“Коопсуз шаар” боюнча мамлекеттик мекемелер соттошо турган болду. Маалымат технологиялары жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимине каршы район аралык сотко кайрылганын мекеменин басма сөз кызматкери Зирек Асанова маалымдады.
5-октябрда Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия "долбоорду ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” концернинин иш тажрыйбасы жок" деп жыйынтык чыгарган. Буга сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" мекемесинин жазган арызы негиз болгон. Ал компания "Вега" жол эрежелери бузулган учурларды видеого жаздырып алуу жагынан тажрыйбасы жок экенин айтып чыккан.
Бирок “Вега” компаниясы арыздарды караган комиссиянын чечимине макул эмес экенин, мыйзам чегинде чечимге каршы даттанарын билдирген.
Ага чейин 4-сентябрда “Коопсуз шаар” боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.
Кыргыз өкмөтү “Коопсуз шаар” долбоорун 2012-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Тендерге катышкан эл аралык компаниялар менен улам маселе жаралып, артка жылууда. Өкмөт быйыл жыл аягына чейин долбоор ишке кире турганын билдирген. Ортодо минтип кайра соттошуу башталууда.
Экономист, эл аралык ишкерлер кеңешинин мурдагы төрагасы Темирбек Ажыкулов бул жаатта пикир бөлүшөт:
"Азаттык": “Коопсуз шаар” долбооруна байланыштуу соттошуу бул долбоордун келечегине кандай таасир этет?
Ажыкулов: Кыргызстан үчүн бул - уят. Канча жылдан бери арзан түшчү долбоорду ишке ашыра албай жатабыз. 500-700 миллион каражат сарптап жол салабыз, жүздөгөн миллион долларга Жылуулук ишканасын оңдойбуз, бирок 50-60 миллиондук "Коопсуз шаар" долбоору арабөк абалда кала берүүдө.
"Азаттык": Маселе эмнеде деп ойлойсуз?
Ажыкулов: Эң чоң маселе - мамлекеттик органдардын ортосундагы башаламандык жана бири-бирине баш ийбестик.
"Азаттык": Өкмөт жөндөмсүз болуп жаткан жокпу?
Ажыкулов: Маселе жөндөмдө деле эмес. Көйгөй мекемелердин ортосундагы ымаланын жоктугунда. Баары өз кызыкчылыгын коргоо менен убара. "Өзүбүз эң мыкты болсок болду" деген турумда иштеп жатышкандай. Бирок жалпы мамлекеттик багыт да бар эмеспи. Өкмөт башчы кабыл алган өнүгүү стратегиябыз да бар. Анын негизинде жазылган пландар, программалар бар. Кооз сүйлөп, маселе көтөрө беребиз, иш жүзүндө көйгөйдөн арылбайбыз. "Коопсуз шаар" долбоору колдон колго өтө берип, ордунан жылбай калды.
Андан тышкары, соңку кездери мамлекеттик ишмерлерге, аткаминерлерге ар кандай кылмыш иши козголо берип, мамлекеттик органдар чечим кабыл алгысы келбей да калгандай. "Кийин жооп берип калбайын" деген чочулоо бар.
"Азаттык": Мындай улана берсе, долбоордун келечегин кандай божомолдосок болот?
Ажыкулов: Жогору жакта саясий эрк болуп, акыркы чечим кабыл алынышы шарт. Президентпи, премьер-министрби "жыйыштыргыла, жакшылап жасагыла" деген өңүттө буйрук кылса, каалаган мекеме долбоорду ишке ашырат. "Кыргызтелеком" да жасай алат. Бирок мекемелер аралык көралбастык, бут тосуулар болбошу керек. Маселен, "Кыргызтелеком" жасай баштаса, башкалар тоскоолдук жаратпашы зарыл.
Бул соттошуу биринчи чыккан көйгөй эмес. Буга чейин деле мекемелер аралык талаш-тартыш болуп жатпайбы. Ар ким жуурканды өзүнө тарта бербей, иш жооптуу бир органга жүктөлүшү кажет. "Бул мекеме ишке ашырат, тигил ишкана жардам берет" деген чечкиндүү кадам, чечим зарыл болуп турат.
"Азаттык": “Коопсуз шаарды” ишке ашыруу үчүн Кыргызстанда адистик дарамет кандай деп ойлойсуз?
Ажыкулов: Менин оюмча, адистер жагынан көйгөй жок. Биз космоско спутник учуруп жаткан жокпуз. Коңшу Тажикстан, Казакстан эчак эле ишке ашырган. Адистерибиздин ага алы жетпей калат десек болбойт. Ар кандай тоскоолдуктардын, кооптонуулардын жаралышына ушундй күмөн саноо да себеп болуп жатат.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.