эгер эл өзү минтип чыкпаганда бийликтегилер эгерим кыймылдамак эмес жана мындай абал узарып кетсе Коңур-Чоку жайыты Өзбекстанга өтүп кетиши да мүмкүн эле.
Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосунда али күнчө тактала элек, талаш туудурган жерлер бир топ. Мунун айынан кошуна эки элдин ортосунда майда-барат келишпестиктер чыгып кеткен учурлар да жок эмес.
А чек ара тактоо иштери качан аягына чыгаары али белгисиз бойдон...