Бирок Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы алгач нике, анан белгилүү мөөнөттөн кечиктирилбей мамлекеттик каттоого турууну сунуштоодо.
Коомчулукта бул мыйзам долбоору кабыл алынса, кыздардын эрте турмушка чыкканы азаймак деген пикирлер басымдуу.
Жаш кызга нике кыйылбасын
Бишкектик Алтынай мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө, молдонун нике кыюусуна тыюу салган мыйзамды колдогондордун бири. Ал мындан бир нече жыл мурун он алтыга толо элек кезинде эле ала качып, нике кыйып салышканын айтты:
- Мен 9-классты жаңы эле бүтүп, окуу жайына тапшыргам. Жашым он алтыга да толо элек болчу. Окуу башталган күндөрү ала качып кетишти. Өзүмдүн каршы болгонума, апамдын каршылыгына карашкан жок... Башыма жоолук салынып, келин болдум. Кечинде молдо келип, нике кыйды. Ошентип бирөөнүн аялы болуп калдым. Расмий никеге каттоого турган жокпуз, мен бир-эки жолу сөз кылсам, күйөөм паспортун жоготуп жибергенин шылтоо кылып, кийинкиге калган. Анан төрөдүм, нике кагазыбыз жоктугунан балабызга да күбөлүк ала алган жокпуз. Көп өтпөй ажыраштык. Ушу кезге чейин уулума күбөлүк ала элекмин. Атасы тирүү туруп, атасы жок деп алууга дитим барбайт. Же ал бир аталык кылып, баласын өзүнө жаздырууну каалабады.
Социалдык иликтөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда турмушка чыккан кыздардын 15 пайызы 18 жашка чейин турмушка чыккандар. Алардын ичинен көпчүлүгү жаштайынан турмуш түйшүгүнө чыдабай, ажырашып кеткен.
Каарманыбыз Алтынай жакында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө нике кыюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору жашы жетелек кыздарга зордоп нике кыюуну токтотмок деп эсептейт.
Муфтият: Никеден кийин расмий каттоо болсун
Парламент депутаттарынын бул демилгесин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да кубаттоодо. Ошол эле учурда муфтият өзүнүн сунушун берип, жубайларды адегенде никеге тургузуп, он күн ичинде мамлекеттик каттоого турууга милдеттендирүүнү сунуштап жатат. Муфтияттын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замир Ракиев турмуш кургандарга сөзсүз түрдө алгач нике кыйылышы керек деген пикирде:
- Нике кыйылсын, анан 10-20 күн аралыгында расмий каттоого турбаса, административдик жаза колдонуп, чарасын көрсө, дурус болмок. Элге да жагат эле. Анткени шарият боюнча, нике кыйылмайынча аял-эркек чогуу болуусуна тыюу салынат. Ошондуктан, нике 1-орунда турушу керек. Азыр биз нике кыюу боюнча жаңы тартип сунуштап жатабыз: айылдардагы молдолор, имамдар никеси кыйылган жаштарды аты-жөнү, нике кыйылган күнүн кошо жазып, атайын китепчеге катташат, аны бир айдын ичинде мамлекеттик каттоо органдарына маалымдап, өткөрүп беришет. Мамлекеттик каттоо кызматы да кимдер үйлөнгөнүнөн кабардар болушат.
- Балакатка жетти деген - бул этек кири келип калганы менен бүтпөйт. Кыз бала турмуш кура алгыдай акыл-эси да толук жетилиши керек. Анан дагы никени да көрүнгөн молдо кыя бербеши керек.Чубак ажы Жалилов
Буга чейин Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы Кыргызстанда жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорду жактырган. Анда каттоосу тууралуу күбөлүгү жок түгөйлөрдүн никесин кыйган молдолорду беш жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жоболор каралган. Муфтият жашы жетелектерге нике кыюуга каршылыгын билдирип, мындан ары никени атайын укугу бар гана молдолор кыйышарын билдирүүдө.
Шарият: Кыз балакатка жетсе эле турмуш курууга даяр эмес
Депутаттар сунуштап жаткан мыйзам долбоорун диний коомчулук да талаш-тартышып талкуулап жатат. Социалдык тармактардагы талкууларда диний радикал көз караштагы айрым адамдар мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана нике кыйылуусу керек деген мыйзам шариятты бузат, кыз бала балакатка жеткен соң турмушка чыгышы керек деген пикирлерин жазып жатышат.
Экс-муфтий, Чубак ажы Жалилов кыз бала балакатка жетти дегенди аны күйөөгө берсе болот деп алмаштырууга болбостугун баса белгилөөдө:
- Балакатка жетти деген - бул этек кири келип калганы менен бүтпөйт. Кыз бала турмуш кура алгыдай акыл-эси да толук жетилиши керек. Анан дагы никени да көрүнгөн молдо кыя бербейт. Буга муфтияттын өкүлдөрү жол бербейбиз. Расмий молдо же атайын муфтияттан каттоодон өтүп, лицензия алган гана киши нике кыя алат. Алардын бирден журналы болот. Ал журналга никеси кыйылган жаштарды каттап, колун койдурат. Никеси кыйылганын тастыктаган кагаз да берет. Эгер нике кагаз керек эмес дегендер, анда паспортун да керек эмес деп ыргытып жиберишсин. Биз никенин кадырын, баркын көтөрөлү деп атабыз. Эгер кийин алимент төлөбөй, качып кете турган болсо, сотто ошол молдонун берген нике кагазы да жарай турган кылалы деп атабыз.
Парламент депутаттарынын мамлекеттик каттоодон кийин гана нике кыюуга уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү көрүнүшү азаябы? Бул суроого жоопту мезгил берер, бирок биздин каарманыбыз Алтынай ошол 15 жаш секелек кезинде өзүнөн 8-9 жаш улуу жигитке нике кыйган молдону бүгүнкү күнгө чейин айыптайт:
- Кээде ойлоном, ошол молдо калыс болгондо, менин жапжаш экенимди көрүп туруп деле нике кыйбай койсо болмок. Тескерисинче, мага үйлөнүп жаткан кишиге, анын туугандарына түшүндүрүп айтканда, балким тагдырым башкача болмок...
Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында 15-18 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 5-орунда турат.