Оту күйүшпөй ажырашкандар арбыды

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, акыркы беш жылда ажырашкан жубайлардын саны тогуз миңден ашса, үй-бүлө кургандардын саны былтыр мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2 миңге азайган.

Улуттук статистика комитети соңку беш жыл ичинде расмий никеси бар жубайлардын ажырашуусу көбөйгөнүн белгиледи. Маселен, 2010-жылдардын башында ажырашкандардын саны 8 миңге чамаласа, 2014-жылы 9 миңден ашкан.

Быйыл жыл башынан берки эсеп боюнча ажырашкандар 5 миңден ашты. Булардын көбү 24 жаштан жогорку курактагы жаштар. Статистика комитетинин башкы адиси Жанара Мааткулованын ырасташынча:

- Үйлөнгөндөрдүн үчтөн бир бөлүгүн ажырашкандар түзөт. Айрыкча Чүйдө жана Жалал-Абадда көбүрөөк. Ал эми эркектердин арасынан басымдуу бөлүгү 30-34 жаштагылар ажырашат. Мисалы, былтыр бул курактагылардын 2 миңге жакыны арыз калтырышкан. 25-29 жаштагылар болсо 1,5 миңден ашат. Эгер ажырашууга арыз берген аялдардын жашын айта турган болсок, 25 жаштан жогоркулар. 18-19 жаштагы ажырашкан келиндер 60тан ашуун.

Иллюстрация

Ажырашкандар өз чечимдерин ар кыл себептер менен түшүндүрүшөт. Маселен, 25 жаштагы Адинай Черикова мындан бир нече жыл мурун чала тааныш баланын ала качып кеткенине карабай, бирге түтүн булатууга макул болуп, барган жеринде отуруп калган. Бирок ортодо бала төрөлгөнүнө карабай эки жылдан соң ажырашууга туура келгенин айтат. Башында баары жакшы башталганы менен, кийин шаарга көчүп келип өзүнчө жашай баштаган жубайлардын ортосундагы башкы көйгөй - акча маселеси болгон.

- Ала качып кеткендердин баары эле оюн түшүндүрө алышпайбы, иши кылып, түшүнбөйм. Жоопкерчилик деле жок болчу. Жумуш таппайт же тапса дагы жарытылуу акча алып келбейт. Акыркы кездери уруша берип, үйгө келбей да калды. Сөз сүйлөсөң ур-токмокко алып жатып калат. Ага да чыдап, "кел, экөөлөп иштеп акча табалы" десең, ошону да жарытылуу иштей албайт. Акыры ушундай эркектин барынан жогу деп, арыз жазып ажырашып тынгам.

Статистикалык маалыматка караганда, жыл өткөн сайын үйлөнгөндөрдүн саны да азайып баратат. Мындан 4-5 жыл мурун жылына 55-56 миңден ашуун жубай баш кошсо, былтыр алардын саны 2 миңге кыскарган. Ошол эле учурда адистер үй-бүлө куруу курагындагы жаштардын 60% жакыны жарандык никеде жашашы мүмкүн деп болжошот.

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов үй-бүлөгө карата мындай мамилени көчмөн кыргыз элине мүнөздүү эмес көрүнүш катары баалайт:

- Ажырашуу кыргыздарда аз болгонун архивдик материалдар да далилдеп жатат. Ал кезде үй-бүлөлүк институт деген түшүнүк бекем болгону белгилүү. Азыр болсо андай түшүнүк солгундап, ыдыраган абалда экени көрүнүп турат. Эгер такыр эле ажырашууга туура келип жатса, анда төлөнгөн калыңды ошол өлчөмдө кайтарып берүү өңдүү өзүнүн эрежеси бар болчу. Же болбосо ажырашууну көбүнчө эркектер демилгелеп, ал аялды өзүнүн багуусунда калтырып, бирок ага эч качан барчу эмес.

Адистер арасында ажырашууларга үй-бүлө куруу жоопкерчилигинин жоктугу себепкер жана буга коом, ата-эне да күнөөлүү деген пикир басымдуулук кылат. Үй-бүлөнүн, ак никенин касиети менен барк-баасынын жоголушу жаштардын жеңил ойлуу мамилесинин, коом алдындагы жоопкерчиликти сезбегендигинин айынан болуп жатат, дейт социолог Топчугүл Шайдуллаева:

- "Эл-журт, досторум, жумуштагылар эмне дейт" деген жоопкерчилик жок. Чындап келгенде, бүгүнкү күнү үй-бүлө институту кризиске учурады. Дегеле муундар ортосудагы баалуулуктар, биз бала кезде көргөн тарбияда чоң айырмачылыктар бар. Илгери аксакалдар, улуу адамдар сөз менен айтып дешсе, биз укчубуз. Азыр сөз менен айтып жеткире албайсың.

Болгону көр тирликти жүйө кармап, себеби жок ажырашууга шариятта да тыюу салынарын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын муфтийинин орун басары Замир Ракиев айтат.

- Арам деп эсептелген нерселердин баары Алла талаанын ачуусуна тиет. Алардын катарына ажырашуу да кирет. Ошондуктан үйлөнөрдүн алдында баш кошо турган адамдар эртеңки күнү Алланын алдында күнөөгө батып, Кудайдын каарына калбайлы деп ойлонуулары керек. Эгер жүйөлүү себеп болсо Кудай ал туурасында өзү маалымдар болот. Бирок болбогон нерселердин айынан эки жакка кетип, шайтанга азгырылуунун өзү Алланын каарына калат.

Адистердин иликтөөлөрүндө ажырашууларга күнүмдүк тиричиликтеги өксүктөр башкы себеп катары саналат. Мындан тышкары тууган-уруктар менен мамилелердеги түшүнбөстүк же жөн гана үй-бүлөнүн кадыр-баркын билбегендик ажырашууларга алып келиши мүмкүн.