Кыргыз-тажик чек арасы али ачылчудай эмес

Жаңы курулуп жаткан Көк-Таш - Ак-Сай жолу, Баткен. 12-январь, 2014.

Дүйшөмбү шаарында чек ара маселелери боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жолугушуусу өттү.
3-марттын кечинде аяктаган сүйлөшүүдөн кийин тажик тарап тараткан расмий маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-тажик чегиндеги өткөрүү бекеттеринин ишин калыбына келтирүү маселеси да көтөрүлгөн. Бирок кыргыз тарап чек араны азырынча ача албасын айтууда.

Мамытов: Чек араны ачуу сунушун кароого даяр эмеспиз

Чек ара маселеси боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жараянын аягына чыгаруу үчүн атайын жумушчу топтордун ишмердүүлүгүн жандандыруу зарылдыгы да белгиленди. Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстандын коопсуздук боюнча вице-премьери Токон Мамытов баштаган топ, тажик тараптан вице-премьер-министр Мурадоли Алимардон жетектеген өкүлдөр катышты.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов жолугушуунун жыйынтыктары боюнча “Азаттыкка” буларды билдирди

- Чек арадагы коопсуздук, тартип маселелери, эки элдин коопсуздугун кантип камсыз кылабыз деген маселе тууралуу сүйлөшүү болду. Бизди кубандырганы - эки тарап тең кандай болгон күндө да чек арада жашаган элдин коопсуздугун, коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту сакташыбыз керек деген бир жыйынтыкка келдик.

Токон Мамытовдун айтуусунда, бул сүйлөшүүлөрдө кандайдыр бир документтерге кол коюлбайт. Кыргыз-тажик чек арасындагы коопсуздукту сактоо боюнча биргеликте иш алып баруу маселеси январдын аягындагы жолугушууда да каралган болчу. Андан кийин февраль айынын ортосунда Бишкекте өткөн жолугушууда эки өлкөнүн Чек ара кызматтары чек арадагы туруктуулукту, коопсуздук маселесин чечүүнү макулдашып, улут аралык кагылышууга, айрым чагымчыл аракеттерге жол бербей, коопсуздукту коргоо боюнча биргелешип аракет көрүүнү улантууга келишкен эле.

Кыргыз-тажик чек арасынын жабылышына алып келген 11-январдагы чек ара чатагы Тажикстандын Кожо-Ало айылын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушунан улам чыкканы белгилүү. Бул жолку жолугушууда тараптар жолдун курулушу тууралуу сөз кылган жок, бирок чек арадагы жолдорду куруу жана пайдалануу, анын ичинде Лейлек районундагы Максат – Кулунду көпүрөсүн куруу тууралуу да маселени карашты:

- Негизинен жолго тиешелүү маселелерден ошол Кулунду Максат көпүрөсү жөнүндө гана сөз болуп, талкууланды.

Токон Мамытов андан ары кечээки сүйлөшүүдө чек араны ачуу маселеси көтөрүлбөгөнүн да кошумчалады:

- Бизге тажик тарап сунуштарын берди. Бирок биз азырынча ага жооп берүүгө даяр эмеспиз. Биз мунун баарын байкап, карап, өлчөп туруп, анан жооп бербесек, азыр даяр эмеспиз.

Чек ара жабылышынан ким жабыркады?

Ал эми Тажикстандын сүйлөшүүгө катышкан аткаминери атын атабоо шарты менен кыргыз-тажик чек арасы Кыргызстандын макулдугу менен эки күндөн кийин ачыла турган болду деген маалыматын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирген.

Бул аралыкта 11-январдан бери чек аранын жабык турушу аймактагы карапайым элдин жашоосуна терс таасирин тийгизди деген пикирлер айтылып келет.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев бул болбогон сөз деп ойлойт. Анын айтуусунда, чек ара жабылышы Тажикстанга күйүүчү май ташыган ишкерлерге гана зыян болуп атпаса, карапайым баткендиктерге эч кандай зыяны тийбейт:

- Баткен элинин Тажикстан менен анча-мынча соодасы гана болбосо, башка эч кандай байланышы жок. Азык-түлүк, кийим-кече жана башка зарыл нерселердин баары Оштон, Бишкектен келип турат. Бул жерде Тажикстанга күйүүчү май ташыган бизнесмендердин пайдасы азайып, алар көбүрөөк зыян тартып жатышы мүмкүн. Мына ошолор чек аранын жабык болуусунан бир аз ыңгайсыздык көрүп жатышкан болуу керек.

Баткенде 11-январда тажик айылдарын айланма жол куруу учурунда коңшу өлкөнүн чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Ошондон кийин Бишкек Дүйшөмбүнү эл аралык келишимди бузду, биринчи болуп ок чыгарды деп айыптап, Тажикстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган.

Ошол эле учурда тажик тарап чек арадагы ок атышуу боюнча Кыргызстанга доомат артып, ортодо карама-каршы билдирүүлөр болгон.