Батыровдун үйүн компьютер "жашырган"

Кадыржан Батыров

Жалал-Абад облустук соту Сузак районунун акими баштаган жооптуу кызмат адамдарын Кадыржан Батыровдун мүлктөрүн мамлекетке өткөрүүдө күнөөлүү деп тапты, бирок, анын мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу жазадан бошотту.

Мындай чечимге каршы болгон облустук прокуратура облустук соттун үстүнөн Жогорку Сотко даттанганы турат.

Кадыржан Батыровдун мүлкүн жашырып, шалаакылык кылган деген негизде облустук прокуратура козгогон кылмыш иштин натыйжасында Жалал-Абад облустук соту өкүм чыгарды. Ага ылайык, Сузак районунун акими, сот аткаруучу жана дагы бир кызматкер биригип шалаакылык беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Бирок кылмыш иши эскирип кеткендиктен алар жазадан бошотулганын облустук соттун басма сөз катчысы Маркел Болотов айтты:

- Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 13-сентябрындагы өкүмүнө апелляциялык сунуш жана даттануулар келип түшкөн. Бул ишти облустук сот апелляциялык тартипте карап, райондук соттун өкүмү өзгөртүлдү. Тактап айтканда, облустук сот тарабынан район акими А. Маматов жана Сузак райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн башчысы Д. Кожоакматов, мамлекеттик кызматкер М.Тилекеев Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 1-бөлүмү менен, башкача айтканда, шалаакылык боюнча күнөөлүү деп табылды. Бирок КЖКнын 67-беренесинин («Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскириши») 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жазадан бошотулду. Облустук соттун өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген.

Батыровду "качыруунун" табышмагы

Кадыржан Батыровду "качыруунун" табышмагы

Башкы прокуратура 2010-жылы Батыровдун өлкөдөн качканын уюштуруу боюнча кылмыш ишин иликтей баштады.

Буга чейин Батыров июнь коогасын уюштурууга айыпталып, сот аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарган. Анын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү чечими чыккан.

Буга чейин маалымдалгандай, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов 2010-жылы Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы болуп иштеген кезинде Батыровдун мүлкүн конфискациялоо үчүн берилген маалыматка башкармалык үйү бар экени тууралуу маалыматты камтыбаганы айтылган. Бирок Маматов облустук соттун өкүмү менен макул эмес. Анткени кезегинде Кадыржан Батыровдун мүлкү боюнча атайын комиссия иштегенин айтып, атайылап жашырууга аракет кылбаганын белгиледи:

- Облустук прокуратура өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, мага карата Кадыржан Батыровдун үй мүлкүн бекитип, андан соң көрсөтпөй койгон, сот аткаруучулар менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөргө барган деген жүйө менен кылмыш ишин козгогон. Ал учурда талаш жараткан Батыровдун турак жайы өзүнүн атында болгон эмес экен. Бизде Мамкаттоо бөлүмүндө бир жылдан кийин вертификация жүргөн. Ошол учурда 2002-жылы туура эмес токтомдор менен катталган мүлктөр кайрадан каттоодон өткөн. Мына ошондун кийин ал турак жай Батыровго жазылган. Андан соң ал мүлк сот аркылуу камакка алынган. Ошондуктан бул жерде эч кандай жашыруу болгон эмес.

2016-жылдын жай айларында Кадыржан Батыровдун Сузактын Дмитриевка айылындагы турак үйү сот аткаруучулар тарабынан мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарына өткөрүлүп берилген. Анткени 2010-жылдагы июнь коогасында Бакиевдердин үйүнүн өрттөлүшү боюнча да сот Батыровду күнөөлүү деп таап, 7 млн сомдон ашуун айыпка жыккан. Мындан улам анын турак жайы Бакиевдерге өткөрүлүп берилген.

Облустук прокуратура Батыровдун үйүнүн Бакиевдерге өтүшү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнө жана сот аткаруучуларга карата кылмыш ишин козгоп, кайрадан мүлккө камак салган.

"Батыровду тезинен кармоону талап кылам"

"Батыровду тезинен кармоону талап кылам"

Прокуратура облустук соттун өкүмүнө канааттанбай алдыдагы күндөрү Жогорку Сотко кайрыларын билдирди. Ал эми айыпталып жаткандар да өкүм менен макул эместигин алардын жактоочусу Камчыбек Ильязов билдирди:

- Облустук соттун өкүмү биз үчүн түшүнүксүз болуп калды. Анын өкүмүн азыр колубузга алдык. Бул багытта биз тийиштүү кагаздарды чогултуп, Жогорку Сотко кайрылганы жатабыз.

Кандай себептен улам Батыровдун үйү ошол кезде тийиштүү органдарга берилбей калганына түшүндүрмө берген мамкаттоо адистери муну техникалык катачылыкка байланыштырат. Мекеменин башкы адиси Салмоорбек Турдукулов:

- Учурунда прокуратура Кадыржан Батыровдун бардык мүлктөрү боюнча маалымат сураганда биз базада катталган мүлктөрдү тактап бергенбиз. Ал эми азыркы талаш жараткан турак жай Ботиров болуп жазылып калган. Ошол себептүү компьютерден Батыров деп издегенде чыккан эмес. Ал эми Бакиевдерге байланыштуу соттун өкүмүндө сот аткаруучулар дарек боюнча сураштырган, биз ал турак жайды тактап бергенбиз. Ошол себептүү бул жерде системадан ката кеткен.

Кадыржан Батыров 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Андан соң бардык мүлкү 2011-жылы соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана анын жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Талаш жараткан турак жайы бул объектилердин катарына кирбей калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.