Фэйр: Футбол ойногон кыздарды колдош керек

Лорри Фэйр

АКШ курамасынын өкүлү, аялдар футболу боюнча олимпиадалык чемпион Лорри Фэйр Ысык-Көлдү кыдырып, кыздарга футбол үйрөтүүдө.

Лорри Фэйр Кыргызстанга 16-июнь күнү келип, Кыргызстан-Австралия беттешүүсүндө кыргыз курамасын сүрөгөн. Соңку эки күндө Тоң районунун Бөкөнбаев жана Төрт-Күл айылдарында окуучулар менен жолугуп, Караколдо жергиликтүү бийлик, Америка борбору жана АКШ элчилиги бирге уюштурган чакан футбол фестивалына да катышты.

“Азаттык”: Лорри айым, Кыргызстанга келип калууңузга эмне себеп болду?

Лорри Фэйр: Мени бул жакка АКШ элчилигинин коомчулук менен байланышуу боюнча элчинин кеңешчиси Жон Браун чакырган. Ал экөөбүз көп жылдардан бери доспуз. Былтыр күтүүсүздөн эле телефон чалып, “кийинки жайга карата кандай пландарың бар?" деп сурап калды. Мен “сен кандай сунуштасаң, ошондой өткөрөбүз” деп тамаша иретинде жооп бердим. Ошондо ал Кыргызстан жөнүндө айтып берди, мен сунушун ойлонбой туруп кабыл алдым.

Жон экөөбүз буга чейин Түндүк Африка өлкөлөрүндө аялдарды күчтөндүрүү, алардын ой-максаттарын ишке ашыруу жаатында иштегенбиз. Албетте спортту өнүктүрүү багыты да негизги максатыбыз болгон. Биз ошол эле иш-чараларды Кыргызстанда да өткөрөлү деп чечтик.

Лорри Фэйр машыктыруу учурунда. Ысык-Көл. 2015-жыл

“Азаттык”: Биздин футболчулар, машыктыруучулар дүйнөгө белгилүү олимпиадалык чемпиондун келишин күтпөсө керек, сизди кандай кабыл алышты?

Лорри Фэйр: Мени бул жерде эң сонун тосуп алышты, маанай жакшы, бүт коомчулукка ыраазчылык билдирем. Өзүм да келгениме абдан сүйүндүм. Бул сапарым учурунда жаштарга көп нерсени үйрөтүп, ошол эле учурда өзүм да көп нерселерди үйрөнүп кетем деп ойлойм. Иш-чара алкагында Кыргызстандын кооз жаратылышын көрүп кетүүгө да аракет кылып жатам.

“Азаттык”: Футбол бул эркектердин гана эмес, кыздардын да оюну деп айтып кеттиңиз. Сиз өзүңүз футболго кандайча келип калдыңыз эле, анан Кыргызстанда кыздар футболун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кандай бааладыңыз?

Лорри Фэйр: Кыздар футболун өнүктүрүү үчүн ириде ата-эненин колдоосу керек, алар кызга футбол ойноого уруксат бериши керек.

Экинчиден, кыздарга топту эле берип койбой, алардын коопсуз ойноосуна шарт түзүү зарыл. Бул үчүн коомчулуктан жардам керек, мына ушундай колдоолор болгондо гана кыздардын ичинен таланттар өздөрү суурулуп чыгат. Бир гана футболдо эмес, спорттун бардык түрлөрүндө ушундай. Мисалы, мен футбол ойной баштаганда эң биринчи ата-энем колдоо көрсөткөн, андан кийин коомчулуктун, мамлекеттин жардамы менин ийгилик жаратуума себеп болду. Азыркы учурда силердин бир шаардын курама командасында кыркка жакын кыз бар экен. Албетте бул аз, бирок тынымсыз колдоолордун астында футболго таланттууларды тартса болот.

Кыздардан турган футбол командасы

“Азаттык”: Биздин футболчу кыздарга кандай баа бердиңиз, мындан ары да Кыргызстанга келип өз тажрыйбаңыз менен бөлүшүп турууга даярсызбы?

Лорри Фэйр: Мен кыздар менен баарлашканымда алардын ичинен жаш болсо да чет өлкөлөргө чыгып ойноп келгендер көп экен. Кыздарга ар тараптан колдоо керек, айрым өлкөлөрдө кыздарды спортко аралаштырбай, футбол кыздар үчүн эмес деген ой-пикир калыптанган, мен муну туура эмес деп эсептейм.

Эгер мени чакырышса, сөзсүз келем. Бул сапарым да сонун убакытка туш болуптур, мага айткандары боюнча мындай дүйнөлүк деңгээлдеги оюн, Кыргызстан-Австралия беттеши биринчи жолу өткөрүлүп жатыптыр. Ага күбө болуп абдан канааттандым. Анткени Кыргызстандын курама командасы Австралия менен теңтайлаша ойноду, мен оюнду көрүп жатып Кыргызстан жеңишке жетет деп ойлогом. Жеңишке жетпей калды, бирок команда катары абдан күчтүү оюн көрсөттү. Бул болсо менин Кыргызстанга дагы келип, футбол көрөм деген ниетиме дем кошту.