Баткен: азаптуу чек ара
11-январда кыргыз-тажик чегинде кайрадан чыр чыгып, атылган октон кыргызстандык беш чек арачы, бир милиция жана тажикстандык үч чек арачы жарадар болду. Бул окуяга азыр бүтүндөй коомчулук сарсанаа болуп турган чагы. Чек ара маселесин чечүүнүн, коңшулар менен ынтымакка келүүнүн кандай жолу бар? Чек аралаш айылдарыбыз качан өз жеринде жайбаракат, мылтыктын үнүнөн коркпой жашай алат? Бул теманы бүгүн “Ыңгайсыз суроолор” телекөрсөтүүсүндө талкуулалдык, ага вице-премьер-министр Токон Мамытов жана Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022
Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021
Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021
Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021
Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт