Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн даттануу боюнча мекеме аралык комиссия "Веганын" утушун жокко чыгарган чечимде тендердик комиссия өзү иштеп чыккан шарттарды өзү бузганын сот эске албаганын билдирди.
Даттануу боюнча мекеме аралык комиссия “"Вега" компаниясы иш тажрыйбасын көргөзгөн техникалык талаптарды аткарган эмес” деген жүйө менен "Маалымат коопсуздугу тутуму" компаниясынын арызын канааттандырган.
"Коопсуз шаар" долбооруна байланыштуу бул соттук териштирүү да узакка созулчудай болуп калды.
Бишкектин район аралык соту “Коопсуз шаар” долбоору боюнча арыздарды караган, Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн мекеме аралык өз алдынча комиссиянын чечимин жокко чыгарды.
Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин арызын канааттандырган сот чечимине ылайык, аталган мамлекеттик мекеменин астындагы тендердик комиссиянын орусиялык “Вега” концернин жеңүүчү деген чечими мыйзамдуу деп табылды.
Дооматты эске албаган сот чечими
Бирок даттануу боюнча мекеме аралык комиссиянын мүчөсү Эдил Эралиев сот алардын жүйөсүн укпай, мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамдын талабы менен тендердин жоболорунун бузулушун судья тескерисинче мыйзамдуу деп тапканын белгиледи:
- Сот өз чечиминде түшүндүрмө бериши керек болчу. Бул мыйзамдын талабы. Бирок сот биздин чечим кайсы мыйзамдуу негиздерге каршы келгенин белгилеп, аны жокко чыгаруунун себебин аныктап берген жок. Сот биздин чечимди "жокко чыгарылсын" деп эле чечимди беш күндүн аралыгында аларыбызды айтып, иш бөлмөсүнө кирип кетти. Андан мурун сот Маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрүнө “Эмнеге алар өздөрү иштеп чыккан тендердик жоболорго кайра өздөрү каршы чыгып жатат?” деген суроолорду берүүгө мага мүмкүнчүлүк бербей койду. Анткени техникалык документацияда тендерге катышып жаткан компаниянын иш тажрыйбасын, анын техникалык мүмкүнчүлүгүн жана ал ушундай багыттагы кайсы долбоорлорду ишке ашырганын ырастаган документтерди көргөзүүгө тийиш эле. Аталган компаниядан видео байкоо жана автоматтык каттоо боюнча кайсы жерде кызмат көрсөтүлгөнү тууралуу да маалымат суралышы керек болчу. Бирок "Вега" концерни андай маалыматтарды көрсөтө алган эмес. Ошондуктан биз аны "тендердин жоболоруна туура келбейт" деп тапканбыз.
Бул сот чечими боюнча Бишкектин район аралык сотунан тиешелүү комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Буга чейин белгилүү болгондой, Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн даттануу боюнча комиссия “тендердик сынак комиссиясы тандаган орусиялык "Вега" компаниясы кайсы шаарларда видео байкоо жабдууларын орноткону боюнча иш тажрыйбасын талаптагыдай көргөзгөн эмес” деп, анын тендерден утуп чыкканын жокко чыгарган. Буга макул болбогон Маалымат технологиялары жана байланыш комитети сотко кайрылган. Анткени тандоо жүргүзгөн мекеме аралык тендердик сынак комиссиясы ушул комитеттин астында түзүлгөн.
Тандоонун талаптары таасынбы?
Бул тендерди өткөрүүгө жооптуу комитет "Вега" компаниясы мыйзамдуу тандалган деп эсептейт.
Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин басма сөз катчысы Анара Мамытова “тендердик комиссия "Вега" концерни техникалык талаптарды жетиштүү деңгээлде аткарганы үчүн аны тандаган” деп айтып, бирок анын буга чейинки аткарган иш тажрыйбасы боюнча ачык маалымат бере алган жок:
- Техникалык талаптардын арасында иш тажрыйбасын көргөзүү жагы чын эле бар болчу. Ошондуктан даттануу боюнча комиссия “"Вега" концерни иш тажрыйбасын жарым-жартылай көргөзгөн эмес" деп тапкан. Бирок бул жерде "Вега" радио курулуш концерни - коргонуу багытындагы ишкана экенин түшүнүш керек. Ошондуктан алар эмнеге бул маалыматты бергени тууралуу комментарий кыла албайм. Ал эми мекеме аралык сынак комиссиясы “"Вега" техникалык тапшырмалар боюнча коюлган талаптарга толук жооп берет" деп тапкан. Даттануу боюнча комиссия болсо анын атаандашынын арызын орундуу деп эсептеди. Бирок сот кечээ андай деп эсептебей турган чечим кабыл алды.
Буга чейин орусиялык "Веганын" тендерден утуп чыгышын тааныбаган анын башка орусиялык атаандашы - "Маалымат коопсуздугу тутуму" компаниясы эми өзүнүн арызын сотко берүүгө даярданып жатканы белгилүү болду. Ошентип, бул жолу да "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үзгүлтүккө учурап, эсеби боюнча алтынчы ирет өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы бузулуп, соттук териштирүү менен коштолууда.
Исаковдун ишин илгерилетсе болот беле?
Буга чейин коррупция боюнча шектүү катары камалган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков долбоорду сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүз, мамлекеттин өзүнүн эсебинен ишке ашыруу демилгесин көтөргөн.
Бирок ошол демилге эмнеге уланбай калганын айткан талдоочу Рита Карасартова андан мамлекеттик кызыкчылыкка доо кетип жатканын белгиледи:
- Мындан бир жыл мурун ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "Коопсуз шаар" долбоорун мамлекет өз күчү менен ишке ашыра турганын жарыялап, Бишкектин үч көчөсүнүн кесилиштерине орнотулган видео байкоо жана каттоо жабдууларынын ишин көргөзгөн. Анда жол эрежесин бузуу реалдуу убакыт боюнча видео каттоого алынары долбоордун бет ачарында көрсөтүлгөн. Анан эми азыркы өкмөт ошону "Сапар Исаковдун иши болчу" дебей, аны кайра улантып, мүчүлүштүктөрүн толуктап, кемчиликтерин оңдоп, биздин өзүбүздүн адистердин аракетин колдоп, каржылоону баштай бергенде ушул күнгө чейин "Коопсуз шаар" долбоорун толук ишке ашырганга мүмкүнчүлүк болмок. Бирок бизде кийинки келген жетекчилер андан мурда кеткен бийликтин жасаган иштерин танган жана жокко чыгарган нерсени өнөкөт кылып алышкан. Ошондуктан мамлекеттик маанилүү кызыкчылыктагы иштер алдыга жылбай турат. Мамлекет чет элдик компаниялардын катышуусуз эле муну өзүнүн эсебинен ишке ашырса эмнеге болбосун?
Дагы караңыз "Коопсуз шаарга" Москва өрнөк болотЭске сала кетүүчү жагдай - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Азербайжанда, Тажикстанда жана Казакстанда "Коопсуз шаар" сыңары долбоорлор мамлекеттин өз эсебинен каржыланып, тиешелүү органдар тарабынан ишке ашырылганы Интернет булактарында жарыяланган.
Быйыл 5-сентябрда болуп өткөн "Коопсуз шаар" боюнча тендерде ишти 1 миллиард 125 миллион сомго аткарууну же шарт боюнча эң төмөнкү бааны сунуш кылган орусиялык "Вега" концерни жеңүүчү деп табылган.
Тендердин жобосу боюнча уткан компания ал акчага Бишкекте жана ири трассаларда видео жабдуу орнотуп, беш жылга чейин жол эрежелери бузулган учурлардан түшкөн айыппулдун жарымынан көбүрөөк үлүшүнө ээ болмок. Бирок айрым талдоочулар арасында “өкмөт долбоорду каржылоону өзүнө алып, тиешелүү мамлекеттик органга аны аткаруу жагы жүтөлсө, анда бул долбоор өзүн толук актамак турсун, бюджетке ири киреше алып келмек” деген пикирлер үстөмдүк кылат.