Айрым пикирлер боюнча, депутат Аида Салянова сунуштаган мыйзам кабыл алынса, мыйзамсыз түрдө көп аял алууга жолтоо болмок.
Жоопкерчиликти күчөткөн күбөлүк
Бегимай жашы жетелекте эле ала качууга дуушар болуп, турмуш курган миңдеген келиндердин бири. Ал алгач расмий түрдө никеге туруп, андан кийин гана диний жөрөлгө менен нике кыйылсын деген мыйзам кыздардын эрте турмушка чыгуусун алдын алат деген үмүттө жүргөн. Анын айтуусунда, расмий түрдө никеге туруу кызды алып жаткан эркектин үй-бүлөгө болгон жоопкерчилигин күчөтмөк:
- Аида Салянова сунуштап чыккан мыйзам көп кызга үмүт берди эле. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, мага окшоп эрте курган турмушунан ажырап, эки-үч баласын кучактап, талаада калган келиндердин саны азаймак. Расмий нике күбөлүк эркектердин да жоопкерчилигин күчөтөт болчу. Балдарыбыз да документтүү болуп, жөлөк пул жана башка жеңилдиктерге ээ болуп калмак.
Бегимай мектепти бүтөрү менен 17ге жашы толуп-толбой турмушка чыккан. Ал өзү сыяктуу ала качып барып, күч менен отуруп калган кыздар туруксуз эркектин курмандыгы болуп жатканына да расмий күбөлүк албай эле, молдо кыйган нике менен калып жатышы себеп деп эсептейт:
- Менин жолдошум менден кийин дагы эки ирет үйлөндү. Ар жерде бирден-экиден бала калды. Сотко берейин же алимент кырктырайын десең расмий нике тууралуу күбөлүк сурайт. Мисалы, мени ала качып алганда он жетиге толо элек элем. Расмий никеге турган эмеспиз. Кыргызча эле басты-басты кылып, молдонун кыйган никеси менен жашап жүрүп, эки балалуу болгонбуз. Кийин Орусияга иштейм деп кетип, ал жактан башкага үйлөндү. Айла жок, балдарымды жетелеп, төркүнүмө кеттим. Минтип расмий нике күбөлүгү жок жашоо жалгыз бой энелердин көбөйүшүнө, эркектердин жоопкерсиздигине жана балдардын жетим өсүп, келечегине балта чабылып калышына себеп болуп жатат.
Жогорку Кеңеште депутат Аида Салянова демилгелеп, сунуштаган мыйзам боюнча Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүү киргизилмек. Ага ылайык, жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирүү киргизилген. Ошондой эле нике күбөлүгү жок түгөйгө нике кыйган молдолорду жоопкерчиликке тартуу жагы каралган.
Укуксуз аялдар, балдар...
Парламент кабыл албай койгон мыйзамда жашы жетелектерди турмуш курууга мажбурлаган тараптардын жоопкерчилиги да каралган. Ага ылайык, жашы жетелек эле турмуш курууга мажбурланган адамдын ата-энеси же анын ордундагы мыйзамдуу адамдар, турмушка алып жаткан киши менен кошо мындай никени кыйган молдо да үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылууга тийиш болчу.
Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев расмий күбөлүк албай, молдо кыйган нике менен жашаган үй-бүлөлөрдө укук бузуулар көп катталып жатканын бекемдейт:
- Ажырашуулар болсо, бала төрөлгөн учурда, расмий түрдө нике күбөлүгү жок болсо, аял да, бала да эч кандай укукка ээ болбойт. Аял орток тапкан мүлккө да ээлик кыла албайт. Бала каттоодон өтпөй, Кыргызстандын жаранынын баласы катары эч кандай укуктарга ээ болбойт. Мисалы, бизге кайрылган каттардын арасында да ушул расмий түрдө никеге турбаганы жана мамлекет тарабынан берилүүчү күбөлүктүн жоктугу негизги тоскоол болуп калып жатат.
Кыргызстандын азыркы мыйзамдарында жашы жетелектерди эртелеп турмуш курууга мажбурлоого тыюу салынат. Кылмыш-жаза кодексинде да 17 жашка толо электерди мажбурлап турмуш куруу кылмыш деп саналып, беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Эгер күчтөп же ала качып турмуш курса, он жылга чейин камалат. Ошондуктан жашы жетелектер турмуш курган учурлар негизинен расмий катталбайт. Ушундан улам бул тууралуу расмий маалымат да жок. Бирок акыркы жылдардагы көрсөткүчтөрдөн улам 15 жаштан 17 жашка чейин бала төрөгөн кыздардын саны өсүүдө. Өткөн жылы мындай курактагы миң кыздын жетөө төрөгөн, ал эми 18-19 жаштагы миң кыздын дээрлик 10% эне болгон.
"Кыйылган никенин макамын күчөтүү керек"
Мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө, молдонун нике кыюусуна тыюу салган мыйзам айрым эркектердин жашыруун экинчи же үчүнчү аял алуусуна бөгөт коймок. Анткени, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, расмий түрдө бир нече аялга үйлөнүүгө мүмкүн эмес. Ал эми расмий никеге турмайынча, нике кыюуга болбойт деген мыйзам молдолордун жоопкерчилигин күчөтүп, алар мамлекеттин каттоосу жок нике кыюуга бара албай калышмак. Биздин каарманыбыз Бегимай депутаттар өз кызыкчылыгы үчүн мыйзамга каршы чыкты деп эсептейт:
- Карапайым адамдын көзү менен караганда депутаттар өз кызыкчылыгы үчүн, кийин-соңку учурларда жашыруун түрдө нике жаңырталбай калуу коркунучунан улам эле бул мыйзамга каршы чыгышты. Мен ошентип ойлойм.
Учурда молдо кыйган никенин укуктук күчү жок. Ушундан улам расмий түрдө никеге турбаган үй-бүлөдө туулган балдар да көп жагдайда укуксуз. Аларга толук кандуу түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбейт, жөлөк пул жана башка жеңилдиктерди алууга да укуксуз. Ата-энеси ажырашып кеткен учурда да, балдар эч нерсеге ээ эмес. Балдар эле эмес, жубайлар да, өзгөчө мындай учурларда аялдар күйөөсүнүн үч талагын алган соң, же үй-жайдан жок же башка материалдык байлыктан жок, бир нече баласы менен көчөдө калган учурлар көп кездешет.
Муну белгилеген экс-муфтий Чубак ажы Жалилов жубайлардын бири-бирине милдетин күчөтүү менен, молдо кыйган никенин макамын күчтөндүрүү зарылчылыгы турганын белгилейт:
- Никенин макамын күчөтүүнүн жолдорун биз да сунуштаганбыз. Никени атайын муфтияттан каттоодон өтүп, лицензия алган гана киши кыя алат. Ал никесин кыйган жубайларга атайын никесин ырастаган кагаз берет. Эгер кийин алимент төлөбөй, качып кете турган болсо, сотто ошол молдонун берген нике кагазы да жарай турган болушу керек.
Бул демилге коомчулук тарабынан кандай кабыл алынып, качан ишке ашары азырынча белгисиз.