Кыргыз-өзбек чек арачыларынын машыгуусу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

10-октябрда үч мамлекеттин (Кыргызстан – Өзбекстан – Тажикстан) чек арасынын бириккен аймагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын биргелешкен тактикалык машыгуусу болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – эки мамлекеттин чек ара бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара тыгыз кызматташтыкты бекемдөө жана мамлекеттик чек арада террористтик коркунуч жарала турган болсо биргелешип каршы аракет көрүү.