УКМКдагы ФСБнын "кураторлору"

Иллюстрация

Кыргызстандын коопсуздук кызматында орусиялык ФСБнын адамдары отурганы тууралуу маалымат коомчулукту түйшөлтүүдө.

"Куратордун" кызматтан алынышы

2011-жылдын башында Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин буйругу менен Федералдык коопсуздук кызматынын директорунун орунбасары иштен бошотулду. Анын себеп-жөнүн расмийлер “иште кетирген кемчиликтери үчүн” деп түшүндүрүштү. Вячеслав Ушаковдун кызматтан кетишинин себебин журналисттер иликтөөгө алышты.

Анын ишине кызыккан маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кызык жагдайга туш болушту, Вячеслав Ушаков Кыргызстан УКМКсынын кадр маселелерин тейлечү экен. Андан да кызыгы, 2005-жылкы “жоогазын ыңкылабын” да орусиялык атайын кызматтын генералынын “долбоору” катары сыпаттап жүрүшөт. Айрым булактардын ырасташынча, Ушаков менен Жаныш Бакиевдин жакын мамилеси бар болчу.

Мен ФСБнын кызматкерлери ИИМде да, ТИМде да, УКМКда да отурганына, кеңеш берип, көмөктөшүп отурганына кадиксиз ишенем,
Равшан Жээнбеков

Вячеслав Ушаковдун кылган-эткендерин иликтеп чыккан «Росбалт» аны ачык эле Кыргызстандын УКМКсындагы ФСБнын куратору деп атайт.

- Ушаков Акаевдин, Бакиевдин тушунда УКМКдагы кызматка дайындоолорду такай көзөмөлгө алып турган. Маселен, анын айтуусу боюнча Коопсуздук кеңештин башчысы Алик Орозов кызматтан алынган (ал бир кезде Ушаков менен КГБнын Ош облусу боюнча башкармалыкта чогуу иштеген), анын ордуна ФСБ башчысынын мурдагы орунбасарынын досу Марат Иманкуловду дайындашкан. Кыргызстанда бийлик алмашып, экс-президентке баш калка берген Минск менен мамиле курчуп кеткенине, Москванын Бакиевди берүү талабына карабай ФСБнын мурдагы кураторунун өзүнүн бир кездеги мекенинде өз алдынча тартип орнотуу аракети токтолгон жок, - деп жазат аталган басылма.

Орусиялык атайын кызматтардын Кыргызстанга таасири тууралуу жакында президенттик аппараттын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев да билдирди. Соцтармакта Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү “азыр УКМКнын ар бир башкармалыгында Орусиянын ФСБ кызматкери “куратор” болуп отурганын” жазды.

Жогорку кызматтагы аткаминердин мындай билдирүүсү коомчулукту түйшөлткөн бир топ суроолорду жаратты: эгемен делген Кыргызстандын коопсуздугун кимдер камсыз кылат, Улуттук коопсуздук кызматында башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы сөзсүз болушу керекпи?

Билим берүү деле инвестиция

Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдары боюнча мыйзамда чет өлкөнүн жарандарына УКМКда иштөөсүнө жол берилбейт. Бирок ага карабастан, болочок чекисттерди даярдоону өлкө Орусиянын ФСБ академиясына тапшырып койгон. Жыл сайын орусиялык жогорку окуу жайы кыргызстандыктар үчүн 20 орун бөлүп берет. Окуу чыгымдарын, жатакана жана тамак-аш жагын орус тарап өзүнө алган, студенттерге стипендия да төлөйт.

Кремл кыргыз мигранттарын боюна тартууда

Кремл кыргыз мигранттарын боюна тартууда

Улуттук боштондук кыймылын Мамлекеттик Думанын депутаты Евгений Федоров жетектейт. Ал кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугуп, өзүнчө жыйын өткөргөн.

- Академияда биздин студенттер бул жерден албай турган билимге ээ болушат. СССР урап калгандан кийин Кыргызстанда атайын кызмат үчүн кадрларды даярдай турган окуу жайы жок болчу. Ошондуктан биз студенттерди чет өлкөгө жөнөтүүгө аргасызбыз,- дейт УКМК жетекчисинин мурдагы орунбасары Марат Иманкулов.

ФСБ академиясы кыргызстандыктардын окуусу үчүн эки өлкөнүн атайын кызматтарынын ортосундагы келишимдин негизинде орун бөлөт. Окууга жөнөр алдында курсанттар ал жерден билим алгандан кийин Кыргызстанга кайтып келип коопсуздук кызматтарында иштөөгө милдеттенме алышат.

2015-жылдын июлунда УКМКнын борбордук аппаратында академиянын 11 бутүрүүчүсүн салтанат менен тосуп алышты. Комитеттин ал кездеги жетекчиси Бусурманкул Табалдиев жаш чекисттерге улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери деген наамга татыктуу болууну, Кыргызстан элине берилип, ак кызмат кылышын каалады.

Чет элдик окуу жайдан билим алып келген кызматкерлердин берилгендигинен шек саноого болбойт, дейт УКМК жетекчисинин мурдагы орунбасары Артур Медетбеков:

- Жөнөр алдында алар кылдат текшерилет. Жалаң эле ден соолугу эмес, инсандык касиеттери, чет элдик агенттер менен байланыштары, тууган-уруктарына чейин. УКМКда иштеген ар бир кызматкер такай текшерүүдө болот. Аларга баштаганда эле чоң ишти тапшырышпайт. Алар ишке каныгып, тажрыйба топтошу керек. Бир жыл, бир жарым жылдан кийин гана аларга жооптуу иштер тапшырыла баштайт.

Чекисттер четтен эмнени алат?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы орунбасары Марат Иманкуловдун айтуусунда, ФСБдан кыргыз курсанттары УКМКнын Бишкектеги жогорку курстарынан албаган кесиптик билимге ээ болушат. Бирок саясий ишмер Улукбек Маматаевдин пикиринде, курсанттар ал жерден идеологиялык таасирден да сырт калышпайт.

- Жалдап алуу тууралуу кеп кылбай эле коёлу, бирок чет өлкөдө болгон адам ошол жердин таасиринде калары белгилүү. Биздин Орусиядагы мигранттар бардык жерде Орусиянын кызыкчылыгы үчүн чыгат. АКШдагы кыргызстандыктар тууралуу деле ушуну айтууга болот – алар эч качан Америкага каршы сөз айтпайт. Бирок да мигранттар – башка, студент дегендер – таптакыр башка калк. Бул деген интеллектуалдык ресурс, башка деңгээл. ФСБнын таасири дегенде бир эле жагдайды, азыркы УКМКнын оппозиция менен иштөөсү, башка багыттардагы иштеринде ФСБнын иш ыкмаларын колдонуп жатканын айтсак болот.

УКМК

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков бекер билимге ишенбейт. Анын пикиринде, мунун артында Орусиянын алыска ташталган арканынын учу жатат.

- Ар бир өлкөнүн өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Чет өлкөдө жүргөн жарандар жалданышы мүмкүн. Мекенине келгенден кийин андай кызматкерлер ошол жалданган өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн аракет кыла баштайт. Коопсуздук органынын кызматкерлерин Орусияда окутууну биздеги эң чоң жаңылыштык деп эсептейм. Мен ишенимдүү кишилерден "биздин УКМКнын ар бир кабатында орусиялык ФСБнын кызматкери отурат" дегенди көп уктум. Муну президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев да ырастады. Мен ФСБнын кызматкерлери ИИМде да, ТИМде да, УКМКда да отурганына, кеңеш берип, көмөктөшүп отурганына кадиксиз ишенем, - дейт Равшан Жээнбеков.

ФСБ академиясы Орусия ФСБ системасындагы негизги көп профилдүү жогорку окуу жайы болуп эсептелет. Ал коопсуздук кызматтарга кадрларды даярдоочу, кайра даярдоочу, алардын квалификациясын көтөрүүчү жогорку билим берчү жай. Окуулар жети факультетте жүргүзүлөт. Орусия Федерациясынын ФСБ академиясы Орусиянын башкалаасы Москвада жайгашкан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.