Суу башындагы Кыргызстан эмне үчүн суу маселесин чече албай жатат? Бул секторго инвестиция салуу, инфраструктураны оңдоп, технологияны жакшыртуу үчүн кандай чаралар керек? “Арай көз чарай” берүүсүндө ушул маселе талкууланды.
Талкууга өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттигинин ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев жана география илимдеринин кандидаты, доцент Кайрат Молдошев катышты.
“Азаттык”: Аскарбек мырза, таза, ичүүчү суунун баасын көтөрүүнү сунуш кылып жатасыздар. Учурда Бишкектин бир жашоочусу суунун бир куб метри (1000 литри) үчүн 5,38 сом төлөйт. Азыр суунун өздүк наркы 7,70 сом болорун айтып жатасыздар. Ошол эле маалда сууну калкк жеткирүүдө сапатты көтөрүү, ошол секторго инвестиция салуу, инфраструктураны, технологияны оңдоо боюнча конкреттүү пландар барбы?
Аскарбек Токтошев: Таза суу маселеси өтө курч абалда турат. Муну баарыбыз жакшы билебиз. Өкмөт башчы бизди кабыл алганда тарифти көбөйтүүнү же азайтууну эмес, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Эң негизгиси - бүгүнкү күндө суу түтүктөрүнүн техникалык абалын сактап калыш керек. Ошонун негизинде Кыргызстан боюнча мисал келтирип кеттим. Премьер-министр карап чыгарын айтты, бирок бул жергиликтүү кеңештердин сессиясында чечиле турган маселе. Ошолор бекитип берет. Мисалы, Бишкекте 1000 литр үчүн 5,38 тыйын төлөнөт. Ошол эле учурда шишедеги 1 литр суу 20-25 сом. Ошондуктан Курулуш агенттиги ушул сектордун саясатын жүргүзгөн мамлекеттик орган катары бул маселени акырындап баары бир көтөрүшүбүз керек. Бирок бүгүн же эртең көтөрүлөт деп эч ким айта албайт.
Муну жергиликтүү кеңештер чечет. Биринчиден, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Биз суунун тарифин эсептөө боюнча усулун иштеп чыкканбыз. Бул багытта роликтерди да даярдаганбыз. Баа көтөрүлгөнчө, алгач 20, 45, 50% деп жатабыз. Бул багытта республика боюнча талдоо да жүргүзүп чыктык. Бишкек боюнча 5,38 сом менен алганда киши башына бир айга 37,12 сомго чыгып жатат. Ал эми өздүк наркы менен эсептесе, 53 сом болот экен. Бул эки шише суунун акчасы. Эгер 20% көтөрүлсө бир адам 46,44 сом төлөйт. Биз муну менен 1990-жылдары курулган, азыр курулуп жаткан суу каналдарын, системаны ошол калыбында сактап, мүмкүнчүлүгүн арттырууга аракет кылып жатабыз.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Азаттык”: Жаңы конуштардын көбүндө жаз келери менен таза суу чыкпай калат. Ошол эле учурда ичүүчү сууну сугат үчүн колдонгондор да бар. Айылдагылар канчалаган чакырымдан суу ташып ичет. Сапат менен инфраструктура дал келип турса эл деле бааны көтөргөнгө каршы болбос эле. Нааразылык ошондон жаралып жатпайбы?
Кайрат Молдошев: Үрүмчү, Ташкентке барсаңыз ашкана менен дааратканада бирдей суу агат. Бизде экөө эки башка. Биз сууну эсепсиз коромжу кылып жатабыз. Эл арасында түшүндүрүү иштерди көбөйтүш керек, бул багытта. Кыргызстанда жылына 50 кубометр суу дарыялардан агып түшөт. Бишкек шаары таза сууну сарамжалдуу пайдаланбайт. Алматы менен Ташкентте андай эмес. Суу - түгөнгүс байлык деп ойлойбуз. Бул чоң ресурс. Кыргызстан 1990-жылдары Алматы макулдашуусуна кол койгон. Ошондо "Кыргызстан суунун 25% өзү пайдаланат, калганы кошуна өлкөлөргө кетет" деп айтылган. Ошону кайра карап чыгуу керек. Себеби азыр сугат суунун көлөмүн алсак, Орто-Токой, Киров суу сактагычы жана түштүк аймактагы суу сактагычтар боюнча кошуна мамлекеттер менен сүйлөшчү көп маселе бар.