Ал эми кыздардын 43% болочок күйөөлөрү атасына окшош болушун каалабай турганын билдиришкен. Муну адистер аталардын үй-бүлө, баланын алдында жоопкерчилигинин жоголушу, үй-бүлөдөгү уруш-талаш, энелерине кол көтөрүү, ажырашуу сыяктуу көрүнүштөрдүн жыйынтыгы деп эсептешет.
Бириккен улуттар уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду Бишкекте жана Чүй, Талас облустарында аталар арасында сурамжылоо жүргүзүп, ага катышкан эркектердин 18% гана жубайына бала багууга жардам берип, декретке чыккан учурда эч нерседен өксүтпөй багууга даяр экенин аныктады.
Уюмдун адистери жүргүзгөн сурамжылоого катышкан окуучу балдардын 40% атасын үлгү тутпасын, кыздардын 43% келечекте өмүрлүк жолдошу атасына окшош болушун каалабай турганын айтышкан. Ал эми былтыртан бери аталган үч аймакта "Жоопкерчиликтүү аталык" деген программа ишке аша баштады. Аталган фонддун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаковдун белгилешинче, сурамжылоонун жана аталган программанын максаты - эркектерге ата болуунун жоопкерчилиги да бар экенин жеткирип, түшүндүрүү.
- Сурамжылоого катышкан эркектердин 70 пайызы убактысынын көбүн жумушта өткөрөрүн, бир жумада 40 сааттан ашык иштей турганын билдиришкен. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, биздин аталар, эркектер үй-бүлөдө тарбия иштерине көп катышпайт. Көп учурда тарбияны энелери гана берет. Ушул себептен да болсо керек, өсүп келаткан кыздар-балдар өзүнүн ата-энесин үлгү катары көрбөй жатат. Көп учурда иште болгондуктан үй-бүлө иштерине катышпайт, балдарына убактысын бөлбөйт, алар менен ойнобойт, ден соолугун сурабайт. Ошондуктан ушундай жыйынтык чыгып жатат. Экинчиден, ажырашуулар да көп болуп жатканы буга себеп.
Изилдөөдө дагы бир жыйынтыкты көрсөттү, балдарга убактысын бөлүп, үй жумуштарына каралашып, аялына кам көргөн аталардын балдары, кыздары аларга жакшы мамиле кылат экен. Алардын балдары атасын үлгү катары көрүп, кыздар болочок күйөөлөрүнүн атасына окшош болуусун каалашат экен.
Сурамжылоо жыйынтыгынын мындай чыгышын адистер аталардын үй-бүлө, баланын алдында жоопкерчилигинин жоголушу, үй-бүлөдөгү уруш-талаш, энелерине кол көтөрүү, ажырашуу сыяктуу көрүнүштөрдүн жыйынтыгы деп эсептешет.
Мисалы, мектепти бүтөрү менен турмушка чыккан атын атагысы келбеген өзгөндүк келин акчанын жоктугунан тогуз айлык кызын башка бирөөгө берүүгө же балдар үйүнө өткөрүүгө аракет кылган. Бирок укук коргоочулар көкүрөк күчүгүн таштагандан башка да чаралар көп экенин айтып, бул чечиминен баш тарттырышкан. Айтымында, анын жолдошу Орусияда өзүнөн бир топ жаш улуу аялга баш кошуп, эки баласынан баш тарткан.
- Сүйлөшүп жүргөн балага эле мектепти бүтөрүм менен турмушка чыккам. Кечээ телефондон сүйлөшүп акча салбайсыңбы, өзүм да ата-энемдин үйүндө отурсам, балдар эмне жеп, эмне ичип жатканын деле ойлобойсуң деп айттым. "Акча салбайм" деп өчүрүп коюп атат. Орусияда өзүнөн улуу аял менен жүргөнүн билем, көрөйүнчү деп мен дагы Москвага баргам. Аны менен жашап жатканын көзүм менен көргөм. Москвада чоң-чоң аялдар менен жашап алгандар көп го. Апаң менен тең аял менен кантип жашап атасың? десем, "Сен дагы эрге тийип ал" деп кагып койгон. Чоң кызымды алып кетип, кичинесин таштасамбы деп ойлодум эле. Бала менен үйдө отурсам, акча да жок болсо бизди ким багат?
Бул келинге окшоп жалгыз калган, барар жери жок келиндер тилекке каршы өлкөнүн ар бир аймагында кездешет. Жакында эле үч эм төрөгөн келинди да күйөөсү таштап кеткенин, учурда атайын адистешкен балдар үйүндө жашап жатышканын жазып чыкканбыз. Азыр ташталган балдар же кыздар чоңойгондо өз атасын үлгү тутуп, ага окшошкусу келет, ошондой үй-бүлө кургусу келет деп айтуу кыйын. Бул ата үчүн да, бала үчүн да трагедия дешет адистер.
Инсандык жеке сапаттарды өнүктүрүү боюнча адис Асылбек Жооданбеков ушул темада “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди:
- Бул сурамжылоо Кыргызстандагы акыркы 20 жылда коомдо болгон реалдуу жагдайды ачык, күзгү катары көрсөтүп жатат. Бүгүнкү күндө аталардын модели бузулду. Бала үчүн ата, кыз үчүн энеси үлгү болот. Айылда, шаарда ушундай эркектер бар алар өздөрүнө ээ болбой калган. Апасы же аялы бир жакка кетип, көзү жок болсо эле ичип кеткен, кандайдыр бир деңгээлде жүгөн салынган аттай болуп калган учурлар бар. Эркек эрктүүлүгүн, эркекке мүнөздүү адамдык жүрүм-турумун, сапатын жоготкон кезде бул ата үчүн да, бала үчүн да трагедия. Ата-энесинен, алардын жасаган иштеринен уялып калганы бала үчүн чоң сокку. Мындай балдар чоңойгондо атасына кол көтөргөнгө чейин барышы мүмкүн. Негизи бала бакчага барып, мектеп партасына отурган курактагы балага атасы идеал болушу керек. Баласы үчүн атасынан өткөн шаңдуу, ийгиликтүү, күчтүү, камкор адам жоктой көрүнүшү керек. Эгер ата да, эне да уул-кыздарынын алдында үлгү болуудан калса мына ошол эң өкүнүчтүү.
- Сурамжылоого катышкан кыздардын 43 пайызы болочок күйөөлөрү өзүнүн аталарына окшош болушун каалабайт экен. Буга ажырашуулардын көп болуп жатканы, үй-бүлөдөгү чыр-чатак себеп болуп атабы же башка жагдайлар барбы?
- Сөзсүз да, кыздар дагы болочок жолдошун тандоодо үйдөгү жагдайды эске алат. Үй-бүлөдөгү абал да таасирин тийгизет. Эгер сурамжылоо ушундай натыйжа берип жатса, анда ушунча үй-бүлөдө гармония жок же атасы кызы менен дос боло алган эмес. Кызынын жан дүйнөсүнө, анын дүйнө таанымына каршы келген аракеттерди жасаган же жүрүм-туруму менен көрсөткөн. Бул сурамжылоо дагы бүгүнкү күндө кыргыз үй-бүлөсү чоң кризистин туу чокусунда турат деген коңгуроо.
- Бүгүнкү күндө үлгүлүү ата деген ким? Ал кандай болушу керек?
- Учурда ашыкча динзар же өтө эле талапчыл ата-энелер бар. Алар тартипти, балдардын тилалчаак болушун негизги орунга коюшат. Ал эми үлгүлүү ата – үй-бүлөсүндө жакшы маанайды түзө алат. Ал өзүнүн кылган иши, аракети, мамилеси, карым-катнашы, башкалар менен катышы менен да үлгү болушу керек. Азыр көптөр баласынын курсагы токпу, кийими бүтүнбү болду дегендей биологиялык ата-эне болуу менен чектелип атат. Биз ата-эне болууну үйрөнбөй жатабыз.
- Сиз өзүңүздү үлгүлүү атамын деп эсептейсизби?
- Мен антип эсептебейм. Мен балдарыма үлгүлүү болууга аракет кылган атамын.