Балдарды коргоо айылдан башталат

Кыргызстанда ырайымсыз мамилеге туш болгон балдардын укугун коргоо максатында эл аралык уюмдар жана мамлекеттик органдар биргелешип, ыкчам аракеттенүү борборлорун түзүшөт.

Бул боюнча 2-февралда “Балдарга карата зордук-зомбулук иштерине чара көрүү” деп аталган Бишкекте өткөн жыйында айтылды. Социалдык өнүктүрүү министри​ Кудайберген Базарбаевдин билдиргенине караганда, долбоорго ылайык, балдарды ырайымсыз мамиледен коргоо багытында Ички иштер, Социалдык коргоо, Билим берүү министрликтери, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, жергиликтүү бийлик, эл аралык ЮНИСЕФ жана өкмөттүк эмес уюмдар чогуу иш алып барышат.

- Бүгүнкү күндө он министрлик биригип, мекемелер аралык буйрук чыгарганбыз. Ал буйруктун негизинде биз ыкчам аракеттенүү үчүн шарттарды түзүп жатабыз. Ошондо ар бир райондо акимдин, айылдарда айыл өкмөттүн башчылыгы менен атайын штабдар түзүлөт. Ал штаб жума сайын чогулуп, өз маалыматтарын талкуулап, керектүүсүнө чара колдонуп турат.

Кудайберген Базарбаев.

​Базарбаевдин айтымында, жер-жерлерде ар кандай жагдайлардан улам оор тагдырга, зордук-зомбулукка кириптер болгон балдарды жогорудагы штабдар коргоого алат. Жергиликтүү деңгээлде чечилбей калган маселелерди республикалык деңгээлге чейин көтөрүү шарты түзүлөт.

Долбоордун ишке ашуу жол-жобосу эң жөнөкөй экенин Социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөнү жана баланы коргоо башкармалыгынын башчысы Марина Жапаркулова билдирди:

- Маселен, кайсы бир баланын ден соолугу начар болсо, ал боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жергиликтүү өкүлү иш алып барат. Кылмыш иштери менен каттоодо тургандарга ИИМ өкүлү көз салат. Кыскасы, мында балдардын укугун коргоодон башталып, ден соолугуна чейин көзмөлдөнөт.

Марина Жапаркулова бул долбоордун негизинде жер-жерлерде иштеп келген социалдык маселелер боюнча комиссиянын макамы көтөрүлгөнүн да кошумчалады.

Жергиликтүү адистер болсо долбоор ийкемдүү көрүнгөнү менен, аны ишке ашыруу жеңил болбойт дешет. Анткени белгиленген чараларды ишке ашыруу үчүн шарттар жетишсиз, эң эле маанилүүсү – балдарды жайгаштыра турган коопсуз жайлар жок.

Токмок шаардык Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Сыяпат Илясова долбоордо көрсөтүлгөндөрдү жер-жерлерде социалдык кызматкерлер аткарып келген кадыресе эле иш катары баалады. Аны менен кошо өз тажрыйбасына таянып, буларды белгиледи:

- Бизде мындай окуя көп болот: мисалы, ата-энеси мас болуп, балага тынчтык бербей, зордук-зомбулук көргөзүп жатса, аны алып кетип жайгаштыра турган социалдык үйлөр жокко эсе. Социалдык кызматкерлер ушул жагынан көп кыйналышат. Буйрукта бул маселе көрсөтүлбөгөн. Аны кантип чечебиз?

Илясованын айтымында, мамлекеттин балдарга шарт түзүп берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, балдарды кайра эле ошол запкы көргөн өз үйүндө калтырууга туура келет.

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова болсо буга чейинки проблемаларды социалдык кызматкерлердин балдардын укугун коргоо боюнча толук иш жүргүзө албагандыгы, коомчулукта балдардын зомбулукка кабылып жатканы тууралуу укуктук билим да чектелүү болгондугу менен түшүндүрдү.

- Мисалы, милиция кызматкери же айыл өкмөт балдардын укугу менен тааныш болбосо, зордук-зомбулук деген эмне экенин билбесе, анда алар балдардын укугу бузулуп жатканын кайдан билет? Ушул жагынан эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар жардамга келди. Бир социалдык кызматкер карыя адамга да, оорукчан адамга да жардам берет. Ошентип алар балдарга толук көңүл бура албайт.

Аталган долбоордун ишке ашуусун жарандык коом көзөмөлгө алып турат. Ошондой эле жергиликтүү тиешелүү адистер балдардын укугу боюнча атайын кыска мөөнөттөгү даярдыктан өткөрүлөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча балдарга карата жыныстык мүнөздөгү кылмыштын саны 2013-жылы 138, 2014-жылы 140 болгон. Былтыр зомбулуктун жыйынтыгында жашы жети элек 10 бала каза болгон.