УКМКдагы өрт көп суроого жем таштады

УКМКнын башкы имараты

4-март күнү кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имаратында өрт чыгып, алты кызматкер жабыркады.

Коопсуздук кызматынын имаратындагы бул өрт электр жабдыктарынан чыкканы айтылууда. Адистер кырсык шалаакылык айынан болду деп жатышат. Ал ортодо жергиликтүү тургундар имараттан жарылуунун үнүн укканын айтып беришти.

Окуя 4-март күнү кечки саат тогуздан кийин болгон. Маалыматка караганда бир бөлмө өрттөнүп, ага байланыштуу имараттагы электр жарыгын убактылуу толук өчүрүүгө туура келген.

Өрткө байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имаратынын тегерегиндеги көчөлөрдүн баары дароо курчоого алынып, өрттү жайылтпай өчүрүү боюнча чукул чаралар көрүлдү. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдиргендей, өрттүн айынан УКМКнын алты кызматкери ооруканага жаткырылды:

- Алты аскер кызматкери ар кандай баш оорулар менен аскер медициналык кызматкерлерге кайрылып, ооруканага жаткырылды. Учурда алардын абалы жакшы. Тергөө башкармалыгы менен байланышсак, эч кандай архивдик материалдар күйүп же өтө жооптуу иштердин бирине дагы залал келген эмес.

Жарылууну жашыруу мүмкүн эмес

Коопсуздук комитети ошондой эле социалдык түйүндөр аркылуу тараган өрт учурунда жарылуу болду деген маалыматты төгүндөп жатат. Деген менен имараттын жанында жашаган жай тургундар да жарылуунун үнүн укканын айтышууда.

Архивдик документтер күйүп кетиши мүмкүн эмес, себеби алар жакшы корголгон. Бирок тергөөдөгү материалдар өрткө кабылышы толук мүмкүн.
Марат Иманкулов

Жергиликтүү тургун Любовь Иванова азыркыга чейин коркуп турганын айтса, өзүн Леонид деп тааныштырган дагы бир жашоочу алгач катуу үндү укканда көчөдө автоунаалар кагышты деп ойлогон экен.

- Катуу бир үн чыкты, мен чоң жолдо автоунаа сүзүштү же жүк ташуучу машинанын дөңгөлөгү жарылды деп ойлогом. Бирок андан көп өтпөй эле өрт өчүргүчтөр жана милиция унааларынын сиреналары жаңырып калды. Ошондон кийин гана имаратта өрт чыкканын билдим.

ӨКМ үн катпай турат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы өрткө каршы мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нуржан Осмоналиев бардык маалыматтар УКМКга берилгенин билдирип, “Азаттыкка” андан ашык маалымат айткан жок:

- Бизге тиешелүү маалыматтын бардыгын УКМКга бердик. Өрт болгон жерге канча унаа барганын, өрт канчада өчкөнүн бүт маалыматты комитетке өткөрдүк. Биз ал боюнча кандайдыр бир маалымат айта албайбыз.

Марат Иманкулов

Коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери Марат Иманкулов бул имаратта атайылап өрт коюу же жардыруу болушу ыктымал деген кептерди төгүндөдү:

- Мен УКМК имаратын атайылап өрттөдү же ок-дарылар катылган бөлмө да күйүп кетти деп айтуудан алысмын. Мүмкүн электр чыңалуудан чыккан өрт, бөлмөдөгү тергөө учурунда алынган айрым бир жарылуучу затка чейин жеткендир. Себеби, имаратты мен жакшы билем, ок-дарылар өзүнчө өрттөн оолак жерде сакталат. Ошол эле учурда архивдик документтер да күйүп кетиши мүмкүн эмес, себеби алар да жакшы корголгон. Бирок тергөөдөгү материалдар өрткө кабылышы толук мүмкүн.

Бекназаров: ич ара чагым болушу мүмкүн

Убактылуу өкмөттүн учурунда күч түзүмдөрүнүн координатору болуп турган Азимбек Бекназаров ар кандай жоромолдорго жол бербеш үчүн бул окуяны дыкат иликтеп чыгуу керек деген ойдо:

Азимбек Бекназаров

- Биздин УКМКда кимдер гана жүргөн жок. Керек болсо Орусиянын ФСБдагы кызматкерлери да ошол жакта жүрөт. Экинчиден, УКМКда азыркы адис эмес жетекчи келгенден бери ич ара нааразылык бар. Андыктан жамаат ичинде келишпестик чыкса, ушул өңдүү чагымдар да болот. Мен өрттүн анык себеби аныкталат дегенден алысмын. Бул ишти акырын эле жаап коюшат.

Бирок УКМК өкүлү Рахат Сулайманов жакын арада өрттүн чыгышынын себептери жана күнөөлүүлөр аныкталарына ишендирди.

Күч түзүмдөрү жайгашкан имараттарды өрт чалган көрүнүш биринчи жолу чыккан жок. Ушул жылдын 27-февралында Жалал-Абад шаардык прокуратурасын өрт чалып, имараттын 450 чарчы метри, чатыр, шып, эмеректер жана кагаздардын бир бөлүгү күйүп кеткен.

2015-жылдын июль айында болсо Чүй облустук сотунда өрт чыгып, Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча жазык иш жоголду деген маалымат чыккан. Бул кырсыкты мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиев “Ата Мекен” партиясы өзү уюштурушу мүмкүн экенин билдирип, "материалдардын арасында партия лидери Өмүрбек Текебаевдин көрсөтмөсү да бар болчу жана ал жалган болгон", - деп айтып чыккан. Бирок “Ата Мекен” партиясы облустук сотту өрттөө кайсы бир күчтөрдүн иши деп баалаган.

Ал эми 2010-жылдагы апрель революциясы учурунда борбордогу Башкы прокуратуранын имараты атайылап өрттөлүп, ичиндеги тергөө иштер жана архивдик материалдардын көпчүлүгү күлгө айланган. Имарат бүгүнкү күнгө чейин калыбына келбей, өрттөгөндөр азыркыга чейин аныктала элек.