Баткен: АКШнын чек арачыларга белеги

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен жана Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов чек арачыларга берилген имаратты ачууда. Баткен, 15-август, 2012.

Баткенде АКШнын колдоосу менен чек арачылар үчүн курулган заманбап имарат пайдаланууга берилди.
Чек ара кызматына берилген бул имарат Баткен шаарына жакын жерде жайгашып, бардык шарты бар жана керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Бул жерде мындан 5 жыл мурда башталган курулуш иштери "машыгуу борбору болот экен, Америка аскерлерди окутат экен" дегендей түкшүмөл ойлорду жаратып келген эле.

АКШнын колдоосу менен курулган имараттар


Имараттын ачылуу аземине катышкан АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен мындай колдоо аймактагы коопсуздукту чыңдоо, маңзат соодасына бөгөт коюу жана терроризмге каршы биргелешкен күрөштө маанилүү экенин белгиледи:

- Бул жыл АКШ менен Кыргыз Республикасынын кызматташуусу, өнөктөштүгү, эки тараптуу мамилелери жолго коюлганына 20 жыл толгону менен эсте калды. Бул аралыкта бир топ өзгөрүүлөр болду. Бирок өткөн аралыкта биз сиздердин өкмөт менен чыңалуу жогору делген тармактын бирөөсү болгон чек араны коргоону күчтөнтүү жаатында иштештик. Чек ара бөлүгүнө бул имаратты куруп берүү - коопсуздук жаатында кызматташуунун маанилүү кадамы.

Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саитжан Эратовдун айтымында, аймактык бүтүндүк жана ар кандай эл аралык коркунучтардын алдын алууда чек ара кызматынын орду жогору болгондуктан, коркунуч жаратуучу аракеттерге каршы туруу үчүн биргелешкен иш-чарлар гана натыйжасын берет:

АКШнын колдоосу менен курулган имараттар


- Жалаң биргелешип кызматташу жана чогуу иштелип чыккан аракеттер гана терроризм, нарко соодасына, коопсуздукка чара көрүүдө, тышкы коркунучтарга жана мыйзамсыз миграцияга бут тосууда өз натыйжасын берет. Биздин аймактын – Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн чара көрүүдө АКШнын салымы чоң.

Өткөн жумада Баткен облусунда кошуна эки өлкө менен чек аралардагы абалды талкуулаган жыйын өткөн. Анда чек ара кызматына бир топ дооматтар айтылып, Өзбекстан менен Тажикстан Кыргызстан аймагына бир топ кирип кетишине чек арачылар жолтоо боло албады делинген болчу.

Өкмөттүн мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров чек ара кызматынын алсыздыгынан ушундай иштер болуп жатканын билдирген:

- Биздин чек ара кызматынын күчү жетпей жатат. Муну ачык айтыш керек, чек арачыларыбыз бардык аймакты көзөмөлдөй албай жатат. Лейлек районундагы Максат аймагына кошуналардын жылып келиши да ушунун айынын болгон. Чек арачылардын санын көбөйтөбүзбү, күчтөндүрөбүзбү, иши кылса чек арачылардын ишин жандандырыш керек.

Аскерлер жатчу жер


Баткен облусу Тажикстан менен 674 чакырым чектешип, чек ара тилкеси 1999-жылкы Баткен окуясына чейин дээрлик каралган эмес. Өзбекстан ислам кыймылынын жоочулары качан аймакка кол салгандан кийин чек ара кызматы түзүлүп, Баткен аймагында мамлекеттик чек араны кайтарууга ала баштаган.

Аталган кызматтын төрагасы Закир Тиленов Паритеттик комиссия төрагасы аймакка чек ара кызматы келе электе болгон иштерге бүгүнкү чек арачыларды күнөөлөшү туура эмес дейт. Анын айтымында, Баткен аймагында дагы бир топ чек ара тозоттору, чек арачылар үчүн керектүү шарттар жакында жанданат:


- Чындап эле Баткен облусунун аймагында 1999-жылга чейин бир да чек арачы болгон эмес. Чек араны ойдогудай кайтарыш үчүн бул жерде чек арачылардын саны жетишпейт. Ошону эске алып, мамлекет көңүл буруп жатат. Бүгүнкү заманбап имараттын чек арачыларга берилиши да буга мисал. Бул үчүн мен АКШга, анын борбордук командачылыгына, элчиликке ыраазычылыгымды айтып койгонум оң. Андан тышкары жакында Орусия базасы үчүн төлөгөн ижара акысынан президентибиздин буйругу менен өкмөт 7 млн. доларды чек ара аскерлигинин бюджетине кошту. Ошол каражатка Баткен аймагында жаңы 4 чек ара тозоту курулат. Дагы керектүү жерлерде чек араны тосмолоого жумшалмакчы.

Баткен облусу үч өлкөнүн чек аралары тогошкон аймакта жайгашып, чек ара тилкелери чырлуу, ашуулары кооптуу делген аймак. Бул аймактагы чек арачыларга мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо болбой жатканы буга чейин көп эле айтылып келген.

АКШнын колдоосу менен курулган бул заманбап имаратка эми Баткен-2 чек ара бөлүгү жайгашаары айтылууда.