Борбордо уран казууга каршы акция өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында уран казууга каршы нааразылык акция өттү. Анда жарандык коом бийликке «Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү материалдарды казуу жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу; Жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо; Ошондой эле уран кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттерге кысымды токтотуу керек» деген талаптарды койду.