Кыргыз түрмөлөрүндө экстремизм, терроризмге үндөө, тарбиялоо таасири күчөп жатканы чынбы? Жаза аткаруу жайлары эски жазалоо жолунан гумандуу, реформалык кадамдарга эмне үчүн бара албай жатат? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул суроолорго жооп издеди.
Талкууга Жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Совет Арбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бактыбек Осмонов, саясий илимдеринин кандидаты Уран Ботобеков катышты.
Совет Арбаев: Союз тарагандан бери бул меселеге көңүл бурулбай калган. Акыры ушундай жагдайга келип калды. Жаза аткаруу кызматы ар тараптуу реформага муктаж. Кадр маселеси, финансы, техникалык көп көйгөйлөр бар, эң начар абалда. Жаза аткаруу кызматы өз миссиясын чынында аткара албай жатат.
15 миңден ашык адам абактарда отурат, алардын 25 пайызы гана жумуш менен камсыз болгон, калганы жайылып эле жүрөт, эч нерсе кылышпайт, бош. Жок дегенде камера болгондо бир нерселерди жасаса болот эле.
Уран Ботобеков: Биз дайыма бир нерсе болгондо гана чуркап калабыз. Биздин коомдо кылмышкерди камап койсок эле бүттү, сыртка таасири болбойт деген түшүнүк дагы эле бар. Бизде алдын алуу, тарбиялоо жолу менен эмес, репрессиялык ыкмалар колдонулуп жатат.
Бактыбек Осмонов: Бул окуя жалгыз эле 50-абактын суроосу эмес, жалпы коомдун көйгөйү. Азыр Кыргызстандын 8 абак жайында мечиттер бар. Ошол мечиттердин баары мыйзамсыз, каттоодон өткөн эмес, биздин абактарга киргенге укугубуз жок.
Совет Арбаев: Оперативдүү кызматкерлер сырттан көзөмөл кылганы менен ичте эмне болуп жатканын билбейбиз. Бизде тарбия маселеси аткарчу кызматтар жок. Аларды тарбияламак турсун мындай кооптуу уюмдарга биздин кызматкерлердин да кирип кетүү коркунучу бар.
Уран Ботобеков: Биз бул маселенин төркүнүн сырткы факторлордон издеп жатабыз. Менимче мунун негизги себеби ички факторлор болууда. Коомдо адам адилеттик тапбаса, жакырчылык батып турса, укук коргоо уюмдардын, жергиликтүү бийликтин акыйкатсыздыгы болуп жатканда көп адамдар чындыкты башка жактан издеп, айласы түгөнгөндө радикал күчтөрдүн уюмдарына кирип кетүүдө.