Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Футболчу кыздар демөөрчү издешүүдө


6-августта Венгрияда фехтования боюнча дүйнө чемпионаты уланды. Кыргызстандык кыздар көчө футбол боюнча дүйнө чемпионатына демөөрчү издөөдө.

Кылыч менен кырчылдашып...

Бул күндөрү Венгриянын борбору Будапеште фехтования боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Ага бул спорттун шпага, сабля жана рапира түрлөрү боюнча 12 баш байге үчүн командалык жана жеке таймаштар болуп жатат.

Каражаттын тартыштыгынан улам дүйнө чемпионатына шпага түрү боюнча Данышман Жумабай уулу гана катышууда.

Будапешттеги дүйнө чемпионаты 12-августта соңуна чыгат.

Футболчу кыздарга демөөрчү керек

Футболдон Кыргызстандын кыз-келиндер тандалма командасы 10-августтан 18-августка чейин Польшанын Познани шаарында өтө турган көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатына катышканы акыркы камылгасын көрүүдө. Бирок каражат маселеси чечилбей, команда бараары арсар болуп турат. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз катчысы Медер Сталбек уулу маалымдады.

Чемпионатка дүйнө жүзүнөн 15 өлкөнүн командалары тандалып, атайын чакыруу алган. Былтыр Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык кыз-келиндер командасы 5-орунду ээлеген.

Актилек Жумабек уулу - Азия чемпиону

6-августта Казакстандын Боровое шаарынан кыргыз мушкерлери олжолуу кайтып келди. Алар эл аралык панкратион фестивалында 4 алтын, 3 күмүш жана 1 коло байге утуп алды. Бакыт Бекбоев (85 кг), Эрлан Нурбек уулу (70 кг) жана Кайрат Орозакунов (80 кг) баш байгенин ээси болду.

Ошондой эле 65 жана 75 кило салмактарда Азия чемпиондугу үчүн да эрендердин таймашы өттү.

"75 кило салмакта Актилек Жумабек уулу эрежесиз кармаш боюнча Азия чемпиону аталды. 65 кило салмакта “Тайсон” деген каймана аты бар Канат Келдибековду финалда калыстар басынтып койду", - дейт башкы устат Эмил Токтогонов.

Суучулдар сынды, сыналды

19-июлдан 5-августка чейин Испаниянын Барселона шаарында сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатынын таймаштары өттү. Анда 181 өлкөнүн эки миң үч жүздөн ашуун суучулу мөрөй талашты. Алардын катарында кыргызстандык 4 суучул чабалдыгын көрсөттү.

Лондон олимпиадасынын катышуучусу Дарья Таланова, Дамир Давлетбаев 41-42-орундар менен чектелди. Кирилл Вайс менен Василий Данилов деле ийгилик жараталган жок.

"Кыргызстандагыдай шарт менен дүйнөлүк чемпионатта 41-42-орунга ээ болуу – бул дурус көрсөткүч. Өлкөдө бир дагы 50 метрлик бассейн жок. Ошондуктан машыгууга шарт жоктугуна карабай, дүйнөлүк даражадагы спортчулар менен таймашуу да чоң сабак болду", - дейт башкы машыктыруучу Евгений Петрашев.

Спортчулар эл аралык мелдештерге даярдануу үчүн бир жылдан бери бассейндин ижара акыларын өздөрү төлөп келет. Ижарага деп эч ким акча бөлбөйт, ошого карабай суучулдар эл аралык мелдештерге, Азия, дүйнө чемпионаттарына катышууда.

Жеңүүчүлөр Евразия оюндарына барат

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде өспүрүмдөр арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча мелдеши өттү.

"Бул турнирде жеңип чыккан балбандар сентябрда Алматы шаарында өтө турган уландардын Евразия оюндарына катышат", - деди “Азаттыкка” улук устат Ратбек Мамбетов.

Эркин күрөштө 11 салмак боюнча эки жүздөй балбандан иргелип, Чыңгыз Майрамбек уулу, Кадыржан Кыргызбаев, Анарбек Сыдыкбеков, Эрмек Садыркулов жана башкалар баш байгенин ээлери болушту.

Грек-рим күрөш мелдешине эки жүздөй жаш балбан катышты. Анда дагы 11 салмак боюнча күч сынашуулар курч мүнөздө өтүп, мыктылар иргелди. Баш байгени Абдыалишер Жеңишбек уулу, Бексултан Макешов, Акжол Махмудов, Нурбол Абдыбеков жана башкалар жеңип, Алматыда өтө турган уландардын Евразия оюндарына жолдомо алышты.

Кырктай кыз балбан эркин күрөш таймаштарына катышты. 9 салмак боюнча мыктылар иргелип, алар да Евразия оюндарына барууга укук алышты. Алардын катарында жакында эле Монголияда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло байге утуп келген Каным Бургхан кызы, Азиянын былтыркы чемпиону Юлия Филистеева жана башкалар бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG