Бул комиссияларга ар бир фракциянын өкүлдөрү кирип, көтөрүлгөн маселелерди белгиленген мөөнөттө иликтеп чыгып, ага баа берүүнү өзүн алды. Ошол эле кезде талдоочулар бул маселелер тереңдеп кеткендиктен иликтөөлөрдөн жыйынтык чыгарынан күмөн санашууда.
Президенттин чакырыгын уланткан депутат
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Мээрбек Мискенбаев 2010-жылдан бери коомчулукта көтөрүлүп келаткан бир топ маселелерди парламент иликтеп чыгып, жооп берүүгө милдеттүү экенин айтып чыкты. Бул маселени күн тартибине киргизүүнү талап кылган депутат ишти кароо атайын создуктурулуп келатканын айтты.
Буга байланыштуу депутат Мээрбек Мискенбаев аягына чекит коюлбай келаткан кыңыр иштерге баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссияларды түзүү демилгесин көтөрдү:
- Банк уячаларынан алынган миллиондор, мародерчулук, "Мегаком", Бишкек мунай компаниясынын жең ичинен сатылышы, Кадыржан Батыровдун качырылышы боюнча жагдайларды иликтеп чыгып, убактылуу депутаттык комиссия түзө албасак, анда бул парламенттин алсыздыгынын көрсөткүчү болот. Эл бизге ишенбей калат. Ушул маселени канча жолу айтып чыктык, бирок ушуга чейин иш ордунан жыла элек. Биз мунун аягына чыгып, чекит коюшубуз керек. Элдин бардыгы ушул маселелерге карата парламент кандай чечим кабыл алат деп карап турат. Эгерде аягына чыга албасак, анда элге ачыгын айталы. Анда мен да митинг кылып, элдин арасында болоюн. Менин башка аргам калбай калды!
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков буга окшогон маселелер алдын ала комитеттерде жана фракцияларда талкууланып, алардын колдоосунан өткөндөн кийин гана палатанын кароосуна коюла турганын эскертти:
- Сиз регламентти карасаңыз, мындай маселелер комитет же фракция аркылуу келиши керек. Тартиби ошондой. Фракциядан мына ошондой чечим алып келиңиз. Ошондон кийин аны күн тартибине коюу боюнча маселени мен добушка салайын. Ошондуктан ар бир нерсени жолу менен, регламент боюнча жасайлы. Ошондой болсо эле добушка коюп, маселени чечебиз.
Бирок парламент спикеринин мындай пикирине карабастан Жогорку Кеңеш түштөн кийин аталган маселелер боюнча убактылуу депутаттык комиссияларды түзүү маселесин күн тартибинен сырткары карады.
“Ата Мекен” өз тизмесин сунуштады
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы болсо 2010-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын чөйрөсүнө таандык деп табылган мүлктөрдү улутташтыруунун жыйынтыгын иликтөө маселесин көтөрүп чыкты.
Эгерде аягына чыга албасак, анда элге ачыгын айталы. Анда мен да митинг кылып, элдин арасында болоюн.Мээрбек Мискенбаев
2010-жылы 7-апрелден кийин өлкөдө жүздөн ашуун мүлккө камоо коюлуп, бирок алардын арасынан кийин болгону 47 объект гана улутташтырылган. Улутташтырылган мүлктөр кийин кимдерге сатылып кеткени белгисиз.
Бул тууралуу билдирген ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мурдагы төрага орун басары Азимбек Бекназаров депутаттык комиссияга жардам берүүгө даяр экенин айтты:
- Ошол объекттердин тагдыры эмне болгонун коомчулук билбейт. 2010-жылы ошол иштердин башында турган мен дагы билбейм. Ошондуктан бул жагдайларды коомчулук билиш үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнү туура болду. Анткени биз ал мүлктөрдү бирөөлөр бөлүштүрүп алсын деп мамлекетке алган эмеспиз. Бул мүлктөрдүн тагдырын парламент чечиши керек болчу. Бирок ал 2011-жылы аябай шашылыш карап туруп эле жайкы эс алууга чыгып кеткен. Ошондуктан үчүнчү бир колдорго өтүп кеткен ошол мүлктөрдү кайра мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди мен толугу менен колдойм. Комиссия бизди бул ишке тарта турган болсо, багыт берип, жардам көрсөткөнгө даярмын.
Ошондой эле “Ата Мекен” фракциясы сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун мүлктөрү боюнча да текшерүү жүргүзүүнү сунуштады.
Парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук кампасындагы курттаган ундардын сатылышы боюнча фактыларды дагы иликтөө зарылдыгын кошумчалады.
Ошентип бул иштерди иликтөө боюнча парламентте эки убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан өкүлдөр киргизилди. Белгиленген мөөнөттө комиссия иликтөөлөрүн жыйынтыктап, бул иштерге баа берип корутунду чыгара турган болду.