Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:24

КМА: Пара алды деп кармалган Медакадемия кызматкеринин денеси көгала болгон


Медициналык академиянын басма сөз катчысы Абибилла Пазыловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери келип, Гапаровдун иш бөлмөсүнө кирип кеткенден кийин эшикти бекитип, сырттан башкаларды киргизген эмес:

- Кабинеттин ичинен сөгүнгөн, кыйкырган үндөр угулуп атты. Кирели деп баргандарга эшик ачышкан жок. “Эртең маалымат каражаттарынан угасыңар” деген гана жооп болду. Гапаровдун жүрөгү оорулуу экенин, атайын дарыгерде каттоодо турганы айтылса да угушкан жок. АКСтен келген кызматкерлер бизди “Гапаров өлдү” дегенден кийин гана киргизишти. “Тез жардам” да ал өлгөндөн кийин гана келип, өлгөнүн тастыктап кетишти. Биз киргенде денесинде көгала тактар бар экен.

Пара алып жаткан жеринен кармалып каза тапкан Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча УКМК тараткан маалыматта анын өлүмүнө жүрөгү кармап калганы себеп деп айтылган.

Бул окуяны Октябрь райондук прокуратурасы райондук милиция менен чогуу текшерүүгө аларын Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG