Анда желим ок тапанчаны дүрмөтсүз жана газ куралдардын катарына кошуу, огун милициянын ок гизльзотекасына киргизүү өңдүү жоболор каралган. Соңку күндөрү травматикалык тапанча колдонулган кылмыш көбөйүүдө жана адам өмүрү кыйылган фактылар бар.
Былтыр травматикалык тапанча колдонулган 15 кылмыш катталган. Адам өмүрүнө коркунуч келген, оор жарадар кылган фактылар болду.
Желим ок тапанчага байланыштуу эң чуулуу окуя былтыр ноябрь айында Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда орун алды. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Тарыхчиев кол астындагы кызматкери менен чырдашып, өз иш бөлмөсүндө аны желим ок тапанча атканы маалымдалган. Ага "адам өлтүрүүгө аракет жасады" деген айып тагылып камакка алынган. Азыр бул кылмыш ишти облустук прокуратура териштирип жатат.
Милициянын маалыматы боюнча азыр элдин колунда жалпысынан 7,5 миңден ашуун травматикалык тапанча бар. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов мындай куралга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы чыкканын айтып берди:
- Газдуу куралдарга караганда травматикалык тапанча денеге олуттуу зыян келтирет. Кээ бир учурда өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Соңку күндөрү кылмышкерлер да ушул куралды көп колдоно баштады. Мисалы, оор, өтө оор кылмыштар болгондо, адам денесине оор залал келтирилген учурларда, өлтүрүүгө аракет кылганда травматикалык тапанча колдонулганы аныкталып жатат. ИИМдин гильзотекасы бар. Ошого травматикалык тапанчанын огун кошууну сунуштап жатабыз.
Жогорку Кеңеште 6-январда “Куралдар жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоор каралып жатканда травматикалык тапанчанын огун милициянын гильзотекасына киргизүү боюнча жобо талкуу жаратты.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нишанов кайсы бир кылмышка тиешеси бар деп шектелген желим ок тапанчаны текшерүүнүн жол-жобосуна кызыкты:
- Мисалы, атыла турган тир бар да. Тапанчанын кылмышка тиешеси бар-жогун текшерүү үчүн ошол тирге барып атып жатканда ал тапанчанын ээси да жанында болобу? Мисалы, мен бир-эки жыл мурун өзүмдүкүн алып бардым эле. Мен ИИМдин сыртында турдум, тапанчамды алып кирип атып текшерип чыгышты. Бирок мен кимдин гильзасы менен алмаштырып койгонун, кандай болдгонун билбей эле турдум. Ушундай болбош үчүн тактык киргизип коюшубуз керек.
Кыргызстанда травматикалык тапанча алууга олуттуу деле чектөө жок жана Ички иштер министрлигинин атайын уруксаты зарыл эмес. Бойго жеткен, психиатриялык жана наркологиялык диспансерде каттоодо турбаган, тапанча сактала турган жайы бар экенин тастыктаган жаран өзү жашаган аймактагы милициянын уруксаты менен сатып алалат. Мындан улам парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу куралдын бул түрүн колдонуудагы коопсуздукка көңүл бурду:
- Травматикалык куралдарды сатып жатканда сатуучулар кардарларга жакшылап кеп-кеңеш бериш керек. Мен деле сатып алгам. Кандай кылып, кантип колдонуу керектигин мага эч ким түшүндүргөн эмес. Мен өзүм эле кызыгып үйрөнүп алдым. Курал колдонууну үйрөтүүгө милдеттендирген жоболор керек. Мисалы, травматикалык тапанча менен артты карап турган кишини атпаш керек, колго-бутка гана атыш керек, тапанча кол салуу эмес, эскертүү ирээтинде колдонулушу керек дегендей эрежелер бар да. Ошондуктан сатуучуларга да сөзсүз үйрөткүлө деп шарт койсоңор.
Травматикалык тапанчага көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбоор биринчи окууда жактырылды. Эми кошумча-алымчалары менен экинчи-үчүнчү окууга коюлмакчы.
Мындан мурунку чакырылыштагы парламентте да куралга байланыштуу бир катар мыйзамдар каралган эле. Анда эң ириде Жогорку Кеңештин имаратынын ичинде депутаттарга жана алардын жан сакчыларына ок атуучу курал менен жүрүүгө тыюу салынган.
Ошол кездеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен “Республика” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулаймановдун парламенттеги мушташынан кийинки текшерүүдө Жогорку Кеңештин имаратынан бир автомат, он тапанча чыккан.