Арабаев: Жаза аткаруу кызматын ИИМге берүүгө болбойт

Чолпонкул Арабаев

12-октябрдагы чуулгандуу окуялардан кийин Чүйдөгү 50-абактын жетекчисинен башка дагы алты түрмөнүн башчысы кызматтан алынды. Жаза аткаруу кызматы кандай реформаларга муктаж?

Юстиция министринин мурдагы биринчи орун басары, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: 12-октябрдагы түрмөгө байланыштуу окуялардан кийин, же абактагылар ачкачылык жарыялаганда, айтор ушул өңдүү кырдаал түзүлгөндө эле абакта реформа зарыл болгонун айтып чыгабыз. Бирок эмне үчүн ошол реформалар ишке ашпай келатат? “Кожо көрсүнгө” иштер жасалгандай болуп, ошону менен унутулуп кетет.

Чолпонкул Арабаев: Өткөн окуя мамлекетибиз, өкмөт, жалпы эл үчүн өтө өкүнүчтүү болду. Мындан ары ушундай окуяларга жол бербешибиз керек. Буга чейин иштеген өкмөттөрдө бирөө да бул маселеге көңүл бурган жок.

Ар бир мамлекеттин өз белгиси болот: аймагы, калкы, чек арасы ж.б. Мамлекеттин дагы бир белгиси – Жаза аткаруу кызматы. Ошондуктан мамлекет да бул маселеге катуу көңүл бурушу керек эле. Реформаны аягына чейин чыгарганда болмок.

“Азаттык”: Реформа жасоого эмнелер тоскоол болуп жатат?

Чолпонкул Арабаев: Мамлекеттик башкаруучулардын, өкмөттүн колу, эрки жетпей жатат. Экинчиден, акча жетишсиз, кадрлар тез-тез алмашып, реформа аягына чыкпай калбадыбы.

“Азаттык”: Түрмөлөрдө кандай реформа талап кылынат? Конкреттүү эмнеден башташ керек?

Чолпонкул Арабаев: Биринчиден, гуманизация зарыл. Бул үчүн Жаза аткаруу кызматына байланышкан мыйзамдарды түп-тамырынан бери алмаштыруу керек.

Экинчиден, бул кызматта психолог, педагог, тарбиячы болуш керек. Учурда Советтер Союзунан калган тартип өкүм сүрүп келатат. Муну да жаңылоо керек. Бул реформаны 1998-99-жылдары биз баштаганбыз. Союз мезгилиндеги Чурбанов деген генерал бекиткен жоболор, көрсөтмөлөр ушул кезге чейин сакталып калган.

“Азаттык”: Түрмөдө кызматкерлердин кесиптик даярдыгы да чоң суроолорду жаратууда. Өнүккөн өлкөлөрдө түрмөгө кызматкерлерди атайын даярдашат эмеспи. Алар кылмышкерлердин кулк-мүнөзүн билип, физикалык даярдыктан да өтүшөт. Ал эми бизде бул жаатта бир топ көйгөйлөр жатат. Балким түрмөдө иштей турган атайын кадрларды даярдоо учур талабы болуп жаткандыр?

Чолпонкул Арабаев: Туура, кадр маселеси катуу чечилиш керек. Кадр даярдоо, аны тандоо, конкурс менен алуу керек. Даярдык да абдан жакшы болуш керек. Психологиялык да, дене бой тарбиясы да талапка жооп бериш керек. Жөн эле каалаган аскер кызматкери түрмөдө иштей албайт. Абдан күчтүү болуш керек.

Эң башкы көйгөйлүү маселе – башкарууну да өзгөртүшүбүз керек. Бир кезде Жаза аткаруу кызматын ИИМдин курамынан чыгарып, Юстиция министрлигине берген. Бул эң туура чечим болгон. Бул – дүйнөлүк практика. Себеби башкарууну жүргүзүп жаткан адам өкмөттүн мүчөсү болуш керек. Өкмөттүн мүчөсү болмоюн бул иш алдыга жылбайт, реформа өтпөйт.

Андан сырткары эгерде Юстиция министрлигинде болсо, укуктук-ченемдик актылардын бардыгына, мыйзамдарды өзгөртүүгө Юстиция министрлиги чоң жардам кылат. Андан сырткары ИИМ эл аралык, гуманитардык уюмдар менен да жакшы иштесе болот. Мисалы, “Кызыл чырым”, “Чек арасыз дарыгерлер” уюмдары чоң жардам бермек. Эгерде Жаза аткаруу кызматы Юстиция министрлигинин курамында болсо, анда ошол уюмдар сөзсүз кызматташат.

Бүгүнкү күндө айрымдар Жаза аткаруу кызматын ИИМдин курамына кошуш керек деп жатат. Анда биз артка кадам жасаган болобуз. Реформа эч качан жылбайт. Себеби ИИМ тергөө жүргүзөт, кылмыштарды иликтейт, ички тартипти сактайт. Анын иши өтө көп. Ошондуктан жаза аткаруу кызматын Юстиция министрлигине кайтарыш керек.